Үмүтай Абдышева, ырчы: “БИЗДИН СҮЙҮҮБҮЗ ИЧИБИЗДЕ ЖАШАЙТ”

Эне дегенде эле бала чагың көз алдыңа тартылат. Ырчы Үмүтай Абдышева бул жолу бизге апасы жана таенеси тууралуу баяндап берди. Анын ырчылыкка болгон талантын таптаган өзүнүн апасы болсо, гендеги талант таенесинен өтүптүр.

“ТАЕНЕМ ЖОК, ТҮШҮМДҮ ЖОРУП БЕРГЕН АДАМ ЖОК”

– Апам студент кезинде атам ала качып кетип, мен төрөлүптүрмүн. Өмүрүмдүн башаты окуу жайдын жатаканасында башталыптыр, апам музыкалык окуу жайда окучу. Апам 11 бир тууган, ал окууга кеткенде мени таежем багыптыр. 3 айлыгымда таята-таенем айылга алып кетип, 6-классыма чейин алардын колунда тарбияландым. Балалыгым айылда өттү. Таята, таенемди ата, апа дечүмүн. Таенемдин аты Жымый, атына жараша күлүп, жаркылдап жүрчү. Жамактап сүйлөп, жакшы ырдачу, мага талант таенемден берилсе керек деп ойлойм. Аябай колу уз эле, шырдак, кийиз менен көп алек болчу. Эски кишилердин мүнөзү катаал эмес беле, мени катуу кармады. Ойногонго такыр жиберчү эмес. Айлам кеткенде оймок, теменелерин катып койчумун. “Ийнем жоголду” деп эле кайсактап калат, “таап берсем ойноп келгенге жөнөтөсүзбү?” деп жашырган жеримден алып берип, ойноп кетчүмүн. Түш көп көрөм, түшүмдү таенеме айтсам “ии, балам, жакшы болот экен” деп койчу. Азыр түшүмдү жоруй турган киши жок.

“АПАМДЫН КОЛУНА 12 ЖАШЫМДА КЕЛДИМ”

– 12 жашымда апамдын колуна келдим. Балыкчыга апамдыкына каникулга кетип, кайра айылга кетеримде апам отургузуп алып катуу сүйлөштү. “Сен бул жакта окуйсуңбу, же айылга барасыңбы?” деди. Аябай ойлондум. Келечегимди ойлодум, "айылда жүрсөм келечегимди түзө аламбы, кандай болот?” дедим. Таята-таенемди кыйбай жатсам да Балыкчы шаарына келдим. Апам мектепте завуч эле, аны уят кылбайын деп тырышып окудум. Жаш болсом да туура чечим кылган экем, өспүрүм кезимден баштап апам мени комузга жөнөтүп, 14 жашымда чоң сахнага чыктым. Роза Аманова өткөргөн “Чабыт” деген фестивалда Гран-прини утуп алгам. “Өзүнүн аты Үмүтай, ырдаган ыры “Күңөтай” деп жарыя кылышкан эле. Өзүмдүн атым Үмүт, элге ошол сынактан кийин Үмүтай деп таанылдым.

Төрт бир тууганбыз, апам бизди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жалгыз чоңойтту. Күчтүү инсан. Таенемдин тарбиясы болсо керек, апам катуу мүнөз. Мага көп ачылбайт, эркелетпейт, өтө жакын эмеспиз. Сынды катыра айтат. “Эмнеге такыр мени мактабайт, мотивация бербейт?” деп мурун капа болуп калчумун. Апам мага болгон сүйүүсүн ичинде сактаарын кийин түшүндүм. Мен да жарытып мээрим бере албайм. Апам ооруп калса дарыларын алып беришим мүмкүн, эзилип акыбалын сурай албайм. Сурагым келет, бирок ортобузда бир дубал бар сыяктуу. Апамдан же таенемден мээрим көргөн жокмун деген маани эмес бул, болгону эзилип эркелетишкен жок. Анткени экөө тең эмоцияларын сыртка чыгара алышпайт. Кызыгы, ал мүнөз мага да өткөн, мен дагы уулумду эзилип түшүп эркелете албайм.

Келечегиме, талантыма жол салган апам болду. Кичине кезимде комузга алып барып, кийин сынактарга жиберип, көйнөктөрүмдү тиктирип, кээде өзү тигип чуркап жүрдү. Болгону сүйүүбүз ичибизде жашайт. “Апа, жаным, мен сизди жакшы көрөм” деп өөп-жыттагым келет, бирок эрким жетпейт. Кымбат баалуу белектер менен мээримимди билгизейин дейм, бирок анымды да кээде жактырса, кээде жактырбайт. Аздектеп, тандап жүрүп алып берген белектерди бирөөлөргө берип салса таарынып калам. Көр тирилик деп жүрүп апам көп ооруп калды (ыйлагысы келип). Аябай жашыкмын, көп ыйлайм. Жашык экенимди апам билбейт. Анткени жүрөгү ооруп калбасын деп бир да жолу ыйлаганымды көрсөткөн эмесмин. “Күлүп жүрсөм күйүтү жок дебегин, күлүп жүрүп күйүтүмдү жеңемин” деген ыр саптарын жаттап алгам. Ушул саптар мага тиешелүүдөй сезилет.

“ТАЯТАМ 83 ЖАШЫНДА ИЛИМДИН КАНДИДАТЫ БОЛДУ”

– Апам голубцы, лагман, мантыны жакшы жасайт. Таенем чарбакта толтура нерселерди өстүрчү, андан түрдүү тамактарды жасачу. Таятам жокто таенем экөөбүз сарымсактын өзөгүн кууруп жегенди жакшы көрөр элек. Мен эмгекке бышып, айылда чоңойгонума сыймыктанам. Анткени тиричиликке бышкан адам стресске да туруктуу болот экен. Таенем менен апамдын окшош жагы – гүлдү аябай жакшы өстүрүшөт. “Ий, сен гүл ачайын деп калган турбайсыңбы?” деп апамдын кадимкидей гүлдөрү менен сүйлөшүп калганын көрүп таенеме окшоштуруп кетем. Апам экөөбүз да окшошпуз, үнүбүз, интонациябыз, ачууланганыбыз, басканыбыздан бери окшош.

Апамдын каалоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде синхрондук котормочу адистигин окуп бүтүрдүм. Кийин Улуттук консерваторияда оркестрдин дирижёрлук бөлүмүн бүтүрдүм. Көп жыл окудум, билгендер “сенин окууң бүтөбү?” деп тамашалап калышат. Буга таятамдын салымы бар. Таенем каза болгондон кийин таятам 83 жашында филология илиминин кандидаты болду. Илимге аябай ынтызар киши эле, мектепте мугалим болуп, айылда жашап 11 баланы чоңойтуп жүрүп илимдин аркасынан түшө албаптыр. Арманын ичинде калтырбай, максатына жетти. Китептерин башка түгүл, мага да “бул күнү алып кеттиң, бул күнү алып келесиң” деп китепканадагыдай журналына жазып туруп берчү.

Таенемди аябай кызганчу эле, көрсө, чоң сүйүү болгон экен ортолорунда. Таенем узакка созулган оорудан улам 71 жашында кайтыш болду. Таятам ага арнап дастан жазыптыр, “салттуу ырлардын ыргагы менен ырдап чыкчы” деди мага. Таятамдын өмүрүндөгү биринчи тапшырмасы болду. Сөздөрү сонун, бирин да чийип сала албайсың. Ыйлагым келип толкунданып жатып ырды жаздырдым. Кийин үндү жасаткан жокмун, калтырак баскан үн менен ырдадым, ошол боюнча жазылды.

Мен ушул үч адамдын тарбиясынан чыккан кызмын. Мага бергендери үчүн да, бере албай калгандары үчүн да ушул үч адамга таазим кылам. Ыраазычылык билдирем. Аябай жакшы көрөм.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Үмүтай Абдышова: "Мээримди баламдан алам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Margana93
2021-08-23 11:39:17
Сизди сыйлайбыз жакшы ырдайсыз
+1
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан