“Кызыңызды бериңизчи, апа, апа” деген ыры менен жеткинчектердин жүрөгүнөн орун алган ырчы жигит Мурадил Данияров бизде конокто. Ал бул ирет биздин эмес, балдардын суроолоруна жооп берди.
ЭРЖАН СЕЙИТБЕКОВ, 7 ЖАШТА:
– Салам, алейкум, Мурадил байке. Ырчы болбой калганда ким болмоксуз?
– Алейкум салам! Ырчы болбосом эл катары мигрант болуп жүрсөм керек.
– Президент болгуңуз келеби?
– Болгум келет. Президент деген кандай иштеш керек экенин көрсөткүм келет.АЯНА МИРБЕКОВА, 14 ЖАШТА:
– Эмнеге ырчылык кесипти тандадыңыз эле?
– Ырчылык мага жагат. Кичинекейимден эле ырдачумун, мектепте оюн-зоокторго активдүү катышчумун. Сыналгыдан ырчыларды көргөндө “мен дагы ушинтип ырдап чыксам” деп кыялданчумун. Башкалар “бул-тигил ишти жаса” деп сөзсүз айтат. Бирок жүрөгүң ал нерсени каалабайт. Ошондуктан өзүңө жаккан жумушту кылсаң сөзсүз түрдө ийгилик жаралат.ЭМИР ТОКТОБЕКОВ, 10 ЖАШТА:
– Бир күндө канча акча табасыз?
– Ар кандай. 20 миң, 10 миң табам, кээде таппай деле калам. Чыгашаларым аябай көп, ыр жаздырып, клип тарттырыш керек. Канча киреше тапсаң, чыгашаң да ошончо өсөт.КУТМАН ДОКТУРБЕКОВ, 14 ЖАШТА:
– Кой сойгонду, чөп чапканды билесизби? Чогуу чөп чабалыбы?
– Билем. Себеби мен айылда чоңойгом. Мал жайып жүрүп чөп оруп, атка артып келип, кечинде малга берип, ошентип жүрүп эле чоңойгом. Сен чогуу чөп чабалы десең, макул чабалы.ЯНА РЫСКЕЛДИЕВА, 10 ЖАШТА:
– Жыргап жүрө бересиңер, ээ? Ырдагандан башка да жумуш кыласызбы?
– Жыргап эле жүрө бересиңер дейт го (күлүп). Негизи эч кимдин жумушу оңой эмес. Бардык жумуштун кыйынчылыгы бар. Мен кээде элдин сынына кабылбай, айылда мал карап, тынч эле жашасамбы деп ойлонуп кетем.РАМИЗ ТАГАЙБЕКОВ, 9 ЖАШТА:
– Кичинекей кезиңизде бейбаш белеңиз?
– Кичинекей кезимде бейбаштык кылган, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкан, бир убакта окууга абдан берилген учурлар болгон. Мектепте ызы-чуу жараткыч мен болчумун. Мугалимдер, классташтарымдын ата-энеси дагы “Мурадилге кошулбагыла” дечү. Апам “бүгүнчө жөн жүрө турчу” деп урушар эле.УМАР РЫСКУЛБЕКОВ, 11 ЖАШТА:
– Биринчи жолу эмне иш кылып акча таптыңыз эле?
– Эң алгач айылда бирөөнүн чарбагындагы мөмө-жемиштерди тазалап берип 180-190 сом тапкам.
– Мектепте сүйгөнүңүз бар беле?
– Мектепке шаардан кайсы кыз келсе сүйүп кала берчүмүн.ЯСИНА КУРМАНБЕКОВА, 8 ЖАШТА:
– Сизди жакындан көргүм келет. Мени концертиңизге чакырасызбы?
– Менин концертим болсо сөзсүз түрдө баарыңарды чакырам. Көптөн бери концерт бере элекпиз. Жакшы концерт берели деп даярданып жатабыз. Быйыл, Кудай буюрса, Элдос Алмаз деген досум экөөбүз чогуу концерт беребиз. Ошого сөзсүз чакырам.РАМИС АБДЫРАХМАНОВ, 11 ЖАШТА:
– Ырчы болгум келет, жардам бересизби? Эмне кылышым керек?
– Сөзсүз жардам берем. Ырчы болуш үчүн окуу шарт. Кичинесинен аракет болуш керек. Адамдын өзүнүн дээринде ырдайм деген сезим болот. Аккордеон, комуз, колдон келсе музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүү абзел.НУРМУХАММЕД АСАНОВ, 9 ЖАШТА:
– Окуп жүргөндө “2”алдыңыз беле?
– “2” алып калдым деп ыйлаган күндөрүм деле болгон. “2” алып үйгө келсең “жакшы окубайсыңбы” деп апаң урушат. Үйдөгүлөр 1-класстан 6-класска чейин көзөмөлдөп аябай окутушту. Математикадан жадыбалды жакшы билчү элем. Үйдөн жакшы окубай калганда тапшырманы айтып жаткан классташтарымды угуп туруп, алар бүткөндөн кийин кайталап айтып берип койчумун.САФИНА ТОКТОБОЛОТОВА, 12 ЖАШТА:
– Кайсы жаныбар жагат?
– Мага ит жагат. Кичинекейимде жакшы породадагы
иттерди алып келип бакчумун.ЖЫЛДЫЗ ЖАНЫШБЕКОВА, 12 ЖАШТА:
– Бала кезде ким болом дечү элеңиз?
– 6-7-классымда атам “чоңойгондо ким болосуң?” десе, “милиция болом” дечүмүн. Себеби алар жолдо атамды тосо беришчү. Кийин юридикалык факультетте окудум. Бирок ал жак мага жакпагандыктан ырчылык кесипти аркалап калдым. АСЕМА ЖЕКШЕНБАЕВА, 8 ЖАШТА:
– Телефонуңуз Айфон 12би?
– Телефонум айфон 11. Айфон 12 ала элекмин. Чыкса, айфон 13 алам.
Динара Акимова