Тарыхка таянсак, Кыргыз жеринде мунай өндүрүү 1901-жылы Майлы-Сай аймагынан мунай запасы табылганда башталган. Мунай өндүрүүдөгү негизги кадрлардын бири – бургулоочулар. Оор шартта иштешет. Тыным да алышпайт, анткени иштин жоопкерчилиги күчтүү. Бул жолу жер астынан бир нече чакырым тереңдиктен мунай бургулап чыгарган адис ишинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берет.
БУРГУЛООЧУ:
Аты-жөнү – Эмирбек Таштаналиев, 37 жашта
Иш стажы – 16 жыл
Туулган жери – Ноокен району, Кочкор-Ата шаары
Учурда – “Кыргызнефтегаз” ААКсына караштуу Кыргыз бургулоо башкармалыгынын бургулоочусу.
Бургулоочу кесибин “келечектүү кесип” деп тандаган
“АЛГАЧКЫ ИШ ГЕОЛОГДОРГО ТИЕШЕЛҮҮ”
– Алгач геологдор кайсы жерде мунай бар экендигин чалгындап, аныкташат. Анан скважина орнотулчу жерди белгилеп беришет. Мунара (вышка) орнотуучулар мунараны 15 күндө курушат. Мунай тоолуу жерлерден чыккандыктан скважина да ошондой жерлерге орнотулат. Анан биз, бургулоочулар, барып жерди бургулап баштайбыз. Биздин иш – тереңдеги мунайды чыгарып берүү. Ишибиз мунара менен 100 пайыз байланышта.
“МУНАЙ 2 МИҢ МЕТРДЕЙ ТЕРЕҢДИКТЕН ЧЫГАТ”
Ишке эртең менен саат 7де топтолобуз. Чогулуш болуп, ошол күнкү аткарыла турган иштер талкууланат. Анан медайымдын текшерүүсүнөн өтөбүз. 7:30да вахтадагылар скважина иштери жүрүп жаткан жерлерге жөнөйбүз. Вахтада 1 слесарь, 1 дизелист, 1 электрик, бир бургулоочу жана анын 3 жардамчысы болот. Слесарь тетик, систем бузулса оңдойт, станокторду майлайт. Эгер олуттуу бузулуу болсо аны оңдоого жардамчы топ Кочкор-Атадан барат. Станоктор дизелдик май менен иштейт, аны дизелист иштетет.
Скважина жайгашкан жер алыс болсо, унаалар жеткирет. Башка райондо иштөөгө туура келсе, анда ошол жакта вагонеткаларда жатып иштейбиз.
Саат 8де ишке толук киришебиз. 12 саат иштеп, кечки саат 7де ишти түнкү мөөнөттөгүлөргө өткөрүп беребиз.
Мунай Кыргызстанда орточо эсеп менен 1950-1980 метр тереңдиктен чыгат. Бирок кээде андан да тереңден бургулап чыгарууга туура келет. Бир ирет 3400 метр тереңдиктен чыгарганбыз.
Мунара орнотулгандан кийин жерди 300 метр терең бургулап казабыз. Анан ал жерге түтүктүн учуна тешкичти (долот) орнотуп түшүрөбүз. Тешкич менен жерди бургулоону улантабыз.
Бургулоочу жердин породасы чополуу же таштактуу болушу мүмкүн. Чополуу порода болсо нык келет, андыктан 12 саатта 20 метрдей, таштуу жер болсо 12 саатта 60-70 метр бургулап коёбуз. Тереңдеги мунайды бургулап чыгаруу үчүн түтүктөрдү бири-бирине улаш керек болот. Бир түтүктүн узундугу 9,5 метр, салмагы 240 килограмм. Аларды бири-бири менен универсалдуу машина ачкычы (УМК) менен бекитип карматабыз. Ачкычтын чоңдугу түтүктүн диаметрине туура келет жана оор, экөөлөп ары-бери жылдырып бурап, бекитебиз.
Башка керектүү темир шаймандар, керектүү ташылуучу материалдар да оор. Мисалы, чоң барсканды колдонуп бир жерлерди түздөп, чапкылоого, ошондой эле 25 килограммдык мүшөктөгү атайын аралашманы ташууга туура келет.
Түтүктөрдү скважинага салып жатканда сынып да калат, анда чыгарып башкасын салганга туура келет, убарасы көп, айтор.
Иште 80 куб бургулоого керектүү атайын аралашма жасайбыз. Ага суу жана химиялык реагенттер кошулат. Аны жасоодо абайлабасак колго, бетке тийсе күйгүзүп жиберет. Аралашманы насос басымдын күчү менен түтүктөр аркылуу чуңкурга киргизет жана кайра соруп чыгарат. Аралашма бургулана турган жердеги катмарды бошотуп, топурак таштарды өзү менен кошо сыртка алып чыгат. Башкача айтканда, түтүктүн андан ары жерге киришине жол ачып берет. Чуңкурдан чыгарылган ылай, таштар куюлуп турушу үчүн скважинага жакын жерден дагы бир чуңкур казылат. Ылай, таштар фиброэлек шайманы менен ошол чуңкурга барып түшөт. Скважинаны бургулап мунай чыгарып бергенден кийин биз ал чуңкурду рекультивация жасайбыз. Анын бетин жерди казганда чыгарылган топурак менен жаап, үстүнө геологдор даярдап берген өсүмдүк уруктарын сээп коёбуз.
“ИШ ТОКТОСО ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТҮТҮКТӨР КЫСЫЛЫП КАЛАТ”
– Мөндүр, кар жааса да иш 1 мүнөт токтобойт. Иш токтосо жер астындагы түтүктөр кысылып калат. Скважинанын түбүнөн өйдө көтөрүлүп жаткан таш, ылай топурак кайра ылдый кулайт, түтүктөрдү кысат. Аны кайра чыгаруу үчүн 10 куб мунай куюуга туура келет. Мунай чуңкурдун капталдарын 7-8 саатта жумшартат. Кысылган түтүктөр бошойт. Анан токтогон жерден кайра улап бургулоого туура келет.
Жерди 1980 метрге чейин бургулаган соң токтойбуз, чуңкурга атайын ылайыкталган башка түтүк салабыз. Геофизика адистери келип биз салган акыркы түтүктү жардырып, капталдарын тешик кылып берет (чыпкага окшотуп). Бул мунайды сордуруп алуу үчүн керек.
Анан скважинанын ичин суу менен тазалайбыз. Мунай өзү эле атылып чыгат. Мунай чыкканда эркек балалуу болгондой эле сүйүнөбүз. Анткени ал биздин жеңишибиз, максатыбызга жеткенибиз. Ушул иштерден кийин мунай-газ өндүрүү башкармалыгынын адистери келип, мунайды өндүрүп баштайт. 2021-жылы "Кыргызнефтегаз" бургулоочулары жалпы 38 440 метр жерди бургулашыбыз керек, учурда 24-скважинада иштеп жатабыз. Биздин иш канча метр жерди бургулаганыбыз менен ченелет жана ошого жараша план берилет.
“40 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛАБЫЗ”
– 4 күн күндүзгү, 4 күн түнкү мөөнөттө иштейбиз. Дайыма ачык асман алдында иштегендиктен катуу бороондо, көз ачырбай жааган жаанда да калабыз. Майрам, туулган күндөрдө да иштөөгө туура келет. Бекер тамак-аш менен камсыз кылышат. Айлыкка келсек, бургулоочунун жардамчысы 25-30 миң сом, бургулоочу 35-40 миң сом айлык алат. 13-айлык да берилет. Майрамда иштеген күндөргө 2 эсе көп төлөнөт. Квартал сайын 4000 сомдон кошумча акы бергени да кубантат.
Жумуштун терс жактары адистигибизге жараша ар кандай оорулар менен ооруп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, артрит, омуртканын грыжасы, гайморит, куяң жана башка. Оорусак санаторийге дарыланууга жолдомо беришет.
Канымжан Усупбекова