Калыкул Тавакалов: “МАЙЫП КЫЗЫМ ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛДУ. БИРОК ЭМГЕГИ БААЛАНГАН ЖОК”

Коомчулукта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жараткан ийгилиги көбүнчө көмүскөдө калып калат. 2-топтогу майып Калыкул кызы Гүлзада 2019-жылы мартта Абу-Даби (БАЭ) шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөн Бүткүл дүйнөлүк атайын Олимпиада оюндарында чуркоо жарышы боюнча алтын медаль утуп келген. Олимпиадага 190дон ашуун мамлекеттен 7 миңден ашуун спортчу катышкан. Кызынын жараткан ийгилиги бааланбай, көлөкөдө калганына капа болгон Гүлзаданын атасы Калыкул Тавакалов жашоо турмушун да баяндады.

“АЯЛЫМ, 2 КЫЗЫМ ТЕҢ МАЙЫП”

– Биз Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Шайдан-Сай айылынан болобуз. Айыл өкмөттөн жер тилкесин алдык эле. Ошол жерге чакан үй салып, жакында эле кирдик. Биздин үйдө 3 майып бар. Аялым 1-топтогу майып, 16 жылдан бери ооруп төшөктө. Инсульт алгандан кийин эле оңоло албай койду. Баспайт, сүйлөбөйт, тамак-ашты кашыктап беребиз. Кыздарым кичине кезинде түйшүк тартып аябай кыйналдым. Үч кызымдын экөөсү 2-топтогу майып, экөө тең кекечтенип жакшы сүйлөй алышпайт. Улуу кызым 24 жашта, анын акыл-эси жайында, сүйлөгөнү да ордунда. Учурда Орусияда эмгектенет. Дары-дармек, тамак-ашыбызга деп ошол кызым акча салып турат. Ортончу кызым 22, кичүү кызым 17 жашта.

Аялым инсульт алып төшөктө жатып калган кезде кыздарым кичине эле. Айла жок аялымды, кыздарды да багып-кароого туура келди. Нан жаап, кир жууп, үй оокаттарына аябай быштым. Сыртка чыксам эркектин, үйгө кирсем аялдын милдетин аркаладым. Кээде үчөө катар ооруп калган учурлар болду. Анда кошуналарга “ооруканага жеткирип кой, майыңды куюп берейин” деп жалдырачумун. Жакындарымдын көбү “кыйналбай башкага үйлөн” деп айтышты, өзүм болбой койдум. Аялым көзүн жылтыратып жатса кантип башкага үйлөнөм? Андай нерсеге эрким жетпейт экен. Жакында ортончу кызыма электр мешинде нан бышырганды үйрөтүп койдум. Анын нан бышырып калганы деле мага жеңилдик болду.

Аялыма майыптыгы үчүн 6850 сом пенсия чектелген, ал эми эки кызыма майыптыгы үчүн деп жалпы 7300 сом чыгат. Көп жылдан бери ошол пенсиянын акчасына күн кечирип келебиз. Өзүм жакында эле бизге жакын жайгашкан заводго кароолчу болуп жумушка орноштум. Айлыгы 3 миң сом. Аз болсо да тыгынчык болсун иштейин дедим.

Негизи менин да ден соолугум начар. 1984-жылы тракторист болуп иштеп жүргөнүмдө кырсыктап, бутумду сындырып алган элем. Азыр ошол бутум бүгүлбөйт, сунуп гана отура алам.

“КИЧҮҮ КЫЗЫМ ГҮЛЗАДА МАЙЫПТАР АРАСЫНДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ”

Кичүү кызым менен ортончу кызым Ноокен районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-интернатында 9-класска чейин окуду. Кыздарымдын акыл эсинин жана дене мүчөсүнүн өнүгүүсү артта калган.

Кичүү кызым Гүлзаданын жакшы чуркаарын ошол жактан агайы Заир Сатаров байкап калган. Алгач кичинеден чуркатып көрүп, кийинчерээк тынбай машыгууларга алып барып калды. Мага “кызыңыз жакшы чуркайт, аны чет өлкөгө мелдешке алып чыгам” деп айткан, бирок аны көңүл сыртында калтырып койгон элем. Көп өтпөй эле агайы “Гүлзада Дубайга мелдешке барат” деп калды. 2019-жылдын март айында Дубайга кетишти, кызым 190 өлкөнүн жөө күлүктөрүнүн арасынан биринчи болуп чуркап келиптир. Агайы кабарлаганда сүйүнүп ыйлап жибердим. Алар Дубайдан кайтканда Бишкекке барып, жээним экөөбүз аэропортто күтүп турдук. Гүл алалы десек кымбат, жээним 800 сомго бир гүлдесте сатып келиптир, аны Гүлзаданын агайына бердик. 190 өлкөнүн ичинен алтын медаль утуп келген кызымды тосуп алууга мамлекет өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Келгенден кийин деле көңүл бурушпады. Кызымдын эмгеги баркталбай калганы мени капалантат. Менин кызым деле шаан-шөкөт менен тосуп алууга татыктуу болчу.

Кызым Дубайдан өзүн кыйнап чуркап койгон окшойт, ооруп, көгөрүп келди. Шишиги тарабай койгонунан Жалал-Абадга ооруканага алып бардым. Ошол кезде коронавирус күчөп тургандыктан ооруканаларда бош орун жок болуп чыкты. Эч бири албайт. Акыры бир таанышымды салып шаардык ооруканага жаткырдык. Кызым көптө барып калыбына келди. Азыр деле кичине катуу чуркап койсо көгөрүп калат. Спортко берилип калгандыктан азыр да чуркайм дей берет, мен “жакшылап дарыланып, анан машыгууңду башта, азыр коё тур” деп жатам.

“МЕЛДЕШТЕРГЕ КАТЫШЫП АТАМА МАШИНА АЛЫП БЕРЕМ”

Гүлзаданын өзү менен маектешкенибизде төмөнкүлөрдү баяндады:

– Мүмкүнчүлүк болсо атам мага чуркап машыгуучу жабдык (беговая дорожка) алып бермек. Бирок ага азыр шарт жок. Мен дагы чемпион болуп, атама машина алып бергим келет. Анткени биз көп ооруйбуз, атам “Тез жардамды” көп чакырат, алар болсо келбей күттүрөт. Ошондуктан машина аябай керек.

Дубайга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Олимпиадага барганда түрдүү улуттагы адамдарды көрдүм. Тамак-ашы, эли жакшы экен. Жер көрүп, эл көргөн жакшы турбайбы. Ал жакта жүрсөң Кыргызстанга келгиң келбей калат. Мурунку өткөн Олимпиадада чуркоо жарышында кытайлык кыз чемпион болгон экен, мен биринчи келгенде ал кыз жер тепкилеп аябай ыйлады.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар жана мырзалар. Бүгүн биз каарманыбыз Гүлзаданын мисалында ийгилик жаратуу үчүн эч бир адамда тоскоолдук жана чек жок экенин айткыбыз келди. Кыялдарды ишке ашырууда тартынбаңыздар, мыкты аракет гана сиздерди чоң жеңиштерге жетелейт!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
PrinsessaNuri
2021-08-23 21:35:10
Molodes. aeroportton ech kim tosup albagany ayabay okunuchtuu. Atasy ekoo soksoyup turganyn kara. Korup yilagym keldi. Kech bolso da mamleket bir mawina belek kilip koyso bolot eken.
+6
ibro80
2021-08-24 10:00:41
Мамлекет кеч болсо да карап коюшса экен .Алтынга Зар болдук го кечээги олимпиадда мына Алтын бар экен го.
+4
KUMKA
2021-08-25 13:24:02
Мамлекеттен көп үмүттөнүүнүн керекги жокго.. Ишкерлер көңіл бурса жакшы болмок..Адамдын көңүлүн алудан өткөн сооп иш жок.
+2
Elnura_2322
2021-08-25 17:23:49
Азаматсыз!!! Аллахым ырыскысын аябасын сиздерден. Мамлекет жардам берсе жакшы болмок
+2
NURSAPAR
2021-08-28 20:25:49
Аллах өзү колдосун!!! Чиновниктерге жетип калса эчтен көрө кеч жакшы деп, жок дегенде бир квартира берээр. Келгиле Ушундай жакшы адамдарды колдоп коёлу??
0
Guliza85
2021-08-29 18:20:52
Эч ким майып деп карабай койгон эмес,тиешелуу жергиликтуу бийлик окмотко маалымат жонотпосо,ким кайда,эмне кылып атканын козомолдоо кыйын болсо керек.Жаман корбогуло,бирок таза эле догурунуп алдынар го,кайсы интернет булагын ачсан эле майып болгон учун конул бурулбай атат деп озунорду томон тушуруп байкуш болуп буттунор.
0
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан