КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бир аздан соң колуна бир таңгак акча көтөрүп Тахир унаага түштү. Телефон баскылап отурган Байэлди бир карап алды да, баягы акчадан бир нечесин сууруп алып бардачокко салып, бекитип койду. Байэл отурган калыбынан жазбаганы менен, Тахирдин кыймыл-аракетине көз кыйыгын салып турду. “Демек, сен деле сүттөн ак эмес экенсиң да. Шефтерге сен таза кызмат кылбагандан кийин мен деле...” деп ойлонуп отурган Байэлдин оюн Тахир бузуп жиберди.

– Ме, муну ал.

– Эмнеге?- Тахирдин колундагы 200 долларды көрүп Байэл таң калып калды. Мурда канча жолу мындай коробкаларды жеткирип барышкан, бир дагы жол колуна акча тийген эмес.

– Сенин доляң, тим эле чочуйсуң го. Мындай акчаны биринчи көрүп жаткансып, чогултуп жаткан акчаңа кошуп кой.

Тахир түн бир оокум болгонуна карабай Капардын хан сарайына барды. Түз эле үйдүн жер төлөсүнө түштү. 6-7 киши бильярд ойноп жатышыптыр. Тахирдин келгенин көргөн Капар кийди коюп, аны көздөй басты. Жакын келгенде үстүгө чыгалы дегенсип баш жаңсап койду. Экөө ээрчишип үстүнкү кабатка чыгып, Капардын бөлмөсүнө киришти.

– Баары жайында. Товарды ийгиликтүү жеткирип алдык.

– Акчаны толук бердиби?

– Ооба, бирок 10 килограммдай карызга сурап жатышат. Тажикстанга чыгарат экен.

– Канча убакытка дейт? Аларың баягыдай күттүрүшпөйбү анан?

– Сүйлөшүлгөн, чек арадан өткөрүп берсек болду, акчасын дароо колго алабыз деди. Максимум бир айда бүтүрүп беребиз. Чек арадан чыгаргыча убакыт керек экен.

– Биринчи партия менен келгендерден калды беле?

– Ооба, буларга жеткидей бар.

– Анда жакшылап макулдашып ал.

Коштошуп Тахир чыгып кетти.

– Мамлекеттик маселе чечкендей эле жоголдуң го,- деп күлдү Байэл. Ал ичкери кирбей унаада калган эле.

– Шефти билесиң да. Ийне-жибине чейин сурайт го тим эле,- унааны от алдырып, айнегин түшүрүп чылым түтөттү Тахир.

– Уйку келди, эртең жумуш күнүм башталат, билесиң да.

ххх

Аделя түшүнөн Байэл деп кыйкырып чочуп ойгонду. Аябай тердеп калыптыр. Түшүн эстеди. Караңгы жерде жипке таңылып Байэлдин онтоп жатканы көз алдына тартылды. Жетип барып бошотоюн дейт. Буту тушалгандай эч шилтөөгө келбейт. Айласы кеткенде жөрмөлөөгө аракет кылып жатыптыр. Ордунан жыла албай койгондо колун сунуп Байэл деп катуу кыйкырды. Байэл баш буруп бир карады да, көзү жумулду. Аделя ыйлап жатты. Алыстан Барсбек көрүнгөнсүдү.

Туруп эле телефонун алып Байэлге чалды.

– "Абоненттин аппараты өчүрүлгөн" эле дейт. Каякта, эмне кылып жүрдү экен? Баары жакшы эле болду бекен? Эмнеге мындай түш көрдүм?- кыз терезени караса таң сүрүп калыптыр. Кайрадан уктай алчудай эмес. Үйдөгү машыгуучу бөлмөгө кирип чуркоочу аппаратты иштетти. Байэлдин кыйналып жатканы көз алдынан кетпей жатты.

Байэл кеч жатканга уктап калыптыр, турса саат он болуп кетиптир. Тура калып эле Аидага чалды.

– Эже, кандайсыз?

– Жакшы, Байэл, эмне болдуң, чечимиң күчүндө элеби?

– Аида эже, кечирим сурайм сизден. Кечинде кеч жаттым эле. Ойготкуч да жардам бербей калыптыр.

– Аа, андай болсо эч нерсе болбойт. Мен баламды бакчага өзүм жеткирип келдим. Шашпай эле келе бер. Тамакка убара болбо, үйдөн ичесиң.

Байэл туруп душка түшүп чыгып, экинчи телефонун күйгүздү. Жалаң эле Аделядан келген чалуулар. “Жакшы деле жигит болуп жарытпай калдым” деп өзүн зекиди. Ал азыр сабакта, чалган менен албайт. Байэл болгон ырыстуу кийимдерин кийип жаңы жумушуна жөнөдү. Аял жашаган дарекке жете бергенде гүл саткан дүкөн көзүнө урунду. Эмнегедир токтогусу келди. Кирип 5 кызыл розаны букетке оротуп алды.

Аида сүйүүгө кабылган 18 жаштагы кыздай болуп өзүнчө эле күзгүгө улам-улам каранып, коңгуроонун шыңгырашын күтүп жатты. Кыңылдап ырдап алган. Күйөөсү дүйнө салгандан бери анда мындай маанай боло элек болчу. Аңгыча күткөн убакыт келип коңгуроо шыңгырады. Камераны карады. Кызыл гүлдөр көрүндү. Кайра дагы бир ирет караганда Байэл көрүндү.

– Охо, гүлдөр,- өзүнчө сүйлөнүп эшикти ачты.

– Кандайсыз? Бул менин сизден кечиккеним үчүн кечирим сураганым,- Байэл Аидага гүлүн сунду.

– Ой, жөн эле койбойт белең, мен сени каалаган убагыңда кел дедим эле го. Ошентсе да рахмат,- Аида шыпылдай басып вазага суу алып келип дасторконго коюп, гүлдү бир жыттап туруп салып койду.

– Тамак жасай албай калдым, пицца буюртма бере салдым.

– Убара болбой эле койбопсуз да.

– Экөөбүз бири-бирибизге көп убара болобуз эми. Бирок бул убарага кирбейт, мен болгону телефон эле чалып койдум,- аял Байэлди карап жылмайып.

Экөө чай ичип бүткөн соң Аида кийимдерин алмаштырып чыкты. Аида баягы Байэл менен таанышкан дарекке айда деди.

– Бул сулуулук салону өзүмдүкү. Өзүм бул тармакка жакын болгондуктан күндө келип текшерип, кардарларга кандай кызмат көрсөтүлүп жатканына көз салып турам. Өзүм мурун катардагы кызматкер болчумун. Кийин кыялдар орундалып жеке салонумду ачтым,- Аида жеткенче ушуларды саймедиреди.

Күзгүдөн улам артка көз кырын салып, Байэл унчукпай берилүү менен Аиданы угуп, Жиптин ылдамдыгын улам көбөйтүп келе жатты.

– Канчада чыгасыз бул жактан?- унаанын арткы орундугунан түшүп жаткан Аиданы карады.

– Мен бул жакта төрт жарымга чейин болом. Бас, жүрү, кызматымдан пайдаланып кет. Чачыңды кыркып берейин,- деди Аида унаанын айнегинен Байэлди карап.

– Болуптур,- чын эле Байэлдин чачы бир аз иретсиз эле. План боюнча бүгүн эрте туруп кырктырып алам деп ойлогон, бирок кеч ойгонгондуктан кырктырууга убакыт таба албай калган эле.

– Кандайсыңар, кыздар?- Аида шайыр-шатман кирип келип эле, фартук кийип бош турган орунду дайындады. Артынан кирип келген кең далылуу, келбеттүү жигит кыздардын көзүнө урунду. Аида жакка бара жаткан жигитти узата карап ресепшнда отурган эки кыз шыбырашып калышты.

– Кел, отур,- орундукка отурган жигитке пеньюарды жаап, чачтарын ары-бери сылап көрдү.

– Бокс кыла берейинби, сага жакшы жарашчудай.

– Кыркып көрүңүз, көрөлү.

Аида Байэлдин чачын арыдан-бери кыркып, башын жууп кургатып берди. Кыздар шефинин бул жоругуна таң калып бүтө албай жатышты. Тууганы го деп болжолдоп да алышты.

– Мен төрт жарымга чейин бир жакка барып келейин. Эгер жумуш болсо жарым саат эртерээк чалып коюңуз,- Байэл саатын бир карап алып, Жипти зуулдата айдап Аделянын окуу жайына келди. Жанындагы орундукта кызга деп алган гүлү менен кутучаны колго алып кызды алдынан тосуп алып көңүлүн жибитем деп жаткан. Бирок ал ойлогондой болгон жок. Университеттен чыгып келе жаткан Аделяны көздөй жылмая басып келе жаткан Байэлди кыз көрүп турса дагы көрбөгөндөй мамиле жасап, алдына келип токтогон Айбектин машинасына отуруп алды. Байэл Аделя отурган эшикти ачууга кол сунганда унаа ордунан жылып жөнөп кетти. Жашка буулуп турган кыздын көздөрүн жигит даана көрдү.

– Таарынганга акың бар. Колумда турган сени күтө албай койдум,- унаадагы телефонуна жетип кызга чалайын деп келе жаткан Байэлдин жолун бир мектеп окуучусу тосту.

– Байке, сизге муну берип жиберишти,- ак кагазды сунду.

– Турчу биякка, сени менен ойногонго убактым жок,- баланы далыдан кармап четке түрттү.

– Байке, алып коюңузчу, чын айтам, сизге берип жиберди.

– Ким?

– Бир аял,- бала калп айтты. Андан катты алып костюмунун чөнтөгүнө салып койду. Унаага отуруп жатып жолдун аркы бетинде Арстын унаасы ордунан козголуп жүрүп кеткенин байкап калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан