Мадина Курсаналы кызы: “КӨЧӨДӨН ТААНЫП КАЛЫШСА ЫҢГАЙСЫЗ БОЛЧУМУН”

XXI кылым – маалыматтык технологиянын заманы. Азыр элге таанылуу дагы кыйла жеңилдеген. Кино, сахна жылдыздары менен бирге интернет жылдыздары өсүп жаткан учур. Гитара менен созолонто кавер ырдап элге таанылган мукам үндүү бийкеч Мадина Курсаналы кызы “Интернет жылдызы” рубрикабызда конокто.

– Салам. Айтсаң, Мадина Курсаналы кызы ким?

– Эч кимге зыяны тийбеген жөнөкөй кыз. 19 жаштамын. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Аскер айылынын кызымын. Бишкекте өсүп-чоңойгом. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуйм. Быйыл 2-курстун студентимин.

– Ырдап видео тартып, интернет желесине жүктөөнү качан чечтиң?

– Ойдо жок жерден эле болуп кетти. Баары Инстаграмдан башталды. Жөн эле ырларды жарыялап койчумун. Кийинчерээк социалдык тармактагы ар кандай тайпалар бөлүшө баштады. Ошондон тартып, өзүңүздөр көргөндөй, видеолорум элге алынып кетти.

– Эл адамы болууну кыялданчу белең?

– Жок, андай деле ой жок болчу. Ырчылыкка кызыгуум күчөгөнгөбү, эми эл адамы болсом деп кыялданып калдым. Ошого жараша өз аракетимди көрө баштадым. Бир ийгиликке жеткенде андан да бийигинин орундалышын каалайт экенсиң.

– Белгилүү болгон жагып жатабы анан?

– Ооба, бир жагынан, жакты, сени колдоп ар кандай жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүн арнап жатканда сүйүнөт экенсиң. Экинчи жагынан, эркин боло албай калат экенсиң. Элдин колдоосу мага мотивация берет. Комментарийге мен билбеген нерселерди жазышат. Жаманбы, жакшыбы баары мен үчүн сабак болуп жатат. Элдин сынынын арты менен сөздү көтөрө билүүнү, ар бир нерсеге сабырдуулук менен караганды, ойлонуп кылдаттык менен иш кылганды үйрөнүп жатам. Башында көчөдөн мени карай беришсе мурдагыдай кенен күлүп-жайнап жүрө албай өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жүрдүм. Кийин каякта кандай жүрүштү үйрөнүп калдым окшойт, айтор, мурдагыдай ыңгайсыздык анча билинбей калды.

– Бала кезден эле ырга жакынсыңбы?

– Ооба, кичинемден бери ырдайм. Сынактарга катышып, Гран-прилерди алчумун. Баары эле “бул кыздын чымыны бар окшойт” деп айтып калышчу.

– Гитарага эмнеден улам жакын болуп калдың? Башка кайсы аспапта ойной аласың?

– Байкеме туулган күнүндө гитара белек кылышкан. Ошондон кийин гитаранын чертилишин көрүп кызыгуум ойгонду. Өзүм Ютубдан карап үйрөнүп, өз алдымча чертип баштадым. 7-класстан бери чертем. Мындан тышкары комуз, пианинодо ойнойм.

– Кавер ырдай бербей, “жаңы ыр жаздырып ырдап чыксам, продюсер менен иштешсем” деген ойлор барбы?

– Буюрса, бул менин чоң пландарымдын бири. Өзүмдүн ырымды жаздырууга аракет кылып жатам. Чыгармачылыктан өзүмдү сынап көрсөм деген оюм бар. Жакшы продюсер чыкса иштешмекмин.

– Талантыңды көрүп иштешели деп сунуш кылгандар болдубу?

– Ооба, андайлар болуп жатат. Бирок көбүнө ишене албаганым үчүн макулдугумду бербей келем. Азыр эч ким ишеним жарата элек.

– Кавер ырдай турган ырларды эмнесине карап тандайсың?

– Кыргызча ырлардын сөзүнө маани берем. Эгер орусча, англисче же түркчө болсо, албетте, обонуна көңүл бурулуп кетет. Тилди жакшы түшүнбөгөнүмдөн болуш керек.

– Тойлордо да ырдап жүрөсүң?

– Кээде тойлорго чыгып турам.

– Инстаграм сен үчүн?

– Мени элге алып чыккан – бул Инстаграм. Инстаграмда 155 миңден ашык, Ютубда 10 миң, Тиктокто 70 миң катталуучум бар. Мен үчүн өзүнчө дүйнө.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан