Келерки аптада Токиодо Паралимпиада оюндары старт алат. 17-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөнүн Паралимпиада боюнча улуттук курама командасын кабыл алды.
Марипов спортчуларга мелдешке ийгиликтүү катышып, жеңиштерге жетишин каалады. Ошондой эле паралимпиадалык команданын мүчөсү Арстанбек Базаркуловго өлкө желегин тапшырды.
Эске салсак, Токиодо 24-августтан 5-сентябрга чейин XVI Паралимпиадалык оюндар өтөт. Ага өлкөнүн атынан спорттун ядро ыргытуу түрү боюнча Арстанбек Базаркулов жана көзү азиздер арасында парадзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат.
Динара Акимова