“ШАМБАЛА” ТАСМАСЫ КАЗАНЬ КИНОФЕСТИВАЛЫНДА КӨРСӨТҮЛӨТ

Белгилүү кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Татарстанда өтүүчү Казань эл аралык мусулман тасмалары фестивалынын “Түрк дүйнөсү” программасында көрүүчүлөргө тартууланат.

Аталган программага чет элдик режиссёрлордун 5 тасмасы кирген. Алар: “Жаным, сен ишенбейсиң” аттуу казак комедиясы, Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы, “Ички арал” аттуу азербайжан тасмасы, түркиялык режиссёр Эйлем Кафтандын “Аары уюгу” тасмасы жана “Хайрат” аталышындагы өзбек тасмасы.

Мындан тышкары Орусиянын аймагындагы түрк тилдүү элдердин арасынан 5 мыкты тасма тандап алынган.

Казань кинофестивалы 5-10-сентябрь күндөрү Татарстан Республикасында өткөрүлөт.

Эске салсак, Артыкбай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын “Ника” киносыйлыгын жеңип алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан