ЫРЧЫ МИНУР АЛТЫНБЕКОВ КЫРК ЖЫЛКЫЛУУ БОЛДУ

“Жебе” тобунун мурдагы солисти, ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы Жазгүл Абылбекова 13-августта кырк жылкылуу болушту. Төрөтканадан кызы менен жубайын үйүнө алып чыккан ырчы: “Эне-баланын абалы жакшы. Ымыркайдын бою 55 сантиметр, салмагы 3 килограмм 730 грамм болду. Кыздуу болуп сүйүнүп жатабыз. Кыз деген башкача болот экен, назик, алсыз, айтор, катуу кармап албайын деп аяп турат экенсиң. Наристеге Алиана деген ысым ыйгардык”,- деди.

Алианага бактылуу балалык каалап кетмекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан