Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 14-августта OPEN FC лигасынын Гран-при мелдеши өттү. Анда кыргыздын эрежесиз эр уруш боюнча мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC лигасынын алгачкы Гран-при мелдешинде чемпион болду. Абдыкааров мелдештин финалында армениялык Айк Казарянды үчүнчү раундда нокаутка учуратып, утту. Кыргыз мушкери чемпиондук курду тагынып, аны менен бирге бир миллион рубль акчалай сыйлыкка ээ болду. Уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров баштан-аяк өзүнүн активдүүлүгүн көрсөттү. Мелдештин жарым финалында бразилиялык Матеус Сантосту, ал эми чейрек финалында азербайжандык мушкер Эльнар Ибрагимовду нокаутка учураткан.
Динара Акимова