Кыргыз спортчусу Нурсултан Куштарбек уулу UWW грэпплинг боюнча Орусиянын Уфа шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда эки алтын медалга ээ болду. Нурсултан Куштарбек уулу мелдешке 63 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан. 13-августта Gi дисциплинасында (кимонодо) мекендешибиз Литва, Казакстан, Орусиянын балбандарын утуп, Дүйнө чемпиону болду. Эртеси күнү кыргыз спортчусу No Gi (кимоносуз) дисциплинасында чыгып, Италия, Испания, Орусия, Казакстандан келген спортчулардын үстүнөн катары менен 4 жеңишке жетип, кайрадан Дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынды.
Динара Акимова