КОЙ (21.03-20.04)
Өмүр бою кыялданып келе жаткан максаттардын ишке аша электерине киришиңиз. Кырдаал өзгөрүп кеткендиктен маселелерди чечүү кыйындайт. Тажрыйбасы көп акылгөй туугандар менен кеңешиңиз, аларды угуңуз. Иштеги атаандаштык изденип, жакшы иштөөгө түртөт. Кээ бирлерди жүрөк-кан тамыр оорулары түйшүккө салат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кээ бир адамдардын сизге жасаган кара санатайлыгы чыдамыңызды түгөтүп, алардан тымызын да, ачык да өч ала баштайсыз. Күтүүсүз окуялар чыгат. Ар биринде туура чечим кабыл алганга аракеттениңиз. Эски тааныштарыңыз жаңы ишке өтүүнү сунушташат. Көптөн күткөн тилегиңиздин бири орундалып, кубантат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сылыктык жана токтоолук менен жолдош болуп турганыңыз оң. Сизди туюкка камаган аргасыздык жашоону башкача өзгөртүү керектигин эскертет. Чөйрөдөгүлөргө кайсы бир иштер боюнча өзүңүздүн ак экениңизди далилдөөгө аракет кылбаңыз, ылайыктуу учурду күтүңүз. Жалгыздыктан тажагандарга сүйүү кубанычын тартууламакчы.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ишиңизде башчыңыз менен тил табышпай, бир аз кейийсиз. Мурда сиз колдоо көрсөтүп келген адамдар да көңүлүңүздү калтырышы ыктымал. Үйдө болсо бир жакшылыкты белгилейсиздер. Чакырган жерге барбай койгонуңуз оң, анткени сизге жакпаган адамдар болот. Апта аягында мончого же массажга барыңыз, ден соолукка кам көрүңүз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Пайда да таап, жеңүүчү да болуу үчүн сизге куулукка барууга туура келет. Өзүңүз толук аңдап билбеген жаңы ишти аркалоодон баш тартыңыз. Каталар кеткени аз келгенсип энергияңызды алат. Жакындарыңыздын бири сыркоолоп, ага колдоо көрсөтүүңүз ыктымал. Апта жакшы жаңылык, жолугушуу менен аяктайт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада кыска мөөнөттүү сапар, бакытка балкыткан сезимдер күтүп турат. Иш-чарага чакыруу түшөт. Активдүүктү көрсөтсөңүз келечекте анын үзүрүн көрөсүз. Шашылып жүрүп буюм сатып албоо оң. Оюңуздагыдай болбой бекер чыгым тартып каласыз. Түгөйлүү болууну самаган бойдоктор нике үйүнүн эшигин аттайт. Дем алышта ырды чырга айлантпаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Алдыдагы пландарыңыз, идеяларыңыз тууралуу ачыкка чыгарбаңыз. Башкалар илип кетет. Урушка кабылбоо жана сиз тууралуу ушактар чыкпасын десеңиз, тилиңизди тишиңизге катып, сабырдуу болуңуз. Чакыруудан улам туугандардын коломтосунда кобурашасыз. Мурда кылган жакшылыктарыңыз үчүн ыраазычылык угасыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада таарынышып кеткендер кечиришип, ишин илгерилетүүнү самагандар туруктуу өнөктөш табышат. Үйдө жаралган маселеге көңүл чөгөрбөңүз, убакыт өзү чечет. Каржы тартыштыгынан улам досуңуздан акча алууңуз мүмкүн. Иште жетекчилик менен олуттуу маселе боюнча сүйлөшөсүз. Апта аягында баарын жыйыштырып, кенен эс алганыңыз оң.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада жаңылыктар кубалашып келет. Кээ бирөөлөр алыс сапарга аттанса, кээ бирөөнүн үйүндө конокторго дасторкон жайылат. Ишиңизде чечим кабыл алууга ашыкпай, күнгөй-тескейин карап чыксаңыз туура болмокчу. Карыздарыңыздан кутулуп, жаңы иш баштоого киришесиз. Денеңизге залал келтирип албоо үчүн чарба иштеринде этияттап кыймылдаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Иштеби, окуудабы же башка жердеби, айтор, көңүл коштук кылсаңыз каржы жана моралдык жактан жабыркап каласыз. Кырдаалдан улам белгиленген пландарды өзгөртөсүз. Үйдө отуруп сүйүктүүнү табууга мүмкүн эмес, андыктан бойдоктор элге аралашуулары зарыл. Өнөкөт оорум кармабасын десеңиз, күчтүү тамактарды чектеңиз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чөйрөдө бир иштер боюнча чатакташуу күтүлсө тоң моюндукка салбай эпчилдик менен эбин табыңыз. Таасирдүү таанышыңыз менен жаңы иш табуу жаатында сүйлөшүүңүз ыктымал. Алдамчылардын тузагына илинбөө үчүн акча иштеринде так болуу зарыл. Айрымдар жүрөктөгү сезимин козгой турган таанышына жолугат.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптаны өзүңүзгө буюм сатып алуудан баштайсыз. Көзүңүз жетпеген иш сунушталса аны аткарууга убада бербеңиз. “Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок” болбой кээ бирлеринен кол үзүңүз. Аласа-береселерди такташасыз. Айрымдар иш сапарына аттанышы ыктымал. Досуңузга ашарга барууңуз мүмкүн.