“CАРЫ-ӨЗӨНДҮН” БУУДАНДАРЫ

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогуна арналган оюндардын өтүшүнө саналуу гана күндөр калды. Мөрөй талашуу үчүн командалардын катуу даярданып жаткан чагы. Оюнду утурлай Чолпон-Ата шаарында тапталып жаткан Жогорку Лиганын “Сары-Өзөн” командасынын аттары менен таанышып кайттык. Аттар тууралуу команданын саяпкери Эсенжол Кудайбергенов айтып берди.

ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕНИН ЧЕБЕРИ КРАЗ

Аты – Краз

Жашы – 13 асый

Ийгиликтери – Кичи көчмөндөр оюнунун, Кыргызстандын чемпиондугунун жеңүүчүсү, "Мыкты аргымак" наамынын ээси, Президенттик Кубок, Нооруз, 9-Май турнири 3-орун

Ээси – Канат Исаев

Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке

– Краз Сокулук районундагы Асыл-Баш айылынан чыккан ат. Башында жергиликтүү улактарда чабылып жүргөн экен. Анан Краз деген ат менен “Биримдик Аю” командасында оюнга минилип жүрдү. “Сары-Өзөн” командасына 2019-жылы 9-Май турниринде келди. Анын ортодо ойноого шыктуу экенин байкап сатып алышкан. Келери менен эле Кубаныч Султан уулу минди. Ал өзү жекеме-жекенин оюнчусу да, ат ошого ылайыктуу болду. Атка баланы, балага атты ылайыктадык. Краз чакан, бирок өжөр ат. Өз кызматын жакшы билет. Ортодо күчтүү аттар менен каршылашканына карабай, тең тайлашып аларга туруштук берет. Тың чуркайт, дододон суурулуп чыгып тай казанга шашат. Мүнөзү жоош эле. Бизге келгенде алдыңкы сол бутунан аксап келген. Чынында, туягы өсүп туура эмес такаланып жүрүптүр. Такасын тууралагандан кийин аксабай калды.

ӨЗҮН МЫКТЫ КОРГОГОН МЫРЗА ТОРУ

Аты – Мырза тору

Жашы – 5 асый

Ийгиликтери – Кичи көчмөндөр оюнунун, Кыргызстандын чемпиондугунун жеңүүчүсү, Президенттик Кубок, Нооруз, 9-Май турнири 3-орун

Ээси – "Сары-Өзөн"

Оюндагы позициясы – Чабуулчу

– Мырза тору Таластан 5 миң долларга сатып алынган ат. Өзүнүн аты Макен тору болчу. Жетекчибиз Мырза тору деп өзгөрткөн. Бир карасаң жоош көрүнгөнү менен, өзгөчө кыялы бар. Бастырып жүргөндө жанына келген атты жалынан тиштеп жиберет. Биздин аттардын көбүн тиштеп салган. Күлүктүгү орто, бирок улакты алгандан кийин тай казанга жакшы барат. Башка аттарга жөөлөтпөй өзүн жакшы коргой алат. Буйтап кетмей жакшы тактикалары бар. Таласта өткөн кичи көчмөндөр оюндарында ушул ат менен Улан Насакеев көп салым салган.

АЛДЫНА АТ ЧЫГАРГЫСЫ КЕЛБЕГЕН БТР

Аты – БТР

Жашы – 3 асый

Ийгиликтери – Президенттин Кубогу, Нооруз турнири 3-орун

Ээси – Рамис Жунусалиев

Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке

– Мурун “Кабылан” командасында БТР деген ортого чыккан күчтүү ат болгон. Ошого окшош, башкача айтканда, ала аяк, кашкасы бар болгондуктан БТР деп коюлган. Бул Ысык-Көлдөн сатып алынып, Бишкектин “Келечек” командасында ойноп жүргөн ат. Ат бизге 2019-жылы кышка жакын келди. Жекеме-жекеде ойноого шыктуу. Жогорку Лигада ойноо үчүн буга дагы тажрыйба аздык кылып жатат. Мүнөзү жоош, бирок кээде минип жатканда секирип кетмей жайы бар. Ак эт, суутуу бат болот. Басыктуу, өзүн жеңил алып жүрөт. Алдына ат чыкса эле жулунуп жүрүшүн ылдамдата баштайт. Мындайча айтканда, алдына ат чыгаргысы келбейт.

АТТАРДЫ ЖАРАКАТКА УЧУРАТКАН ЖИГАН

Аты – Жиган

Жашы – 8 асый

Ийгиликтери – II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Кичи көчмөндөр оюнунун жана Кыргызстандын чемпиондугунун жеңүүчүсү, Президенттин Кубогунун, Нооруз, 9-Май турниринин 1- жана 3-орун ээси

Аты – Канат Исаев

Оюндагы позициясы – Коргоочу

– Жиган Токмоктон чыккан ат. Энеси байгеге чабылып жүргөн бээ экен, атасы илгери улакта мыкты ойногон Акжал деген аргымак. Бул 2014-2015-жылдары “Суусамыр” командасына алыныптыр. Атканада турганда жоош, сыртка чыкканда кыялы чорт. Ала качмай жайы бар. Топтошкон аттарды көргөндө тынчы кетип, туйлап калат. Жигандын оозу катуу. Башка аттардан оюн учурунда тайманбастыгы, ургучтугу жана додону жарып киргендиги менен өзгөчөлөнүп турат. 2019-жылы оюн учурунда айтылуу Каркыра деген атты уруп, ал ат далысынан жаракат алган. Андан кийин “Кара-Бууранын” бир аты менен сүзүшүп, анын да далысы сынган.

КЫЯЛЫ ЧОРТ ТЕЛТОРУ

Аты – Телтору

Жашы – 4 асый

Ийгиликтери – Кичи көчмөндөр оюнунун, Кыргызстандын чемпиондугунун жеңүүчүсү, Президенттик Кубок, Нооруз, 9-Май турниринде 3-орун

Ээси – "Сары-Өзөн"

Оюндагы позициясы – Коргоочу

– Телтору “Сары-Өзөн Рассвет” командасында ойноп жүрчү. Рамзат Бөкөнбаев деген улакчынын жеке аты болгон. Таласта өткөн кичи көчмөндөр оюндарында Рамзат өзү чапкан. Коргоочулук кызматты мыкты аткарган ат экен. “Сары-Өзөнгө” 2020-жылы келди.
15 миң долларга сатып алынды. Клоун деген айгырдын баласы. Оюнда атаандаш аттын жолун жакшы торойт. Күлүктүгү бар. Басыктуу эмес, тыпырап эле бийлеп турат. Кыялы өтө чатак. Байкап, кылдат болбосоң кишиби, атпы, туш келгенин аткып тиштеп салат. Дайыма тумшугун жаап коёбуз. Багуу учурунда да кулагын жапырып, тап берип турат. Ыгын таап кармаш керек. Муну кыйынчылык менен эки саат дегенде араң такалап бүтөбүз.

ТАЖРЫЙБА ЖЕТИШПЕЙ ТУРГАН ДАРАН

Аты – Даран

Жашы – 5 асый

Ийгиликтери – Нооруз турнири 3-орун

Ээси – Канат Исаев

Оюндагы позициясы – Чабуулчу, коргоочу

– 2019-жылы кышка жакын Канат Исаевдин (ред.: саясатчы) сарайынан балдар ушул атты көрүп жактырышыптыр. Чүй облусундагы улакка ушул ат чыгат дегенде команда жетекчиси Рамис Жунусалиев экөөбүз барып көрдүк. Чынында, улакка жөндөмү мыкты экен. Мурун Токмокто аламан улакка салынып жүрүптүр. Биз коргоочулук позицияга деп алганбыз. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар болбой калып, үйүргө салынды. Ошону менен 2021-жылы Нооруз турниринде Рустам Тыналиевге жагып, ал минип чыкты. Ат өзүн жакшы көрсөттү. Тажрыйба топтосо чабуулга да, коргоого да жарай турган ат. Чыдамкай, күлүктүгү бар. Даран деген Украинадан алып келинген таза кандуу айгырдын баласы. Бизге келгенде “Дарандын баласы” деп айтылып жатып эле аты Даран болуп калды. Бул башкалардан көп жейт, суутууда алгач мунун жем-чөбүн тууралаш керек.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
manatova
2021-08-23 18:20:59
Ат сыйлаган жөө баспайт
0
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан