Кубаныч Ажыбаев, ырчы: “ТОЙ ТАНДАБАЙМ, ТОЙКАНА ТАНДАЙМ”

Сүйлөсө сөзүнөн бал тамган, ырдаса баарын тердете бийлеткен шайыр ырчы жана тамада, тойлордун “жылдызы” Кубаныч Ажыбаев бүгүн бизде конокто. “Чыгармачылыктын артынан 4 бөлмөлүү үйлүү болдум, унаам бар. Адам жашоосуна шүгүр айтканды билсе эле, көздөгөнүнө жетет, мен акырындан жетип келе жатам” дейт ырчы.

– Кандайсыз, Кубаныч мырза, эмне менен алексиз, сулууларга суктанып эле жүрөсүзбү?

– Рахмат, баары жакшы. Ырчы, тамада болгондуктан азыр менин негизги жумушум тойлор. Тойлордон кол бошобойт, Кантта, Токмокто, Кара-Балтада, айтор, эл жакшылыгында кызмат кылганга жеткирсин. Колубуз бошобой эле ушинтип чуркап ырдап калалы. Сулуулар да жайында, Кудай көздү эмнеге берген? Жаратылыштын, табияттын кооздугуна, дүйнөдөгү кереметтерге суктансын деп берген, туурабы? Аялдын сулуулугу ошол кереметтердин бири. Суктануу бир эле сулуулукка эмес, акыл-эсине, кийип турган көйнөгүнө болушу мүмкүн. Ар бир мырза, мейли үй-бүлөлүү болсун, суктанууга акысы бар.

– Тойлор демекчи, сизди той тандабайт, той ээси сунуштаган баага бара берет дешет экен, чынбы?

– Ооба, той тандабайм, ким чакырса бара берем. Мен үчүн адамдын акчасы барбы, жокпу, баары бирдей. Тескерисинче, акчасы жок карапайым элдин тою жакшы өтөт, отургандар чын дили менен келет, бийлейт, оюндарга активдүү катышат. Элди, тойду тандабайм, бирок кафе, ресторандарды тандайм. Той тандабайм, тойкана тандайм. Айрым кафе, ресторандардын акустикасы начар, ырдасаң үнүң жакшы чыкпайт. Ставкам 25-30 миң сом.

– Өзүңүзгө ырчылык кесибиңиз жакынбы же тамадалыкпы?

– Кесибим ырчы, Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөм. Бирок тамадалыктын артынан каржы маселелеримди чечип алдым десем болот. Үй, машинамдын баарын тамадалыктан тапкан каражатыма алдым. Быйыл 40ка чыктым, тамадалык менен 22 жашымдан бери алектенем. Студент кезден баштап эле той башкарып жүрөм.

– Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм деп калдыңыз. Арасында тийишкендер барбы?

– Жашым 40та болгону менен, кебетемден 50дөгү кишидей эле көрүнсөм керек. Чоң эле кишилер “байке” деп кайрылса ыңгайсыз боло түшөм. Сулуулар демекчи, мага жаш кыздар эмес, өзүмдөн 10 жаш улуу эжекелер көп тийишет. Тамашалап “эже, 40та элемин” десем, “койчу, апей” деп чочуп кетишет.

– Ырчылар тойдун деңгээлинен өсүш үчүн эмне кылыш керек?

– Азыр элдин баары тойдо болуп калбадыбы, баягы кол жеткис, жанында гана туруп көрсөм деп кыялданган жылдыздар тойдо жүрүшсө концертке барып эмне кылышат? Ар бир кадамын, эмне жеп, эмне ичкенинен бери интернеттен көрсө болот. Артисттердин кызыгы жок болуп калды элге. Мурун интернет жок заман жакшы болчу. Айрымдар күчүк-мышыгынан бери интернетке жүктөп элди тажатып, кыжырына да тийип жатышат. Ырчыларды той деңгээлинен өстүрүш үчүн эл да ошондой талап коюусу шарт.

– Тойдогу кызыктардан айтып берсеңиз.

– 3-4 жыл мурун бир тойду алпарып калдым. Аргымактай чуркап катар-катарынан той алпарып өзүмдү кыйнап иштеп койгон экенмин. Акыркы күндөрү уйкум канбаганынан “зомбидей” эле жүрүп калдым. Той убагында жарым сааттык тыныгууда уктап турайынчы деп машинама кирип жатып алгам. Ошол бойдон 2 сааттан кийин турдум. Ал убакта той ээлери ызы-чуу болуп телефонума миң жолу чалып, издөө операциясын бүтүп калайын дешиптир. Анан бир музыкант келип “той бүтөйүн деп калды, турбайсызбы” деп мени ойготкон. Той ээси таарынып, айтор, бир топко барганбыз.

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак, үйдө ким башкаруучу, ким аткаруучу?

– Мен талаа-түздө көп жүргөндүктөн үйдө деле болбойм, келинчегим эле башкаруучу. Машинамды эле башкарам. Бизде сен кыйын, мен кыйын деген түшүнүк жок, кеңешип-кептешип жашайбыз. Мен жакшы күйөөмүн, аялым эмнени айтса баарына макул болом. Үйдүн бир жерин өзгөртөлү дейт, каалаганыңдай кыл дейм. Өзүмө да үйгө буюм алган жагат. Кээде келинчегим “ай, коё тур” десе болбой килем, палас алып келем. Учурда эки кыз, бир уулду тарбиялап келебиз. Келинчегим чыгармачыл адам, музыкалык мектепте мугалим болуп иштейт. Уулум мени жазбай тарткан, чыгармачылыкка жакын. Улуу кызым болсо стюардесса, тилчи болом дейт.

– Чыгармачылыкта бир ыры менен хит болуп, андан ары жок болуп кеткен ырчыларды билебиз, ошолордун катарында болуп калам деп коркпойсузбу?

– Чынында, бир ырың хит болгондон кийин кийинки ырларың оңою менен популярдуу боло албайт экен. Мисалы, бир ырды бир өмүр ырдаган ырчылар деле көп дүйнөдө, бизде деле. Андыктан “Сулууларга суктанууга акым бар” ырынан кийин өчүп калам деп коркпойм. Мисалы, көбү аталган ырым хит болгондон кийин башка ырларымды угуп башташыптыр. Тескерисинче, бир популярдуу ырың хит болсо ал чыгарма башка ырларды сүйрөп кетет экен.

– Ырчылык талант сизге кимден берилген?

– Ата-энем экөө тең чыгармачылыктан алыс адамдар, атам чабан, энем атама кол кабыш кылып жүрүшүп эле 6 баласын багышкан. Атам учурда 64 жашта, 2 жыл мурун апамдын көзү өтүп кетти. Мендеги талант тайларымдан өтсө керек, комузду таякелеримден үйрөнгөм. Учурда комуздан сырткары кылдуу аспаптардын көпчүлүгүндө ойной алам.

– Чыгармачыл чөйрөдө көптөн бери жүрөсүз. Азыркы маданияттын абалына кандай баа бересиз?

– Улуу муундар азыркыларды «жаман» дейт. Азыркылар улуу муундарды «айта берет» дешет. Мезгил өзү тарбиялайт. Эл – тараза, эл – сынчы. Адамдар өзүнүн деңгээлиндеги ырларды угат. Аны биз «укпа» деп тыя албайбыз. Кудайга шүгүр, маданияттын абалы жакшы эле.

КЫСКА-НУСКА СУРОО-ЖООП

– Жакынкы айларга планыңыз?

– Үй-бүлөм менен чет өлкөгө чыгып эс алуу.

– Жашоодо эмнеден коркосуз?

– Жакшы адамдан айрылуудан, оорудан, караңгылыктан, билимсиздиктен корком.

– Телефонуңуздун экраны катып калса...

– Меники Айфон, катпайт, жакшы иштейт.

– Аялыңызга алтын көп алып бересизби же гүлбү?

– Алтын көп алып берем.

– Дарегиңизге айтылган эң жагымдуу комплимент?

– Табышкерсиң, берешенсиң деген мактоо жагат, айрыкча аялым айтса.

– Эң кымбат ырыңыз, клибиңиз?

– “Күтүү” деген ырыма 1000 долларга клип тарттыргам.

– Алгачкы жолу учакка отурганыңыз эсиңиздеби?

– 1999-жылы “Манас руху” театрында иштеп, театр менен чогуу Индияга фестивалга барганбыз, ошондо биринчи жолу учакка отургам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 976, 19-25-август, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан