БИР БҮРКҮМ. ТӨӨ-АШУУ КҮНДӨ 3 СААТКА ЖАБЫЛАТ...

  • Бишкек шаардык соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
  • Баткенде 23-август күнү мыйзамсыз ташылып бараткан 2 миллион сомдук жүк кармалганы айтылды.
  • Оңдоп-түзөө ишинен улам Төө-Ашуу туннели 23-августтан 23-сентябрга чейин, саат 07:00дөн 08:30га чейин жана 14:00дөн 15:30га чейин жабык болот.
  • Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды.
  • 25-августка карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 963 миллион метр куб суу бар.
  • “Кумтөр” боюнча кылмышка шектелип жаткан экс-премьер Темир Сариевди Бишкек шаардык соту 30-сентябрга чейин камакта калтырды.
  • Бишкекке COVID-19 илдетине каршы күрөштө каза болгон дарыгерлерге арналып атайын мемориал орнотулары айтылды.
  • 23-августтан 10-сентябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги айрым предметтер боюнча 7-11-класстардын мугалимдерине атайын тренингдерди өтөт.
  • УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурдагы 6-башкармалыктын башчысы Каныбек Досмамбетов кызматтан бошотулду.
  • 21-августта Кара-Суу районунда 7 жашар кызды автоунаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды.
  • Ош шаарына таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалып жатканы, 1 айдын ичинде тийиштүү долбоордун келишими даярдалары айтылды.
  • Кыргыз жеринде коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча 3 жылдык программа даярдалары маалымдалды.
  • Чүйдүн Москва районунда Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды.
  • “Кыргызтелеком” ишканасынын вице-президенти Гүлиза Чапаева кызматынан бошотулду.
  • 25-августта Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Аравандагы үйлөрдүн биринен 780 миң сом жана зер буюмдарды уурдоого шектелип Өзгөн районунун 34 жаштагы тургуну кармалды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан