Садыр Жапаров: “БАТКЕНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН АСКЕР КЫЗМАТКЕРИНИН 1 ЖЫЛЫ 2 ЖЫЛ ДЕП ЭСЕПТЕЛЕТ”

2021-жылдын 1-сентябрынан тарта Баткен аймагында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин 1 жылдык мөөнөтү 2 жыл деп эсептелет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-августта ИИМдин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган расмий иш-чарада билдирди. Бул жаатта Министрлер кабинети атайын токтом даярдаганы айтылды. Тагыраагы, “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, өзгөчө шарттарда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин 1 жылы 1,5 жылга тете деп эсептелерин да белгиледи президент. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тарта ички аскерлердин эмгек акысын 40 пайызга көбөйтүү пландалып жатканын айтты.
Садыр Жапаров ички аскерлер өлкөнүн стратегиялык жайларын гана кайтарбастан, ички коопсуздукту камсыздап жатканын, аскерлердин даярдыгы жана духу күчтүү экенин белгилеп өттү.
– Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, сиздер жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам,- деди мамлекет башчысы.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн ички аскерлери 1941-жылы 26-августта түзүлгөн. Бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту камсыздоодо ички иштер органдарына көмөктөшүп, кайгуул-күзөт кызматын аткарып, стратегиялык мааниге ээ жайларды кайтарат.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.