Маалыматта жазылгандай, Конституция ар кимдин ар-намысын коргоо укугуна кепилдик берет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт.
– Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.
Муну менен мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында тарап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таратылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт.
Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык (имидждик) жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет,- деп жазылат президенттик администрациянын маалыматында.
Айрым эксперттер “бул мыйзам бийликти сындагандарга багытталган” деп жатышат. Демилгечилер болсо “мыйзам аркылуу фейк маалыматтарга бөгөт коюлат” деген пикирде.
Лунара Бекиева