ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ ҮРӨЙ УЧУРУУДА. ОҢ РУЛДУУ УНААЛАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

Жарандык коом жол кырсыктарынын кескин өскөнүн айтып, бийликтен чара көрүүнү талап кылууда. Бул талапка 23-августта Чүй аймагында катталган жол кырсыгы да кошумча болду.

23-август күнү Бишкек-Ош трассасынын Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинде Honda Stepwgn унаасы менен оор жүк ташыган Volvo унаалары сүзүшүп, кырсыктан Honda унаасында бараткан 9 адам каза тапты. 6 аял, 2 эркек, 1 бала көз жумса, 1 киши жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Булардын ичинен 6 адам Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары. Маалыматка таянсак, Honda унаасынын айдоочусу 38 жашта болчу. Ал 4 жылдан бери Кызыл-Өзгөрүш айылынан Бишкекке жүргүнчү ташып иштеп жүргөн. Артында 3 уул, 2 кызы калды.

Ушул эле күнү Ош-Исфана трассасында да Honda Stepwgn унаасы КамАЗ менен сүзүшүп, жеңил унаанын айдоочусу каза тапты.

Коомчулукта оң рулдуу автоунааларды такси кызматынан алып салуу талабы айтылып жатат.

Эскерте кетсек, Кыргыз жеринде оң рулдуу унааларды такси кызматына колдонууга 2016-жылы тыюу салынып, бирок мыйзамды күчүнө киргизүү улам артка жылдырылып келе жатат. Маселе оң рулдуу унаада эмес, айдоочулардын өзүндө экенин айткандар дагы көп.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 2021-жылдын 6 айында 3400гө жакын жол кырсыгы катталып, андан 329 адам каза тапты. Мунун 35и балдар. 5000ге жакын адам ар кандай жаракаттарды алды. Жол кырсыктарынын 85 пайызга жакыны айдоочулардын айынан болору айтылып келет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан