10 МИЛЛИОН СОМ, УНАА... ОЛИМПИАДАДА МЕДАЛЬ АЛГАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

"Ала-Арча" резиденциясында 23-августта Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Токиодон жыйынтык көрсөткөн спортчулар төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту:

Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов – II даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом жана Toyota RAV 4 унаасы;

Мээрим Жуманазарова – III даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион жана Toyota RAV 4 унаасы;

Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Бекдөөлөт Расулбеков –
1 миллион сом жана "Даңк" медалы;

Нурбек Изабеков, күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу – II даражадагы "Манас" ордени, 8 миллион 150 миң сом;

Байгазы Кенжебаев, улук машыктыруучу – "Даңк" медалы жана 4 миллион 500 миң сом;

Азат Эркинбаев, грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу – III даражадагы "Манас" ордени,
3 миллион 300 миң сом;

Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучусу – "Даңк" медалы жана 2 миллион 750 миң сом;

Мейрамбек Ахметов, Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу – III даражадагы "Манас" ордени, 2 миллион 500 миң сом;

Чынарбек Изабеков, Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу – "Ардак" грамота жана 1 миллион
750 миң сом;

Түгөлбай Базакечев, Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу – "Ардак" грамота жана 1 миллион сом.

Өмүржан Молдодосов, оор атлетика боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – "Даңк" медалы жана 500 миң сом;

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан