Популярдуу “Эзилип бүттүм” ырынын автору, ырчы Бекжан Темирхан менен кенен тааныштырабыз. Ырчы балалыгы, жашоосундагы сүйүүлөр, атактуу болгондон кийин кантип өзгөргөнү, кимдер анын көңүлүн калтырып кеткени тууралуу айтты.
– Бекжан, салам! Кечээ Оштон келдим деп маекке кечигип келдиңиз. Атактуу болуп эле тойлордон кол бошобой калды окшойт, ээ?
– Салам. Кудайга шүгүр, тойлорго чакырып жатышат.
– Атактуу болгон кандай экен?
– Бир жагы жакшы, бир жагы жаман экен. Жакшы жагы – өз күйөрмандарым бар, атым бар, кайсы жакка барбайын сыйлап тосуп алчу адамдар бар. Чыгармачылыктан жакшы байкелерди таптым. Мисалы, Ишен Назаровду өкүл ата дейм. Үйлөнсөм аны өкүл ата шайлайм деп жүрөм. Данияр Эрматов байкебизди аябай сыйлайм. Ал көл, пейили сонун, баарына бирдей мамиле кылган адам экен. Мен мурда керсейген, мүнөзүм жаман болчу. Жөнөкөйлүктү, адам менен сүйлөшүүнү Данияр байкеден үйрөндүм. Ал эми жаман жагы – мурда “сен азаматсың” деп жүргөн адамдар учурашкысы келбей калат экен. Көрө албастык, сени пайдаланып кеткиси келгендер болот тура. 2-3 күн дос боло калып, жакшылыгында бекер ырдатып алгандан кийин жок болуп кеткендер болду. – Элге таанылгандан кийин өзгөрдүңүзбү?
– Таанылгандан кийин жаныңдагылар эле өзгөртүп салат экен. Жакшы мамиле кылып жатсаң деле аларга башкача көрүнө берет экен. Мурда тамашалап сүйлөшкөн адамдарга азыр тамашаласаң көтөрө албай, “басынтып сүйлөп жатат” дешип. Азыр эч кимге катуу сүйлөй албай калдым. Мурда кандай сүйлөсөм да эч ким көңүл бурчу эмес. Анан кантип өзгөрбөйсүң?
Айрым нерселерди эми гана түшүнүп калдым. Мурда ашымды алдырып коюп унчукпай жүрө берсем, азыр ашым эмес, кашыгымды да бербейм. Мурда адамдын көңүлүнө карасам, азыр карабайм. Анткени адамдар сенин көңүлүңө карашпайт экен.
– “Эзилип бүттүм” ыры менен таанылбадыңызбы. Ушул ырдын жаралышы тууралуу айтып берсеңиз.
– Бир кызды катуу сүйүп калдым. Ал адам тоготпой жатса да сен чындап жакшы көрсөң каратып алат экенсиң. Сүйсөң эч нерсе тоскоол болбойт экен. Азыр мен андай мүнөзгө чыдабайт болчумун. Ал кыз мени аябай кыйнады, ортодо көп түшүнбөстүктөр болду. Депрессияга кабылдым, эзилдим. Ошол учурда университетте жүрүп бир кабинетке кирсем, бир байке аккордеон чертип отуруптур. Ал чертти, мен бир ырды кыйкырып ырдадым. Бирок бугум чыкпай калды. Андан кийин эле ушул саптар обону менен кошо келди. Ошол жерден эле толук тексти, обону жаралган. Кийин анча-мынча жерин Топчубек деген байке оңдоп берген. Мен ырларды ушундай эле чыгарам. Турган жерден ыр саптары обону менен кошо келет. Өзүмдү кыйнап жаза албайм.
– Бул ырды ырчы катары жаңыдан таанылып жаткан Толкунбек Курманбеков популярдуу кылды дегенге кошуласызбы?
– Менин ырларым ушинтип жазылып бүткөнчө эле хит болуп кетет (күлүп). Өзүм шайтандап турам, ырдап чыгара калып. Бул да буйрук экен. Бир дос баламдын туулган күнүнө барып, шишкебек жасап жатып ырдап койгом. Ошол видео тарап, анан Толкунбек ырдап калды. Ошол учурда ырды жаздырып жаткан болчубуз. Чындыгында Толкунбектин ырдаганы катуу кетти. Ошондо чыйпылыктап ырды жаздырууну тездете баштадым. Сиздин деле тамагыңызды бирөө жеп койсо башкача болосуз да. Ошентип чыгардык анан. Толкунбектин катталуучусу көп экен. Мен ал убакта андайды түшүнчү эмесмин. Алар хайпты кармаган балдар экен. Бирок ырды бизден башкасы ырдаса деле хит болмок. Ыр өзү жакшы болуп жатпайбы.
Ыр хит болуп кеткенде эң биринчи менден Super.kg порталы маек алган. Super.kg мени элге таанытты. Ошондон кийин жакшылыктарга чакырыла баштадым, Бекжан Темирхан боло баштадым. Капкара бала бир аз болсо да агара, тазара баштады.
– Жакшы. Бул капкара баланын балалыгы кандай өткөн?
– Мен 1995-жылы Аксынын Кербен шаарында төрөлгөм. Балалыгым Кызыл-Жар айылында өткөн. Дыйканчылык, мал багуу менен алектенчүбүз. Биз 5 бир тууганбыз. 3 иним, бир карындашым бар. Мен үйдүн улуусу болгондуктан дыйканчылыктан тышкары балдарды карап, тамак жасап, тандырга нан жаап, үй жыйначумун. Биздин айылдагы мектеп 9-класска чейин болгондуктан 10-11-классты Кара-Жыгач деген айылда таякелеримдикинде жашап окудум. Алгачкы ырым ошол жакта жүргөндө 10-класста жаралган. Азиза деген классташыма арнап чыгаргам. Бул сүйүү эмес. Ал мектепке унаа айдап келген байдын кызы болчу. Ошондой болсо да өтө жөнөкөй, жакшы кыз эле. Ошонусуна суктанып, ал кызды мактап, ыраазы болуп “Периштем” деген ырым жаралган.
– Ата-энеңизде чыгармачылык чымындар барбы?
– Атам ырчы болом десе, чоң атам “ушул да кесиппи?” деп уруксат бербей коюптур. Атамдын аты Темирхан. Атын чыгарайын деп Бекжан Темирхан болуп чыктым. Мен ырчы болом дегенде ата-энем колдоду. Атам “мен чыга албадым, эми сен уят кылба” деди. Ошентип Искусство жана маданият университетине тапшырдым. Азыр 4-курста окуйм.
– Сүйүү маселеси кандай болуп жатат?
– Сүйбөс болдум (күлүп). Зарлык Камбаралиев айтмакчы, сүйүүгө үтүр эмес, чекит койдук. Буйрук экен. Канча аракет кылсаң да буйрубаган нерсе буйрубайт экен. Сүйүүдөн алган сабагым ушул болду. Манас Алыкулов бир жолу “эмне, эч кимди сүйбөй калдыңбы, акыркы ырларың жарбай жатат го?” дейт. 2-3 жыл иштейинчи. Мен сүйүп калсам башканын баарын таштап, ошол адам деп гана жашап калам. Мурда эле чыга турган бала болчумун. Сүйүүнүн айынан иштебей, баары токтоп калган. Ошондон корком.
Перизат Музуратбекова