КАЗА БОЛГОН КИШИНИ СӨЗГӨ ЧАКЫРЫП... Тамадалар тойдогу кызыктуу окуяларды баяндашат

Кыргыз эли тойду жакшы көрөбүз. Той-мааракелерде жүздөгөн кишини башкаруу, аларга жакшы маанай тартуулоо, кечени жакшы деңгээлде өткөрүү милдети тамадалардын моюнунда эмеспи. Ушундай чоң ишти аркалаган тамадалар тойлордо кандай кызыктарга кабылышканын айтып беришет.

Эрнест Бөрүбаев: “КЫЗДЫН АПАСЫ “МЕН ЭМЕС, КАЙНЕНЕСИ ЫЙЛАСЫН” ДЕГЕН”

– Үйлөнүп жаткан баланын атасы каза болуп калыптыр. Бала тараптан бирөө кудаларга кулдук уруп сүйлөшү керек да. Атасынын иниси чыкты. Бир аз кызуураак экен, микрофонду берсем эле ыйлап баштады. “Атам жок деп эч качан өксүбө, мына биз турабыз. Эч нерседен коркпо, биз үйлөндүрүп жатабыз, дагы деле үйлөндүрө беребиз” десе боло. Эл дуу күлүп жиберсе, “күлбөгүлө, мен дайыма тикемден тик турам” деди. Айтып алган сөзүнө маани бербей калды да.

Бир жолу кыз узатуу тойдо кызын узатып жаткан эжеге сөз берсем күлүп өзүнчө эле жыргайт. “Эже, маанайыңыз аябай жакшы го, негизи ата-энелер кыздарын узатып жатканда ичтери ачышып, ыйлап узатышат го, кичине ыйлап койсоңуз боло” десем, тиги эже менден микрофонду алып, “эмнеге ыйлайм? Кызымдын мүнөзүн жакшы билем да, мен эмес, кайненеси ыйласын” деди. Күлө берип шайыбыз оогон.

Алгачкы жолу 2007-жылдары элүү кишилик той алып баргам. Мен анда кафеде музыкант болуп иштечүмүн. Той берген адам кафенин жетекчисинин агасы болчу. “Үйрөн, качанкыга чейин ушинтип жүрө бересиң” деп кыйнап эле тамадалыкты мага берип койду. Үй той берип жаткан. Аябай даярданып бардым, калтырап сүрдөп жатам. Эптеп чыгып учураштым, “ак өргөөлүү болушуп, силерден бата алалы деп отурушат. Анда эмесе, тойду ачып берүү үчүн...” деп той ээлерин чакырып, микрофонду бергенде эле жарык өчүп калды. Өлө сүйүндүм. Жарык күйбөсө экен деп тиленип турам. Кудай жалгап свет эки сааттан кийин күйдү. Ага чейин коноктор кызып калышыптыр, мага оңой болуп калды. Даярданып келгеним боюнча сүйлөтүп, оюн өткөрүп, тойду аяктадым. Тойдун ээси нааразы болот го деп коркуп отурсам, “баары сонун болду” деп кучактап, акча кошуп берген. Ошондон кийин тексттерди дептерге жазып жаттап алып барып жүрүп тамадалык уланып кеткен.

Гүлжайна Атаканова: “КАЗА БОЛГОН КИШИНИ СӨЗГӨ ЧАКЫРА БЕРИПТИРМИН”

– Бир жолу үйлөнүү тойдо баланын ата-энесинин атын жазып бергиле дедим. Анан ата-энелерди чакырдым, баланын атасы чыкпайт. “Баланча байке, келип койбойсузбу, биз сизди күтүп жатабыз” десем эч ким унчукпайт. “Байке, каякка кеттиңиз, менден качып кутулам деп ойлобоңуз, келин алып эле качып кетесизби?” деп аябай тамашага салып урдуруп жаткам. Анан бирөө келип, “Гүлжайна, ал киши каза болуп калган” десе болобу. Мен аттарын сурасам унчукпай жазып берип коюшуптур да.

“Сүйүү, сүйүү жашка карабайт” деген ырды биринчи Сагын Эргешов экөөбүз жаздырдык эле го. Бир тойдо музыкант бала башка ырды коём деп жатып, ушул ырды коюп жибериптир. Ырдап жатсам эле ортодон Сагындын үнү кетип жатат. Эмне кыларымды билбей музыкант балага “оозуңду кыбыратып тур” деп микрофонду берип, кырдаалдан чыгып кеткем.

Болотбек Тилек: “КИЧИНЕКЕЙ БАЛАНЫ ТЕБЕЛЕП КЕТКЕМ”

– Бир тойдо келинге букет ыргыттырганды унутуп калыптырмын. Бата кылдырып, тойду бүтүрүп салгандан кийин күйөөсү келип, “гүлдү эмнеге ыргыттырбай койдуң?” деп жатпайбы. Көрсө, келин “букет ыргытпай калдым” деп ыйлап жатыптыр. Ага жолукпай эле кетип калгам. Кийин бир тойго тамада болуп барсам баягы эки жаш конок болуп келиптир, жолугуп калдык. Кыз мага келип “мен аябай күтүп жатсам гүлдү ыргыттырбай койдуңуз. Мен көргөн тойлордо сонун сөздөрдү айтып, сонун кылып букетти ыргыттыргансыз. Сизди ошол үчүн чакырдык эле” деп аябай арманын айткан. Унутуп калганымды түшүндүрүп, кечирим сурагам.

Бир тойдо кичинекей балдар бийлемек экен. Келип тизилишкенде аларды тааныштырып жаткам. Бир баласы мандаш токунуп отурмак экен, ал менин аркама келип отуруп алыптыр. Мен аны кайдан билдим, аларды жарыялап, артка бурулуп эле тиги баланы тебелеп кеттим. Ал баланы тургузуп, элге кол чаптырып көңүлүн көтөрүп, “минтип тамадалардын артына отурбай жүр, алар жаман, ушинтип тебелеп кетишет” деп тамашалап элдин көңүлүн буруп кеткем.

Улан Турдалиев: “БАЙКЕНИ ЭЖЕ ДЕП ЧАКЫРЫП АЛЫП...”

– Тойдун башында бизге тизме беришет да. Биринде Бекжан, Эржан аягында Нуржан деген ат бар экен. Нуржан деген ат аял кишиге да коюлат го. Аял киши го деп Нуржан эже деп чакырдым. Чыгып келишти, бирөө кичине кызуураак экен. Мага келип, “эмне менин байкемди эже дейсиң, байкем сага эже көрүнүп жатабы?” деди. “Байке, мага тизме беришкен, эч нерсе деп жазбаптыр, билген эмесмин” дедим. Нааразы болуп кеткен. Той ортолоп калганда баягы байке бир топ кызып калыптыр. Мага келип жакадан алды да, тарс эле мурду менен мени сүзүп калды. Мурду канап кетти. Анан эле байкени бирөө жетелеп кетти. Кырдаалдан чыгып элге жакшы маанай тартуулаш керек болуп калды да, “туура түшүнүңүздөр, сценарийде ушундай жазылган, кичине кан чыгарып коёлу дедик эле” десем отургандар дуу күлүп жиберишти.

Бир тойдо аксакал мага келип “балам, сенин сөзүңдү уккум келип жатат, сага жакыныраак отурайын” деп эшиктин оозуна отуруп алды. Колунда таягы бар экен. Мен да тамашалап “кирип-чыга бергендерди кайтарып отуруңуз” деп койдум. Күлүп эле макул деп койду. Кийин аны бирөөлөргө айтып бергем. Анан бир тамада да тойдо бир аксакалды чакырып, “эшикти кайтарып отуруңуз” дептир. “Төргө отурбай, элди кайтарып босогого отургудай мен эмне сенин койчуманыңмынбы?” деп тамаданы таяк менен башка чааптыр. Тамадалардын арасында “карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр дегендей, Уланды туурайм деп...” деген сөздөр айтылып келет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
akmanai
2021-08-30 14:43:49
Кулуп алдым
+2
Erlan_95
2021-08-30 15:43:54
Хахаххаах го))
+1
Nina.alex
2021-08-30 16:15:51
Гулжайнаныкы окшошпой калдыго. Калп эле урдуруп салды окшойт
+7
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан