Окуучу кезде бул куудул айымдын “Айылдык кыз” деген сатирасын көп көрчүбүз. Эки сөзүнүн бири жүзүңө жылмаюу тартуулаган Назира айым биздин маек төрүбүздө. Аны менен неберелери, куудулдук өнөрү, шакирттери тууралуу баарлаштык.
– Саламатсызбы, Назира айым, куш келипсиз! Небереңиздин бешик боосу бек болсун? Бул канчанчы небереңиз?
– Чоң рахмат. Негизи алтынчысы. Былтыр, тилекке каршы, бир неберем чарчап калган. Кудай буюрса, бир айдан кийин дагы неберелүү болом. Буюрса, сүйүнчүлөйм. Мен өзүм жаш кезимде эки эркек, эки кыздуу болом деп тилечүмүн. Эки эле кыздуу болуп калдым деп арман кылып жүргөм. Кудайга шүгүр, күйөө балдарым өз баламдай. Жылдызыбыз аябай келишти, мага эркелешет. Кыздарды күйөөгө бергенде төрт балалуу болдум дегем, азыр неберелерим көбөйүп жатат.
– Жапжаш болуп туруп беш балага таене болуу өзүнчө бакыт болсо керек.
– Улуу неберем 3-класска барып калды. Улуу кызым 30га чыгат. Парктардан “бул балдарыңбы” деп сурап калышканда “жок, неберелерим” десем, “канча жашыңда турмушка чыктың эле?” деп аябай таң калышат. Биздин тукум жаш көрүнөт. Чынында эле 17 жашымда турмушка чыккам. "Товар жакшы деп дароо алып кетишкен" деп тамашалай берем. 38 жашымда таене болдум. Өрүктүн сырты таттуу, данеги андан да таттуу деп коюшат го. Неберелер чынында ширин болот экен.
– Карылыктан коркосузбу?
– Башында коркком. 30га чыкканда картайдым деп аябай ыйлагам. 40ка чыкканда “апей, 30 жашым такыр эле жаш турбайбы” деп күлгөм. Медициналык изилдөө боюнча, азыр 70тен кийин карылык келет дегенди угуп “70ке чейин жапшаш болуп жүрө берем” деп коркпой калдым. Кээ бир айымдар “айылда түйшүк көп, эми силер артистсиңер” дей беришет. Бир эле артист эмес, ар бир адам өзүн караш керек. Азыр ар бирибиздин колубузда телефон бар. Кандай машыгуу, кандай маскаларды жасаш керектигин карап алып, күнүнө өзүнө бир саат убакыт бөлгөнгө мүмкүнчүлүгү бар болуш керек. Мен деле өзүмдү таштап койсом шалпыйып калмакмын. Эртең менен чуркайм, сууну көп ичем. Көнүгүүлөрдү жасайм. Эл катары чучук, беш бармакты мен деле жейм, бирок аздан.
– Жездеңиздин арты кайрылуу болсун! Кандай адам эле?
– Рахмат. Адам бүт нерсеге көнөт экен. Мен жездемди “папа, брат” деп койчумун. Бизге ата ордуна ата, байке ордуна байке болчу. Бардык учурда акыл сураган адамым жездем болчу. Жакшылык-жамандыкта башында туруп берчү. Өзүм негизи ыйлаакмын, эжем ыйлап жатса кошулуп ыйласам, "соороткондун ордуна ыйлайсың" деп мени урушуп жатышты. Туугандар Алина эжемдин жанында болуп, алаксытып тоого, жаратылыш коюнуна алып барып жаттык. Менин артист болушума жездемдин салымы бар. Эжем артист болбойсуң десе, жездем мени колдоп, гастролго ээрчитип алчу.
– Үйдүн түйшүгүн жалгыз көтөрүп күчтүү болуудан тажап, назик болгуңуз келген учур болобу?
– Албетте, болот. Бирок элестете албайм. Күлкүм келип кетет. “Кечке эле мен иштей беремби, тажап кеттим, баарын мага үйүп коёсуңар” дечүмүн. Көрсө, динде антип сүйлөбөш керек экен. Ырыскыны бир киши аркылуу берип коёт тура. Ушуну уккандан кийин “Кудай, кечирип кой, бүгүнкү ырыскыңа рахмат” деп калдым. Кээде чарчап кетем. Мен деле бирөөнүн аялы болуп, үйдө отуруп, күйөөмө эркелеген тынч жашоону каалайм. Күйөөгө тиейин десем, кээ бир эркектер алам дейт. Бирок албай эле тийгени жаткан болуп калат. Аны байкап калам да, "кой, сени албайм, мен кызмын, эркек эмесмин" дейм (күлүп). Ошентип назик болгонго убакыт жок.
– Куудулдук өнөрүңүз кантип жатат?
– Мага көптөр “дагы эле гастролдо жүрөсүзбү?” деп таң кала беришет. Азыр гастроль мурдагыдай эмес, киреше жок. Үйдө, тойлордо жүрө берип сахнаны сагынып кетем. Ошондо гастролго чыгам. Кээ бир жерде аз, кээ бир жерде эл жакшы келет. Аз келди деп басып кетпейм. “Жетиген” тобу деп 10 жыл шакирттерди өстүрдүм. Алар ар тармакты аркалап кетишкендиктен шериктен аксап калып жатам. Жалгыз өзүм эле сүйлөп элди күлдүргөнгө өтөйүн деп жатам.
– Шакирт деп калдыңыз, кандай деңгээлге жеткенде шакирт тарбияласа болот?
– Негизи атайын шакирт алам деп деле ойлогон эмесмин. Бир берүүгө кастинг жарыялап жаш таланттарды алганбыз. Кастингден өткөн 15 баланы 3 айдай сүйрөп жүрдүм. Сахнага кантип чыгышты үйрөттүм. Аларды алып өз каражатыма Бишкекке жакын жерлерге концерт коюп, түндө ар бирин үйүнө жеткиребиз. Биздин долбоор ишке ашпай калып, демөөрчүлөр дагы каражатты төлөбөй калганда “кеткиле, силерди бага албайм” дедим. “Бизди шакирт кылыңызчы” деп болбой жатып 6-7 бала калган. Бирөөнүн баласын эмес, өз балаңды тарбиялоо деле өтө кыйын. Жакшы тажрыйба алып, сахнада ордуңду таап, бышып калганыңды сезгенде шакирт тарбиялап артыңда из калтыруу жакшы нерсе деп ойлойм. Кээ бирөө билгенин бирөөдөн кызганат, бул туура эмес.
– Сатира кандай учурда жаралат?
– Манас Бердибековдун сатираларын аябай жакшы көрчүмүн. Үйгө келгенде ага чай куюп бергендин өзү эле чоң бакыт эле. “Мага сатира жазып бериңизчи” деп өзүнө айта албайм. Алина эжемди эле кечке жей берчүмүн. Бир күнү Манас байкеге жолугуп калып, “сиңдиме сатира жазып берип коюңузчу” десе макул болуптур. Күтсөм жок. Номерин алып үй телефондон чалдым. Колума дептер, калемсап даярдап алгам. “Алинанын сиңдиси болом. Сатираны айта бериңизчи, жазып алам” десем, “сатира оңой эле жарала койбойт, ага башкача көңүл буруш керек” деди. “Жок дегенде темасын айтып коюңузчу” десем, “кандай сатира ойногуң келет?” деп сурады. “Элде жок, башкача” десем “айылдан келген кыз жөнүндө ойнобойсуңбу” деди. “Айылдык кыз” деп темасын жаздык. “Гастролго кетип жатам, ошол жактан жазып келейин” деди. Ошондо Ысык-Көлгө кетип, Манас байке каза болуп калды. Үй шыпырып жатсам эле радиодон Манас байкенин каза болгонун айтты. Өкүрүп-бакырып ыйлап жатам. Бир чети жакшы көргөн инсаным, ага ичим ачышты. Бир чети күтүп жүргөн сатира бүтпөй калды.
2-3 жылдан кийин Өзгөндө концертке билет сатып жаткам. Эшикте чачы экиге байланган, юбка кийген бир кыз эркектер менен мушташып ойноп жүрөт. Кыймыл-аракети аябай жагып жатты. Мага келип “эже, бир "женский", бир "детский" билет берип коюңузчу” деди. Үйгө келгенден кийин жанагы кыздын образы көз алдымдан кетпей койду. Түндө 12 барактуу бир дептерди толтуруп “Айылдык кыз” деген сатираны жаздым. Түнкү 3тө Нурлан Намазбековду ойготуп "сатира жаздым, уксаң" деп окуп бердим. Орус мүнөз неме “где надо смеяться?” деп жатып алса боло. Алина эжемдин кызын ойготуп берилип айтып берип жатсам “уктай берейинчи, күлкүм келбей жатат” десе боло. Башкаларды ойготсом тил угам да. Ошто Гүлбар деген айылга барганда “эже, сахнага чыгып аткарайынчы” деп жалдырадым. Ал мага “эл күлбөсө экинчи сахнага чыкпайсың” деп шарт койду. Афиша илип жүргөн Кайрат деген балага “сахнага чыгып з эле суроо берип койчу” дедим. Ал аялдын кийимин кийбейм дейт. 200 бирдик салып берем деп көндүрдүм. Сахнага чыксам эл кол чаап күлүп жатат. Ага чейинки интермедиялар биякта эле калып калды. Кийин улам керек эмес жерлерин алып, керек жерлерине кошуп иштеп чыга бердим. Ошентип сатира жаза баштадым.
Сатиралар туугандардын, элдин окуяларынан эле алынат. Азыр дагы бир сатираны бышырып жүрөм.
- Сизге ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат.
Динара Акимова