Мезгил үнү
Бизде бүгүнкү күнгө чейин президенттен кийинки эле өлкөнүн “кожоюну” премьер-министр болуп келген. Эми өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы менен өкмөт башчынын бийлиги ажонукунан да таасирдүү болот. Кеп кезегин министрлер кабинетинин башчыларына берели.
ЭГЕМЕНДИКТИ АЛГАНДАН КИЙИНКИ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАР:
ӨР БАШЫНДАГЫ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАР
Ошол кездеги аркалаган жүгү, өтөгөн кызматына карап айтсак, Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы деп Жусуп Абдрахмановду көрсөтүүгө болот. Ал Кыргыз ССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы катары 1927-жылдан 1933-жылга чейин иштеген. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылга дейре баш-аягы 15 киши өкмөт башчылык жүктү аркалап келген. Анын ичинен Министрлер кеңешинин төрагалары болгон Абды Сүйөркулов (1950-1958-жылдар) менен Ахматбек Сүйүмбаев (1968-1978-жылдар) бийликтин тизгинин эң узак кармап турушкан.
КАЙСЫ ПРЕМЬЕР ЭМНЕСИ МЕНЕН ЭСТЕ?
Туңгуч президент Аскар Акаев 15 жыл башкарган мезгилде 11 ирет өкмөт башчы алмашкан. Кийинки ажо Курманбек Бакиев 5 жыл бийликте отуруп, 7 өкмөт башчы менен иштешти. Ал эми 7-апрелден кийин Роза Отунбаева аткаруу жана мыйзам чыгаруучу бийлигин тизгиндеп келет. Жакын арада парламентте коалиция түзүлгөн соң бул тактынын жаңы ээси аныкталат.
Насирдин Исанов – Эгемен Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы. 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. 1990-жылы президенттик шайлоого катышып, Аскар Акаевден кийин 2-орунду ээлеген. Аскар Акаев берген убадасы боюнча аны премьер-министр кылып дайындайт.
Бирок 1991-жылы 29-ноябрда түшүнүксүз жагдайда автокырсыктан көз жумуп, “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилген. Эл ичинде “Акаев Исановдун саясий кадыр-баркынан чочулап, ошон үчүн атаандашынын көзүн тазалаткан” деген кептер айтылып келет.
Турсунбек Чыңгышев – “Кыргызстанда бир гана акмактар жана жалкоолор уурдабайт” деген учкул сөзү менен таанымал. 1942-жылы 15-октябрда Нарын облусунда төрөлгөн. Өкмөт башчы болуп турганда, алтын чыккан Кум-Төр ири кенин канадалык “Cameco” фирмасынын пайдасына чечип берүүдө чечкиндүү роль ойногон. Чуулгандуу бул окуянын айынан легендарлуу парламент аны отставкага кетирүү маселесин көтөрүп чыккан.
Апас Жумагулов – эгемен өлкөбүздө эң узак иштеген өкмөт башчы. 1993-1998-жылдары министрлер кабинетин жетектеген. 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунда туулган. Менчиктештирүү доорунда Апас Жумагуловдун ири ишкерге айлангандыгы да белгилүү.
Жумабек Ибраимов – калың эл ичинде кадыр-баркы жогору болгон саналуу өкмөт башчылардын бири. 1943-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. 1998-жылы 25-декабрда премьер-министр болуп дайындалып, 1999-жылы февралда Москвадагы онкологиялык ооруканага жатат. 1-апрелде кома абалына түшөт. Ошентип, 4-апрелде ашказандын залалдуу шишигинен каза табат.
Курманбек Бакиев – Аскар Акаев президент кезинде премьер катары 2 жыл иштешкен. Ал өкмөттү жетектеп турганда Аксы окуясы болуп өткөн. Ошол мезгилде президент чет өлкөдө жүрүп, өлкөнүн экинчи адамы К.Бакиев “ооруп” жатканына байланыштуу эс алууга чыгып кетет. Чоң чатакка айланган Аксы окуясынан соң ал отставкага кеткен.
Николай Танаев – Акаев кезиндеги өкмөт башчылардын бири. Премьерлик кызматка Курманбек Бакиев ээрден шыпырылганда келген. Аксы окуясында “айрым мамлекеттик кызматкерлер күнөө кетирген” деп билдирген. Март революциясынан кийин президенттин артынан Орусияны көздөй качкан боюнча кайра келе элек.
Феликс Кулов – Курманбек Бакиев менен тандем түзүп, бийликке келген өкмөт башчы. Ал премьер болуп турган эки жыл ичинде өлкөдө эмнелер гана болгон жок?.. Кудайдын куттуу күнү Ак үйдүн тушунда митинг-пикет, маркум Рысбек Акматбаев менен тирешүү, саясий буюртма өлтүрүүлөр өкүм сүргөн. 2007-жылы январда Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин эки жолу колдобой койгон соң кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
Алмазбек Атамбаев – "оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болом" деген өкмөт башчы. Бирок Таластагы Жер-Үй жана Андаш кендерине байланыштуу митингдерге сүйлөшүү үчүн барганда, анын унаасы таш бараңга алынган. Премьерликте турган сегиз ай ичинде өлкөнүн казынасын бир топ өстүрүүгө жетишкен. Ошентсе да анын өкмөттү жетектеп турган учурунда Ак үйдө ууланып калгандыгы көбүрөөк эсте калган. Ошентип, бир жылга жетпей көкүрөгүнө медалды тагып алып, Ак үйдөн оппозицияга карай чыгып кеткен.
Игорь Чудинов – орус улутунан премьерликке келгендердин төртүнчүсү жана эң жашы. Ал 1961-жылы 21-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. 2007-2009-жылдарда дүйнөнү каржылык кризис каптаганда, башкаруу тажрыйбасы аз болгонуна карабай өкмөттү башкарды. “Сөзсүз кыргызча үйрөнөм” деген бул аткаминер жарыкты өчүрүү, Кум-Төр жана "Гансиге" байланыштуу пайдалуу келишимдер менен эсте калды. 7-апрелден соң "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кармалып, кийин тил кат менен бошотулду.
Данияр Үсөнов – жылуулук менен жарыктын баасын асмандаткан өкмөт башчы. “Мага өкмөттүн бир тыйынынын да кереги жок, өзүмдүн тапкан дүнүйөм жетет” деп күпүлдөөдөн тажабаган Данчик 7-апрелдин келип чыгышына себеп болгондордун катарында. 2009-жылы октябрь айында кызматка келсе, жарым жыл өтпөй Ак үйдөн алды-артын карабай качып чыкты. Учурда ага массалык адам өлтүрүү кылмышы боюнча айып тагылган.
КЕЗЕКТЕГИ ПРЕМЬЕР КИМ?
Кийинки премьердин ким болору парламенттик көпчүлүк кайсы партиялардан кураларынан көз каранды. Азырынча КСДПга коалицияны түзүү жүгү президент тарабынан сунушталды. Демек, анын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп калышы мүмкүн. Канткен күндө да Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеген адам келсе гана болгону...
Эльвира Караева
politika@super.kg