Саналуу күндөрдөн соң Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Бул жылдарда талпындык, жыгылдык, мүдүрүлдүк, айтор, өлкө жашоо үчүн күрөшүн улантып келет. Кыргыз мамлекети оор күндөрдү да башынан кечирди: Баткен окуясы, Аксы окуясы, ыңкылаптар, качкын ажолор... Албетте, мунун баары тарых барагына жазылып калары бышык. Бирок бүгүн сөз ал окуялар тууралуу эмес. Эгемендүүлүк жылдарында кандай жакшы жыйынтыктарга, ийгиликтерге жетиштик, ошол тууралуу болсун.
СОМДУН КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ
Мурунку союздук өлкөлөрдүн арасынан алгачкылардан болуп улуттук валютабыз сом киргизилген. 1993-жылы 10-майда ошол кездеги Легендарлуу парламент улуттук валютаны кабыл алуу токтомун чыгарган. Албетте, орус рублунун таасиринен кутулуу, каржы жана экономикалык көз карандысыздыкка умтулуу максатында ушундай чечим кабыл алынганы бышык. Сомду колдонууга киргизүү – өлкө үчүн талашсыз маанилүү окуялардын бири болуп калды. Бирок ошол кезде кошуна өлкөлөр мындай чечимди мыскылдап, финансылык сабатсыздык деп баалап, “сомуңар инфляцияга туруштук бере албай даараткана кагазына айланат” дешкен. Андай “прогноздор” суу кечпей, сом КМШ өлкөлөрүндө эң туруктуу валюталардын бири болгонго жетише алды.
“МАНАС” ЭПОСУНУН 1000 ЖЫЛДЫГЫ
1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы Талас облусунда чоң салтанат менен белгиленген. Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы масштабдуу иш-чарага 80ге жакын мамлекеттин расмий өкүлдөрү катышып, мааракени чагылдырууга CNN, BBC, Reuter, France Press, Xinhua өңдүү чет элдик басылмалардын кабарчылары келген. Эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын алкагында борбор калаада “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси, Талас облусунда “Манас-Ордо” тарыхый-маданий жайы курулган. Эл Талас облусундагы Манас айылына миңден ашык ак боз үй тигип, дасторкондо кучак жайып чет элдик меймандарды тоскон. Мыкты уста, уздардын 8, 12 канат жана үч кабаттуу боз үйлөрү көпчүлүктүн назарына сунушталган. Мунун баары чет элдик меймандарды таң калтырбай койгон эмес.
ОЛИМПИАДАДАГЫ АЛГАЧКЫ БАЙГЕ, СПОРТТОГУ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн Олимпиада оюндарына Кыргызстан эгемендүү өлкө катары 1-жолу өз желеги астында ат салышкан. Ал эми алгачкы байгени 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада дзюдо күрөшүнөн Айдың Смагулов алып келген, ал коло медаль уткан. Өлкөнүн имиджин көтөрүүдө спорт мыкты курал экени талашсыз, акыркы жылдарда бул тармакка түзүгүрөөк көңүл бурулуп жатканы кубантат. Алсак, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчилерден болуп күмүш байгени балбан Канат Бегалиев утуп келген. Ошондой эле балбан Руслан Түмөнбаев, Акжол Махмудов, Базар Базаргуруев (атаандашынан кызытма табылып, коло медалды 10 жылдан кийин алган), Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарованын ысымдарын кыргыз спортунун жаңы тарыхын жазгандарга кошсок болот.
КИНО ТАРМАГЫНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР
Маданият – бул дүйнөнү куралсыз башкаруучу тармак. Мисалы, мамлекеттерди бөлүп турган чек ара сызыгы, ар улуттагы адамдардын бири-бирин түшүнүүдө тил барьери бар, ал эми маданиятта андай чектөөлөр жок. Андыктан Кыргызстандай чакан өлкөлөргө маданият, кино, искусство аркылуу дүйнөгө таанылууга мүмкүнчүлүк кенен. Алсак, Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, “Саякбай”, Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Свет аке”, “Кентавр”, Нурбек Эгендин “Аталар керээзи”, “Ээнсиреген үй”, Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк!”, “Апамды издеп”, “Көк бөрү” Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи”, Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка”, Айбек Дайырбеков тарткан “Дарак ыры”, Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык”, Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмалары чет өлкөдө өткөн фестиваль-сынактардан байгелүү кайтышканы маалым. Эгемендүү өлкөнүн бир бурчун сүйрөп келе жаткан кино тармагынын ийгилиги “Кыргыз кереметинин” жанданганынан кабар берсе керек.
“МАНАС” ЭПОСУ, КӨК БӨРҮ ОЮНУ КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН ЮНЕСКОго КИРДИ
Ата-бабалардан баа жеткис байлык катары мураска калган “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине 2013-жылы Кыргыз мамлекетинин атынан катталды. Азербайжанда өткөн 164 өлкөнүн катышуусундагы ЮНЕСКОнун жыйынында кыргыз делегациясын баштап барган экс-депутат Карганбек Самаков аталган уюмдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, ал жерде кичинекей манасчыга манас айттырышкан. Бул сыймыктуу окуяда Карганбек Самаковдун ат көтөргүс иш жасаганын баса белгилеп кетпесек болбойт. Эске салсак, 2009-жылы “Манас” эпосу Кытай Эл Республикасынын атынан кыргыздын эпосу катары катталып, коомчулукта чоң талкуу болгон. Ошондой эле кыргыздын дагы бир сыймыктанчу көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. Эске салсак, буга чейин 2014-жылы көк бөрү оюнун каттоого документтер жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизүү үчүн артка кайтарылган эле.
ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ
Этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз мамлекетинин эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Аталган оюнду Кыргызстанда өткөрүү демилгеси 2012-жылы козголгон. Ал эми 2014-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 өлкөнүн катышуусунда алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болуп өткөн. Ондогон өлкөлөрдөн келген спортчулардын оюнга катышуусу өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө салым кошот деп боолголонгон. Алсак, 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда күү чертилип, ал “Гиннесстин рекорддор китебине” киргизилген. 2020-жылы оюндар Түркиянын Бурса шаарында өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу иш-чара 2021-жылга жылдырылган.
БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ АЙЫМ
Борбор Азияда демократиянын аралчасы деп бааланган Кыргызстан 2010-жылы кандуу Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт түзгөн. Ушул эле жылы саясатчы Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган. КМШ өлкөлөрүнүн арасында жана Кыргызстанда Роза Отунбаева алгачкы президент айым катары тарых барактарына жазылып калды. Президенттик такта ал Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланып келгиче, 2011-жылдын 1-декабрына чейин отурган жана эгемендүү Кыргызстанда тынчтык жолу менен президенттик бийликти өткөрүп берген биринчи президент катары да тарыхта калган.
Лунара Бекиева