Олимпиада оюндарынан коло медаль тагынып кыргыз элин кубандырган Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси Сезим Жуманазарова да Орусияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунан коло медаль тагынып кайтты. Эжесинин жолун жолдоп күрөшкө келип калган балбан кызыбыз менен спортко кантип келип калганы, эжеси Мээрим тууралуу кыскача маек курдук.
– Куш келипсиң, Сезим, коло медаль кут болсун! Чемпиондукка кандай барып келдиң?
– Рахмат. Бардык эле спортчу мелдешке коло эмес, алтын алам деп барат. Мен деле алтын алам деп баргам. Экинчи айлампада италиялык спортчу кызга утулуп калганда аябай ыза болдум. Ушунча келгенден кийин куру кетпей медаль алып кетиш керек деп 3-орунга дагы ниет койдум. Жубатуучу беттеште шри-ланкалык балбанды, коло медаль үчүн күрөштө польшалык спортчуну жеңип алдым.
Май айында Стамбулда эл аралык турнир өткөн. Финалда түркиялык балбан кыз менен беттешип жатканда сол ийинимди оорутуп алып жакшы күрөшө албай, 2-орунду алып калгам. Дүйнө чемпиондугуна даярданып жатканда 15 күндүк сбор өттүк. 1-2-күнүндө эле ошол жаракатымды козгоп алып Дүйнө чемпиондугуна жакшы машыгуудан өтө албай калдым. Колум ооругандыктан атаандаштарыма көп чабуул кыла алган жокмун.
– Сендей назик кыз кантип күрөштү тандап калды?
– Атам менен Мээрим эжем залга барганда артынан ээрчип барып, машыккандарын карап отура берчүмүн. Бир ирет үстөлдө отурсам атам келип “эй, бас, сен дагы машыкпайсыңбы” деп тамашалаган. Ошентип жүрүп эле эмне болуп күрөшүп калганымды өзүм деле байкабай калдым. Мени күрөшөт деп үйдөгүлөр деле ойлогон эмес. Күрөшкө болгон кызыгуумду Мээрим эжем ойготкон.
– Мээрим эжең Олимпиада оюндарында килем үстүнө чыкканда кандай сезимдердин коштоосунда эфирди көрүп жаттың?
– Дүйнө чемпиондугунда өзүм күрөшүп жатканда да андай толкунданган эмесмин. Биз Ысык-Көлдө сбордо болчубуз. Түз эфирди ошол жактан Калмира, Назира эже (ред.: Марсбек кызы) болуп көрдүм. Эжем күрөшүп жатканда жүрөгүм бат-бат согуп санааркап, аны менен чогуу кыймылдап жаттым. Муну жасаңыз деп бакырабыз, баары бир укпайт да. Экинчи айлампада утулуп калганда эми эмне болот деп ыйладым. Кудай буюрса, үчүнчү орун болот деп ишенип дуба кылып отурдук. Коло медаль утканда тура калып кыйкырып, кубанычтан ыйлап бири-бирибизди кучактап аябай катуу сүйүндүк. Мээрим эжемдин Олимпиада оюндарынан коло медаль утканы абдан чоң мотивация болду. Ушундай чоң ийгиликтерге жетсе болот деген ишенич пайда болот экен.
– Мээрим үйдө кандай эже?
– Эжем “жок нерсеңди айт, алып берейин” деп бизди жакшы карайт. Аябай мээримдүү, атына заты жарашкан кыз. Бир жакка чогуу чыгып калганда “ии, могу сонун экен” десең алып берип коёт. Бир нерсени айтсаң “өзүң бил” деп эркиндик берет, айрым иштерде кеңешин берет. Күрөштүн ыкмаларын көп үйрөтөт. Машыгууларда чогуу иштейбиз. Мелдешке барып келгенимден кийин “эмне муну жасабай койдуң, эмне бутка кирген жоксуң, бул жерден мындай кылыш керек болчу” деп урушту. Көбүрөөк күрөшкө байланыштуу урушат.
– Эсиңде калган беттешиң кайсы болду?
– 2018-жылы жаштар арасында Ташкентте Азия чемпиондугу болгон. Ошондо коло байгеге ээ болгом. Ошол мелдешим эсимден кетпейт.
– Сендей сулуу кызга сөз айткан жигиттер көп болсо керек. Аларга жооп берип койбойлубу.
– Спортчулардын 80 пайызы “баланча мелдеште утмайын эч ким менен сүйлөшпөйм” дешет. Менде деле ошондой, азырынча жигит жөнүндө ойлоно элекмин. Эң негизги максатым – Олимпиаданын алтын медалы.
Мен 18 жаштамын. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында машыктыруучулук факультетте окуп жатам.
– Маегиңе рахмат, ийгиликтерди багындырып жүрө бер.
Динара Акимова