Ырчы Мирлан Баековдун багын ачкан “Кызыл өрүк”, “Ата тилеги”, Аваз Акимовду элге тааныткан“Айганыш” ырларынын тексти “Жоролор” тобунун жетекчиси куудул Жылдызбек Абдраимовго таандык. Ырдан тышкары сатира да жазган куудул Жылдызбек мырза жаңылыктары менен бөлүштү.
– Саламатсыңбы, Жылдызбек? Куш келипсиң. Көптөн бери көрүнбөй кеттиң эле. Сыягы, бизге жаңылыктарың менен келдиң…
– Саламатчылык, ооба, бир топ жаңылыктарым бар. Биринчиси – китеп чыгарайын деп жатам. Анда сатира, пародия, ырларым, анын ичинде обондуулары, чоң куудулдардан баштап Жакутка чейин арнаган тамашалуу ырларым да болот. Көзү өткөн куудулдарга арнаган эскерүүлөрүм да кошулат.
– Ыр жазуу таланты кимден өткөн?
– Ыраматылык атам ыр жазчу. Бирок жазгандарын китеп кылып чыгарган жок. Сыягы, таланты мага өткөн окшойт.
– Качантан баштап жазып баштагансың?
– Мектептеги кезимде анча-мынча чийгилеп койчумун. Кийин куудул болуп, жашоого калчанып бышып баштаганда көбүрөөк жазып баштадым. Ырларыма өзүм чоң сынчымын. Күчтүү акындардын ырларын окугандан кийин эле өзүмдүн ырларым жакпай баштайт. Бүгүн жазганымды эртең жаратпай салам. Жарагандарын иргеп китепке киргизем.
– Ырларыңды сынчыларга сынатып көрдүң беле? Кандай пикирлерин айтышкан?
– Сахналаш досторум, чоң куудулдар жакшы пикирлерин айтып жүрүшөт. Бирок өзүм Шайлообек Дүйшеев агайга сынатып, китебиме баш сөз жазып берсе дейин дедим эле. Бирок агай ооруп жатыптыр деп угуп токтоп калдым. Айыгып кетсин. Агай менен 2000-жылы таанышып калгам. Шаарга жаңы келген кезим. Спорт ордосунда байгелүү лото оюну ойнотулуп калды. Барсам, бир досум оюнга катышып жүрөт. Мен да катыштым. Уткандарга Шайлообек агай өзүнүн “Арабадагы ыр-2” деген китебин берип жатыптыр. Мен утушка кызыкпай эле, китепке кызыктым. Анан агайга минтип ыр жазып берип жибердим:
Мен келдим лото жарышка,
Байгелүү белек алышка.
Фамилиям чыкпайт дегеле,
Жарабайт окшойм намыска.
Таластан келдим атайын,
Бир китеп берчи карызга.
Аны окуп аябай күлгөн. Мени чакырып китебин берип, "эртең редакцияга келип ырларыңды окуп бер” деди. Эртеси барып айылда жүргөндө жазган калдыр-шалдыр ырларымды окуп берсем абдан күлдү. “Мени менен байланышта болуп, келип тур” деди. Бирок ошол бойдон кайра агайга кайрылып барган жокмун. Ошого өкүнөм.
Рахман Разыков, Күмөндөр Абылов агайлар “биз ыр жазганды кечирээк баштап калдык, сен убагында жазып жатасың. Ошону токтотпо” дешкен.
Рахман Разыков агай көз жумардан 10 күн мурун ооруканада жатканда чалып “Манас Бердибеков тууралуу китеп жазып жатам, арасында эски куудулдарды эскерүү да болот, ошого жаш куудулдардан эскерүүнү сен жазып бер” деди. Мен Манас аганы көрбөй калдым, бирок Дөөлөт Мадымаев, Жаныбек Алыкулов агалар менен жакшы эле аралашып жүрүп калдым да. Макул деп эскерүү жазып, аягын мындай ыр менен жыйынтыктадым:
Жайдары мүнөз жаркындар,
Күлкүгө тунган алтындар,
Узарып жылдар өтсө да,
Унутпай эстээр калкың бар.
Кейишке салып бат кеткен
Бейишке чыксын маркумдар.
Агай аябай сүйүндү. Бирок көп өтпөй кайтыш болуп кетип, эскерүү ырым өзүнө да арналып калды.
“Өксүк ыры” деген ырымды өткөн жылы пандемия күчөгөн кезде биринин артынан бири кеткен Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Чубак Жалиловго, дегеле коронавирустан көз жумган бардык адамдарга арнап жаздым. Аны Мирлан Баеков ырдап чыкты. Кыраандар Элмирбек, Зайырбек, Чубак агайлар кайтыш болгон кезде мен да коронавирус менен катуу ооруп жаткан элем. Жаман кабарларды уккан сайын жүрөгүм солк этип, титиреп кетип жаттым. Анан ырды жазгандан кийин гана бир жүктөн арылгандай болуп “өх” деп алдым. – Кел эми обондуу ырларыңа кайталы. Алардын саны канчага жетти?
– 20дан ашык ырыма обон чыгарылып, ырдалып жүрөт. Жарымынан көбү элге тарап, хит болгон. Сыймык Бейшекеев 4 ырыма обон чыгарган.
– “Айганыш” ырыңдын тарыхын айтып берсең.
– Анда 9-класс болчубуз. Жигиттер кыздарга кат жазганга жарап калган курак. Коңшу айылдагы бир кызга биздин айылдагы бир топ жигиттер ашык болуп калдык. Акмалап барабыз, ичибиздегини айта алмак тургай, жолуга албай кайтабыз. Анан сезимдерим ырга айланды. Бирок обону жок, “Катюшанын” обонуна салып ырдап алам. Кийин ал кыз шаарга окууга кетип калды. Кийин мен Сыймык Бейшекеевдин тобунда иштеп жүргөнүмдө байке экөөбүз бир ирет Ысык-Көлгө жөнөп калдык. Жолдо ошол ырды кыңылдап ырдап калсам, “сонун ыр го, кайра ырдачы” деди. Кайра ырдап бердим. Көлдөн келгенде текстин жазып бер деди. Анан көп өтпөй обон чыгарып, Авазга ырдатып чыкты.
– Сатира жазып, аларды “Жоролор” тобу менен сахнада аткарып жүрөсүң. Чоң сатирик болгонго дараметиң кандай?
– Мен Рахман акедей болуп саясий сатираларды, чоң темаларды жаза албайм. Рахман акенин деңгээли жетчү андайларга. Бийликтегилер да ал киши менен эсептешчү. Мүмкүн, убагы келсе мен да саясий сатираларга аралашармын.
– Дагы кандай жаңылыгың бар?
– Дагы бир чоң жаңылыгым – Бишкек шаардык кеңешине депутат болдум.
– Жакшы кабар экен, кут болсун. Талапкерлигиңди өзүң койдуңбу же сунушташтыбы?
– Талапкерлигимди коёюн деген оюм жок болчу. “Өнүгүү-прогресс” партиясынын лидери сунуштады. Макул болдум, койдум, өттүм. Тизмеде чоң бизнесмендер, кызматта жүргөндөр бар болчу. “Депутат болушуң менен” деп сахналаштар, күйөрмандарым куттукташты. Бишкектин бардык маселесин чече албасам да, мурун өзүм жашаган Ак-Ордо, анан Арча-Бешик конушунун маселесин чече алам деп турам. Аталган конуштарда кандай маселе бар экенин билем. Андан тышкары суу жок, тротуар жок конуштар бар, алардын маселесин да көтөрүп чыгып, чечкенге аракет кылышыбыз керек.
– Чыгармачылыкты кошо ала кетесиңби?
– Жүктөлгөн милдетти аткарам, чыгармачылыкты таштабайм. Депутат болуп эле тура бербейсиң да. Убакыт болсо сатира да, ыр жазам.
– “Жоролор” тобундагылар сахнадан көрүнбөй кетишти. Кайда, эмне иш менен алектенип жүрүшөт?
– Үчөө той-топурда кызматтарда жүрүшөт. Алтынбек Ажалиев тамадалык кылат. Мирлан Баеков ырдайт. Былтыр пандемия болду. Ошого да сахнадан бир аз алыстай түштүк. Эми пандемия басаңдаса гастролго чыксак деп турабыз. Мындан тышкары “Жоролор” тобу мыкты режиссёр жалдап профессионалдык деңгээлде комедиялык тасма тарталы деп пландап жатабыз. Сценарийи Алтынбек экөөбүзгө таандык. Каражат тапсак тартып баштайбыз.
– Гастроль учурундагы кызыктар көп болсо керек.
– Ооба. Бир жолу Казакстандын Караганда шаарына “Кеңеш” тобу менен “Жоролор” концерт коюп барып калдык. Мейманкананын 6-кабатына чыгыш керек болчу. Эски лифт экен. Басып жиберсек “шарак” деп өчүп калды. 1 сааттан ашык туруп калдык. Гүлмира эже ыйлап кирди. Дем жетпей эми эмне болот деп жатсак Эсенбек “ушинтип өлүп калсам үйдө мешке катып койгон 10 миң сомум эмне болот? От жагабыз деп өрттөп жиберишет го” деп күлдүрөт. Түнкү саат 3-4 болуп кетти. 1-кабатта эле турабыз. Анан бир казак келип калды. Темир таап келип лифттин оозун бир киши баткыдай кылып талкалап ачып бизди чыгарган.
– Кел эми жеке жашооңдон сөз козгойлу. Келинчегиң эмне иш кылат? Канча балалуу болдуң?
– Келинчегимдин аты Нуркыз. Жакын байкемдин келинчегинин группалашы болчу. Байкем үйлөнгөндө таанышып, жактырып калгам. Сүйлөшүп баш коштук. Менин чыгармачылыгыма, жумуштарыма кийлигишпейт.
Аялга таандык жумуштардын баары колунан келет. Чакан дүкөн ачып бергем, ошону иштетет.
Үйгө келсем үй таза, тамак даяр. 4 балабыз бар. Балдар азыр жайлоодо жүрүшөт. Үйдөн көңүлү тынч эркек көбүрөөк акча табат. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү жакшы эле багып жатам. Үй-бүлөм менин бекем чебим.
– Маегиңе рахмат! Пландарың ишке ашсын.
Канымжан Усупбекова