71 жаштагы апа Кишим Нарбаева учурда башынан жаракат алган уулу, 2 небереси менен чакан батирде күн кечирип келет. Тагдыр карыганда сыноого кабылткан эненин тагдырын баяндайбыз.
“КЕЛИНИМ КЕТИП КАЛДЫ”
– Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан болом. 1950-жылы туулгам. 4 уул, 1 кызым бар. Бишкектеги мурунку Женпеддин (ред.: азыркы Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университет) физика-математика факультетин бүтүргөм. 26 жыл райондук мектепте мугалим болуп иштедим. Союз тарап, базар экономикасы башталганда соода-сатык кылып көрдүм. Уулдарым үйлөнүп, неберелүү болгондо аларды карап үйдө отуруп калдым.
2008-жылы 1977-жылы туулган экинчи уулум үйлөнүп, удаасынан 2 балалуу болду. Балам 2010-жылы бирөөнүн үйүнүн курулушунда иштеп жүрүп тепкичтен кулап кетип, башынан жаракат алып ооруканага жатып калды. Баш сөөгүнө доо кетип, мээсине кан уюп операция болду. Ооруканада көпкө дарыланып жатып калганда келиним иштеп жүрдү. Иштеген жеринен бир жигит менен таанышып, ошого турмушка чыгып кетип калды. Уулу 2 жарым, кызы 1 жарым жашта болчу. Ал кетип калганда 2 неберемдин, оорукчан баламдын түйшүгү менин моюнума түштү. Үстөккө-босток болуп ошол учурда абышкам да жүрөк оорусунан каза болуп калды. 2 баланын келечеги үчүн тагдырдын сыноосуна сынбай, өзүмдү колго алганга туура келди. Кенедей неберелеримди азап менен чоңойттум. Эчки саап, сүтү менен бактым. Ооруп калышканда врачына да, эмчи-домчуларга да чуркап жүрүп араң айыктырдым.
“МЕН ДА КАРТАЙЫП БАРАТАМ”
– 3 жылдан бери уулум, 2 неберем менен Бишкектин Кызыл-Аскер аймагындагы кичинекей батирге 4 миң сом төлөп жашайбыз. Ала-Букада үйүбүз бар болчу. Бирок неберелерди үйдөн алыс жайгашкан мектепке ташыган мага да, уулума да оор болуп кетти. Анын үстүнө уулум иштейин десе жумуш жок шаарга келгенбиз. Ал күнүмдүк жумуштарда иштеп аз да болсо акча табат. Бирок дайыма эле жумуш боло бербейт. Уулум диагноздору боюнча 2-топтогу майыптыкка чыкса болот. “Пенсияга чык, жөлөк болсун. Дары-дармегиңе жарасын” десем “майып экен деп мага эч ким тийбей коёт” деп болбой жүрөт. Документин бүтүргөнгө өзүм чуркашым керек болуп жатат. Мен деле картайып баратам.
Айылда жашап жүргөндө неберелериме жөлөк пул алчу элем. Шаарга келгени 2 жылдан бери документтери бүтпөй аны да албай калдым. Тамак-аш табыш үчүн кээде кошуна-колоңдун короосундагы жашылчаларын отоп берип, малина терип 400-500 сом таап калам.
Калган уулдарым менен кызым өз жашоолору менен өзү. Алар деле жардам берип турат, бирок аларга түйшүк арткым келбейт.
“АПАБЫЗ КИМ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЧҮ”
– Келиним 1991-жылкы болчу. Кетип калганына 11 жыл болду. Балдарга келип кабар алган эмес. Неберелерим 1-2-класста окуп жүргөндө таята-таенесине алып барып турчумун. 2 жылдан бери алып бара элекмин. Былтыр күзүндө келиним биринчи жолу неберелерим менен видео байланыш аркылуу байланышып сүйлөштү. Сүйлөшкөндөрү жакшы болду. Көргөнгө көздөрү төрт болуп “апабыз ким?” деп сурай беришчү. Жүзүн көрүп сүйлөшкөндөн кийин “апабыз бар турбайбы, тирүү турбайбы” деп бир жаңсыл болуп калышты.
Келиним Нарындын Куланак айылына турмушка чыгыптыр. Чоң ата, чоң энесинин колунда эркелеп чоңойгон кыз болчу. Экинчи турмушунан 2 балалуу болуптур. “Кайненең менен турасыңбы? Кайда иштейсиң?” деп сурасам “өзүнчө турабыз. Уй саап иштейм. Апа, сизге рахмат, балдарды чоңойтуп жатасыз” деп ыраазычылыгын билдирди.
“ЭНЕСИНЕ АЛИМЕНТ ТӨЛӨТСӨҢҮЗ БОЛОТ ДЕШТИ”
– Социалдык фондго балдардын жөлөк пул маселеси менен кайрылсам “энесине алимент төлөтсөңүз болот” дешти. Экинчи турмушунан 2 баласы болсо кантип алимент кестиресиң? Өз турмушу менен жашай берсин. Ага таарынычым, капачылыгым деле жок. “Анда энелик укуктан ажыратыш үчүн Юстиция министрлигине кайрылыңыз” дешти. Күнүмдүк көр турмуш менен алышып жүрүп ошол жакка чуркаганга убакыт жок.
Учурда 71 жаштамын. Тизелерим какшап ооруп көп баса албай калдым. Алган пенсиям эч нерсеге жетпейт. Чакан үй болсо оорукчан уулум менен өзүбүз кысылбай кенен жашайт элек. Эми элдин жардамысыз үйлүү боло албайбыз. 15-сентябрда балдар 5-класска барышат. Аларга мектеп формасын, күзгү-кышкы кийим-кечектерин, окуу куралдарын алып бергенге да шарт жок болуп жатат. Болгон акчама 2 күндөлүк эле алдым. Ошондуктан кайрымдуу элдин жардамына муктажмын.
Жардам берүү үчүн байланыш телефону: 0706 27 09 27
Динара Абдыкадырова