30-АВГУСТТАН 5-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Болгон уюштуруучулук жөндөмдү көрсөтүү керектелет. Бирге иштешкендер жана достор сиздин идея менен жардамыңызды баалашат. Кийинкиге калтырылган иштерди бүтүрбөсөңүз ишиңиз жыйылып калат. Акчаны өзүңүздөн аяп, үйдөгүлөргө жумшайсыз. Бул мамилеңизге алар ыраазы болуп, үйдө ынтымак өкүм сүрөт. Алыстан бирөөнү тосуп алууңуз ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Иште чыңалган абал өкүм сүрөт. Сиз жасап көрбөгөн иш тапшырылат, атаандаштык күчтүү болгондуктан айла жок “борттун” сыртында калбоо үчүн аткарууга туура келет. Куулук кылып, иш билгилерден билбегениңизди сурап алыңыз. Акча тартыштыгы жаралат, карыз албай акчаны үнөмдөп абалдан чыгуу кере

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада киреше же компенсация күтө берсеңиз болот. Үйдө чыр чыгат. Сүйүктүүңүздү жадатып баштасаңыз, мүмкүн, иш сапарга чыгып келесиз. Туугандар бир иш-чараны өткөрүү боюнча акылдашат. Айрымдарда кан тамыр системи жайында болбой, кан басымы түшүп же көтөрүлүп, башы оорушу мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эрктүү болуп, көп нерсеге оңой жетише баштайсыз. Эсте узакка сакталчу жакшы окуянын күбөсү да болосуз. Бирок чөйрөдөгүлөрдүн мамилеси тынчсыздантат. Алардын өздөрүнө жараша мамиле түзүүгө өтөсүз, бул майда кагылышууларга жеткирет. Кечеге же тойго чакыруу алып, кийим жаңыртууңуз мүмкүн.



АРСТАН (23.07-23.08)

Апта өзгөрүүлөрдү алып келет, ушундан улам күтүлбөстүктөргө кез келесиз. Эмнеси болсо да акыл калчап иш кылуу сунушталат. Материалдык абалыңыз оңоло баштайт, буга баш көтөрбөй иштегениңиз себеп болот. Каржылык жана үй-бүлөлүк маселелерге эч кимди кириштирбеңиз. Жакыныңыз карап турууга баласын убактылуу ташташы мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Маанилүү сүйлөшүүлөр, өнөктөштөр менен жолугушуу, иште маселелердин чыгышы күтүлүүдө. Анча-мынча сөздү укмаксанга салып, кечиримдүү болмоюнча көйгөйдү чече албайсыз. Үй-бүлө мүчөсүнө тиешелүү жаңылыкты угасыз. Айрымдар унаа же башка чоң буюм сатуу же сатып алуу боюнча убараланат. Жалгыз бойлор болочоктогу жан шеригин табуулары мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушта, үйдө да иш көп болуп, чарчап, майда нерселер деле кыжырыңызды келтирет. Ар ким менен урушпай, токтоо болуңуз. Жаңылыктардын ичинен керектүүлөрү чыгат. Акча түшүп, аласа-бересеңизди такташасыз. Сизден колдоо күткөн жакыныңызга жардамга кайрыласыз. Айрымдар саякатка жөнөшөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Иште тилиңизди тишиңизге катып, кокустан уккан ушактарды таратпаңыз. Болбосо жетекчиликке жетип, репутацияңызга доо кетет. Келечектеги жагымсыз сюрпризден качуу үчүн ооруган жериңиз болсо текшертип дарыланууңуз оң. Жеке жашооңуз ойлонтуп, бул жаатта досуңузга акыл саласыз. Иштер менен бир жакка барып келүүңүз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаңы тааныштар менен жолугуп, көп нерселерден кабардар болосуз. Соода жаатындагылар жаңы өнөктөштөр аркылуу көбүрөөк киреше таап башташат. Балдардын, ата-энеңиздин маселесин чечүү үчүн акча жумшайсыз. Жашооңузду спорт менен кооздой баштоо сунушталат. Сүйүктүүңүздү көп эле көзөмөлдөй бербей, ага эркиндик бериңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Виза, окуу, мураска байланыштуу иштер ийгиликтүү аяктайт. Сизге жаңы иш сунушташы ыктымал. Иш тартиби, айлык жаатында толук сүйлөшүп, анан чечим кабыл алыңыз. Алыскы туугандар менен чыр тереңдейт, өз позицияңызды карманып, бирөөгө жан тартпаңыз. Бойдоктор сүйүү торуна илинет. Бул сезим жашоого башкача кароого түртөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Өжөрлүк, тапкычтык, тил билгичтик касиетти колдонуп маселелерди чечүүгө аракет кыласыз. Жетекчиликке убада берсеңиз тапшырылган ишти аягына чыгарыңыз, болбосо нааразы болот. Көптөн бери көрүшө элек жакындарыңыз босогоңузду аттайт. Апта акырында түйшүктөрдү бир аз да болсо унутуу үчүн конокко барыңыз же тоого чыгыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Максатка карай умтулуп, тыным албоо керек. Бирок өзүңүздү аяп, бир нерселер менен кубантып коюуну да унутпаңыз. Балдардын талаптарын аткарып, айткандарын сатып берүү керектелет. Бейтааныш айыл, шаарга барууга туура келсе дарек, телефонду туура алууга аракет кылыңыз, болбосо убара тартасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 977, 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан