БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТТАР ИШКЕ ЧЫГЫШТЫ...

  • Бишкектин Токтоналиев-Масалиев көчөлөрү кесилишкен аймакта “Ынтымак-2” жаңы сейил багы ачылды.
  • Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 227 адам Кыргыз жарандыгына кабыл алынса, 180 киши өлкө жарандыгынан чыгарылды.
  • Балыкчыда дайынсыз болуп изделип жаткан 6 жашар кыз Чүйдүн Спартак айылынан табылганы кабарланды.
  • 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды.
  • Парламентте жаңы депутат Авазбек Абдугапаров ант берип, кызматка киришти.
  • Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектеги “Ала-Тоо" аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды.
  • 1-сентябрдан тарта 2022-2023-окуу жылына карата Орусиянын ЖОЖдоруна документтерди кабыл алуу башталганын Орусиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.
  • Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасынан мыйзамсыз жүк өткөрүүгө шектелип 3 кыргыз жараны кармалганы маалымдалды.
  • Ысык-Көлдө таксистке кол салууга шектелип 2 жаран кармалды.
  • Айыл чарба министрлиги өлкөгө кумшекер жана өсүмдүк майын алып келүүдөгү салык жеңилдигинин мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат.
  • Канатбек Ахмедов Токмокко мэр болуп шайланган Урматбек Самаевдин ордуна парламентке депутат болду.
  • 2-4-сентябрь күндөрү Ош, Баткен аймактарында "Түштүк-2021" аскердик окутуу-машыгуу иш-чарасы өтөт.
  • Бишкекте 1 аптада 5571 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталганы маалымдалды.
  • 31-августта Түркиянын Анкара шаарында Манас баатырдын эстелиги орнотулду.
  • Ошто көк бөрү мелдешинде жеңүүчү болгон командалар "убадаланган суммадан аз байге берилди" деп облустук администрациянын алдына чыгышты.
  • Жолдошбек Ачикеев "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
  • Мамлекеттик салык кызматы жарандарды автоунаа жана жер салыгын кечиктирбей төлөөгө чакырды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан