31-августта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык алганына 30 жыл толду. Бул күнү Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтүп, ага президент Садыр Жапаров, спикер Талант Мамытов, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, парламент депутаттары, Бишкектин миңдеген тургундары катышты. Салтанаттуу иш-чара аскердик парад менен коштолду.
“ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖОЛДОН КАЙТПАЙБЫЗ”
– Суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстан эгемендик мезгилде эмнеге жетишти деген суроо туулат. Көз карандысыздыгын жарыялагандан тартып Кыргызстан эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу болуп калды. Өнүгүүнүн демократиялык жолун тандады... Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Жаңы Баш мыйзам – улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш аламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди ишке ашырууга көмөктөшүп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Биз демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн кайтпайбыз,- деди президент.“ЖӨЛӨК ПУЛ КӨТӨРҮЛӨТ”
– Учурда 200 миңдей үй-бүлө жакырчылыкта жашап жатат. Алар үчүн жоопкермин, ошондуктан биринчи ошолордун жашоосун жеңилдетүү жолун таптык. 2009-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жөлөк пул 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сом, 2022-жылдан тарта 8000 сом болот. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулунун суммасы 2022-жылдын 1-январынан тарта 3 эсе жогорулайт. Быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот,- деди Жапаров.
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА...
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставына ылайык, мамлекеттик гимн жаңырганда, катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат. Камчыбек Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан, гимн жаңырган учурда оң колун сол жагына койгон. Бирок салтанаттуу экипаждар командирге ылайыктуу түрдө салтанаттуу марштын астына киргенде Ташиев ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимге колун коюу менен өткөн салтанаттуу эсептөөлөрдү тосуп алды. Ошол кырдаалга таянып Камчыбек Ташиев бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган,- деп айтылат маалыматта.
Лунара Бекиева