Күчүнө кирген мыйзам боюнча, Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам өзгөртүлдү. Конституцияга ылайык, парламенттин курамы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмекчи.
Айта кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде Референдум аркылуу Кыргыз өлкөсү жаңы Конституция кабыл алган. Баш мыйзамга президент тарабынан 5-майда кол коюлган. Ага ылайык, мамлекет учурда президенттик башкарууда.
Шайлоо күнүнүн белгилүү болушу күзгү саясий жарышты ачты десе болот. Шайлоого катышчу саясий партиялар 3-сентябрга чейин, жеке талапкерлер 6-сентябрга чейин БШКга шайлоого катышары тууралуу билдирме берүүгө тийиш. Партиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлери үчүн 100 миң сом. Бул сумма 18-октябрга чейин төгүлүшү керектигин БШК эскертти. 1-сентябрга карата 15 партия шайлоого катышарын билдирди. Алар: “Ата Мекен”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс” жана башкалар.
Лунара Бекиева