“КУМТӨР” ИШКАНАСЫ “ЦЕНТЕРРАНЫ” ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТУУГА АЙЫПТАДЫ

"Кумтөр” ишканасы 1-сентябрда “Центерра” компаниясынын буга чейинки билдирүүсүнө жооп узатып, аны дүрбөлөң жаратууга аракет кылууда деп күнөөлөдү. Тагыраагы, “Кумтөрдү” учурда башкарып жаткандардын аброюн түшүрүү үчүн жалган маалыматтарды таратууда дейт.

Буга чейин “Центерра” Кумтөр кенинин борбордук карьерине суу толуп калганын айтып чыккан. Бул кырдаал ишканага жана экологияга абдан оор жоготуу алып келиши мүмкүн деп жарыялаган. Анда борбордук карьердеги суунун деңгээли 40 метрден кем эмес экени баса белгиленген.

“Кумтөр” ишканасы бул маалыматты жалган деп билдирди.

– Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде суу дайыма болгон жана ал суу алтын чайкоочу фабрика үчүн керектелет. “Центерра” өзүнүн мыйзам алдындагы алсыздыгын сезип “Кумтөрдүн” убактылуу башкаруучуларынын аброюна шек келтирүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууда,- деп билдирет ишкана. Быйыл "Кумтөрдү" мамлекетке алуу процесси башталды. Май айында ишканага 3 айлык мөөнөткө сырттан башкаруу киргизилип, убактылуу башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Бул арада "Центерранын" жетекчилиги өлкөдөн чыгып кеткен. Август айында ишкананы сырттан башкаруу мөөнөтү узартылды. Убагында Тенгиз Бөлтүрүк "Центерранын" жетекчилери өлкөдөн чыгып баратып кендин ишин үзгүлтүккө учуратуучу аракеттерди жасашканын, ага карабай ишкананы үзгүлтүксүз иштетүү боюнча чаралар көрүлгөнүн билдирген. Эксперттердин айтымында, "Кумтөр" боюнча эки тарапты алдыда узак мөөнөттүү соттук иштер күтүп турат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан