Өмүрбек Текебаев... Бул – Кыргыз эгемендүүлүгү менен бекем байланышкан ысым. Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдары Өмүрбек мырза 30 жаштын кырындагы жаш депутат эле. Мамлекет бул адамдын көз алдында, атүгүл тикелей катышуусунда басты, мүдүрүлдү, турду, айтор, жылып келе жатат. Саясий лидер Өмүрбек Текебаев менен өлкөнүн кечээгиси жана бүгүнкүсү тууралуу кеңири маектештик.
– Саламатсызбы, Өмүрбек мырза? 31-августта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Саясий лидер катары айтсаңыз, эгемендүүлүктүн орду, табияты идеалында кандай болушу керек эле, иш жүзүндө кандай болду?
– Учурдан пайдаланып жалпы кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. 31-август ар бир кыргыз үй-бүлөсү үчүн чоң намыс, майрамы болуш керек. 30 жылдан бери жакшыбы, жаманбы, азыркы Кыргызстанды түптөдүк. Балким, кыялданган максаттарыбызга жеткенибиз жок, бирок ал тилектерибиз үчүн күрөшүп келе жатабыз. Азыркы Кыргызстандын элинин мүнөзү коңшу өлкөлөрдүн элинин мүнөзүнөн айырмаланат. Биздин эл эркиндикти сүйгөн, намысты баарынан бийик койгон, ханга салам айтпаган касиети бар эл. Өзүнүн эле эмес, башкалардын да турмушуна күйүп-бышкан, тилектеш, боорукер адамдар бизде көп. Мен муну пандемияда, Баткендеги окуяда жана башка кырсыктарда көрдүм. Жарандар бири-бирин жалгыз калтырбай колдоп, кол сунуп жатышты. Мен экономикалык көрсөткүчтөрдү эмес, мамлекет курууга, элдин мүнөзүн калыптандырууга болгон аракеттерди баса белгилегим келет. Алдыбызда чоң келечек бар, максаттарды ачык коюп, приоритеттерди так тандай билүүбүз маанилүү.
Эгемендик тууралуу айтсам, абсолюттуу эгемендик болбойт. Бардык эгемендүү өлкөлөр башка мамлекеттер менен байланышкан, кайсы бир даражада бири-биринен көз каранды. Айрыкча биздикиндей кичинекей, тоо коюнунда катылган өлкө чоң кошуна өлкөлөрдүн таасиринде калат. Биз реалдуу эгемендүү болуш үчүн төрт тарабыбызга жол ачып экономикабызды, тышкы саясатыбызды ар тараптуу кылууга тийишпиз. Тышкы саясатта башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы, позициясы эске алынат, бирок ички саясатты эч кимди кийлигиштирбей өзүбүз чечишибиз керек.– 30 жыл ичинде 3 президент тактыдан кулатылды. Ушул окуяларда Кыргыздын утканынан утулганы көбүрөөк болгон жокпу?
– Ар кандай толкундоолор сөзсүз экономикага зыянын тийгизет. Маселе – ошол толкундоолордон бийлик туура жыйынтык чыгарабы, ошондо. Эгер туура жыйынтык чыгарса, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Тилекке каршы, бийликке келген адамдар андай мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдалана алышкан жок. Кайра-кайра эле баягы эски жолго түшүп жатышат.
– Бара-бара саясий элита жаңыланат. 3 жолу төңкөрүш кылып бийлик алмаштырган эл негедир татыктууларды шайлап алууга келгенде аксап жаткандай...
– Бул жалпы саясий маданияттын даражасына жараша болот. Саясий маданиятты жетиштүү даражада өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте колунда ресурстары бар бийликтеги лидерлер үлгү көрсөтүшү керек. Тыңдарды карап эл түздөнөт. Эгер алардын кылык-жоруктары, жүрүм-турумдары, баалуулуктары башка болсо, элде жаңы саясий маданияттын калыптанышы кечеңдейт. Бизде элита деп жүрөбүз. Мисалы, саясий элита, бизнес элита, маданий элита жоопкерчилик сезиши зарыл.
– Эл деле революциялардан тажады болушу керек...
– Туура, бийлик органдарын эл шайлоо жолу менен тандап алат. Башкысы – шайлоолор таза өтүшү керек. Сиз айткан революциялардын себеби – бийликти энчилеп алам деп шайлоолорду бурмалоо, административдик ресурстарды пайдалануу болгон. Же бийликтин саясий опоненттерди куугунтуктап, массалык түрдө кысым көрсөтүүсүнөн келип чыккан. Буга 2010-жылдагы революция мисал. 2005-2020-жылдардагы толкундоолорго шайлоо жыйынтыктарынын бурмалануусу себеп болду. Ошондуктан мындан эл да, бийлик да сабак алышы керек. Конституцияда “революция жолу менен бийликке келет” деген түшүнүк жок да.– Сиздин “жаңы саясий маданиятты калыптандыруу” деген идеяңызды коомчулук кабыл алдыбы, чыйыр жол салындыбы?
– Элибиздин 60 пайызынын өз позициясы бар, мен да маселе чече алам, менин добушум күчкө ээ деп ишенет. Бул – жаңы саясий маданиятты калыптандыруудагы алгачкы кадам. Мындан кийин алар өз идеясын, принциптерин билип жоопкерчилик менен чечим кабыл алганга үйрөнүүсү керек.
– Кыргыз саясатында өзгөчө ордуңуз бар экени талашсыз. Өткөнгө саресеп салып, катачылыктар же жөнөкөй эле чечимиңиз үчүн өкүнүп калган учурлар болобу?
– Жеке өзүм зыянын тарта турган жаңылыш чечим чыгарган учурларым көп эле болду. Өкүнүп да жүрдүм. Бул эми өзүмө гана тиешелүү болгондуктан, турмушума ыраазымын деп кабыл алам. Эгерде менин чечимим өлкөнүн экономикасына, өнүгүшүнө кедергисин тийгизсе, албетте, анда тынч уктай албайт элем. Өлкөгө зыян келтирчү чоң катам жок.
– Парламентаризмдин жактоочусу катары азыркы бийликтин кадамдарына, аракетине пикириңиз кандай? Тышкы, ички саясат, коопсуздук, өлкөнүн багыты кандай баратат?
– Бүгүн “ички саясат мындай, тышкы саясат тигиндей” деп майрамдык маанайды бузбай турайынчы. Бардык аракеттерди эл көрүп, билип турат.
– Убагында Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди сестентип турган Өмүрбек Текебаев азыркы бийликке оппозициябы же тилектешпи?
– Мен чындык тарапта, эл тараптамын.
– Ошондо?...
– Ошондо, конструктивдүү оппозициядамын. Бийликтин туура ишин туура деп, катасын ката деп айтам.
– Учурдун темасы болуп жаткан Ооганстандагы кырдаалды аттап өтүп кетсек болбос. Сиздин оюңузча, Кыргызга реалдуу коркунуч барбы?
– Ооганстандагы кырдаал бир эле Кыргызстанды эмес, аймактагы өлкөлөрдүн баарын тынчсыздандырат. Ал жактагы окуялар чөлкөмдөгү геосаясий абалды өзгөртөт. Кыргыздын күч органдары, мамлекет башчысы ал чакырыктарга адекваттуу чараларды көрүшү керек. Мисалы, кошуна Тажикстан аймактык өзгөчөлүгүнөн пайдаланып эл аралык деңгээлде таасирин бир топ бекемдеп алды.
– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Лунара Бекиева