Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу үчүн мелдеште “Мыкты оюнчу” аталган Нооруз Раатбек уулу биздин маек төрүбүздө. Бул оюнда ал улакты ортодон түз тай казанга алып барып 2 салым сала алды. Көк бөрүчү Аватар аргымагы менен жекеме-жекеде мыкты оюн көрсөтүп, "Ынтымак" командасын алга сүрөп келет.
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 18-март
Туулган жери – Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылы
Бою – 184 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Ойногон командасы – “Ынтымак”
Амплуасы – Жекеме-жеке
Минген аты – Аватар
Жетишкендиктери – Президенттин кубогунун 4 жолку чемпиону, “Нооруз” турниринин 2 жолку, 9-Май турниринин 1 жолку жеңүүчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү– Салам, Нооруз, жеңиш кут болсун! Акыркы жылдары финалда “Достук” – “Ынтымак” беттешип келген. Мында “Сары-Өзөн” менен кез келдиңер, оюн силер үчүн кандай өттү?
– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат! Оюн жакшы өттү. Мелдешке жакшы даярданганбыз. Алла Таала жеңишти бизге буюруп койгон экен. “Сары-Өзөндө” тажрыйбалуу оюнчулар көп, кандай болот деген чочулоо менен финалдык оюнга чыкканбыз. Мындай чоң эсепте (7:0) утабыз деп ойлогон эмеспиз.
– “Мыкты оюнчу” наамын алдың, кут болсун. Мыкты оюнчу болом деп ойлодуң беле?
– Чынын айтсам, бул нерсени күткөн эмесмин. Оюн жакшы жүрдү, уттук деп эле сүйүнүп жаткам. Негизинен, өзүм жакшы оюн көрсөтөм деп ушул оюнга жакшылап даярданып жүргөм. Мээнетимдин акыбети кайтты деп ойлойм. – Аватар экөөң бири-бириңерге мыкты жарашкансыңар, экөөңөрдүн тандем кандайча жаралган?
– “Бакубат Талас” командасынын машыктыруучусу Нурлан Мамбетов “ушул ат менен оюн көрсөтөсүң” деп мени Аватарга мингизген. Алгачкы жолу 2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган турнирде Аватарды минип оюнга чыккам. Бишкек мэриясынын Кубогун жеңип алганбыз. 2018-2019-жылдары “Бакубат Таласта” жакшы оюн көрсөткөнүм үчүн 2020-жылы мени Аватар менен чогуу “Ынтымактын” курамына алышкан.
– Нааразычылык менен коштолгон оюндар болду. Деги эле бул Президенттин кубогуна арналган турнир купулуңа толдубу?
– Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган масштабдуу турнир жалпы жонунан жакшы деңгээлде өттү деп айта алам. Эки күчтүү команда ойногондо кээде калыстар өздөрү эмне кылышты билбей калышат. Калыстар да жаңылат дегендей, федерация тараптан бир аз кемчиликтер болду.
– Көк бөрүгө болгон кызыгуу кандайча жаралып калды эле?
– Биздин каныбызда бар. Чоң атам, атам мыкты улакчы болгон. Ал кезде азыркыдай маалымат тарачу эмес. Ошондуктан калың элге таанылбай калган да. Айылда, жайлоодо мал карап кичинемден эле ат үстүндөмүн. Башында айыл жергесинде эле улак ойноп жүрчүбүз. 2013-жылы “Ой-Кайың” деген командада ойноп баштагам. Андан кийин “Датка” деген командада ойнодум. 2016-2017-жылдары “Ынтымактын” курамына кошулгам. 2018-2019-жылы “Бакубат Таласта” ойнодум. Эми кайрадан “Ынтымакта” ойноп жатам.
– Жекеме-жекеде ойногон өзүңө жагабы?
– Башында чабуулда ойночумун. Машыктыруучу “ортодо ойнойсуң, сенден башка бала жок” деген, ошондон улам жекеме-жекеге чыгып калгам. 2015-жылдан тартып ортодо ойноп келе жатам. Бул позицияда өзүмдүн шыгымдан улам ойноп калдым көрүнөт. Азыр мага жекеме-жекеде ойногон жагат.
– Ортого түшкөндө аттарды кантип башкарасыңар?
– Бул аттарды үйрөткөндөн болот. Атка дем-күч берсең жакшы түртүшүп берет. Ортого чыкканда ат менен түртүшөрүн түшүнөт. Ат үстүндөгү оюнчудан коркконунанбы же акылдуулугунанбы, айтор, намыс үчүн ойноп жатканын сезип турат.
– Оюнда жаракат алып калбайын деп абайлаган учурлар болобу?
– Эми ар кандай болот да. Антип ойногон балдар да бар. Кээде сактанган учурлар болот. Бирок көпчүлүк учурда оюнга катуу берилип кетесиң, кантип жыгылганыңды, эмне болгонун өзүң билбей каласың.
– Көк бөрү командалык оюн. Бир эле оюнчу элге көрүнө берет го. Оюнчулар арасында атаандаштык болобу?
– Негизи атаандаштык деле болбойт. Башкы чабуулчу катары бир оюнчу бекитилет. Баарыбыз эле ошого басым жасап калабыз. Улакты ага алып берүүгө, аны шарт түзүп берип салымга ашырууга шашабыз. Баарыбыз команда үчүн ойнойбуз да. Бир команда болгондон кийин 12 бала бир бала үчүн жооп берет. Алган байгелер 12 оюнчу, 12 атка, машыктыруучу, саяпкер, айтор, команда мүчөлөрүнө бирдей бөлүнөт.
– Эми трансфердик терезе ачылат. Жакшы шарттары менен келишим сунушташса башка командага өтөт белең?
– Элибиздин, жерибиздин намысы үчүн деп “Ынтымакта” улак чаап жүрөбүз. Негизи болуп көрбөгөндөй гонорар менен келишим буга чейин сунушталган, азыр деле сунуштап жатышат. Мен алар менен сүйлөшүү жүргүзө элекмин. Балким, келишип калсак, башка командада деле ойношум мүмкүн. Азыр “Ынтымактан” кетем деп да, кетпейм деп да айтпайм.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең. Алар ойногонуңа кандай карашат?
– Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Эжем, мен, анан карындашым бар. Ата-энем мал чарбачылыгы менен алектенет. Көк бөрү ойношума көз караштары түз эле. “Барып жакшы ойноп кел, абайла” деп батасын берип жөнөтүшөт.
Өзүм үй-бүлөлүүмүн, буюрса, тун наристебизди күтүп жатабыз.
– Маегиңе рахмат, жубайың аман-эсен көз жарып алсын! Сүйүнчүлөгөндү унутпа.
Динара Акимова