Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “НААМДЫ АЛУУ БЕШЕНЕМЕ ЖАЗГАН ЭКЕН, ЫРААЗЫМЫН”

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына бир катар өнөр адамдары сыйланды. Анын ичинде көп жылдан бери сахнада жүргөн Айчүрөк Иманалиева Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып кубанып турган учуру. Маек төрүбүзгө келген ырчы айым бул наам ага жеңил келбегенин айтып берди.

– Айчүрөк эже, кутман таң! Биринчи эле сыйлык кут болсун дейли.

– Кутман таң, рахмат! Бул сыйлык жеке меники эле эмес, ушунча жылдан бери сахнада мени колдоп-коштоп келген кыргыз элимдики, күйөрмандарымдыкы.

– Көп күттүргөн сыйлык болдубу?

– Көп күттүм, аз күттүм деп айткым келбейт. Бешенеме ушул күндө, ушул юбилейге карата сыйлык алууну жазыптыр. Кудайга миң мертебе ыраазымын. Албетте, ар бир кылган эмгегиң мамлекет тарабынан бааланып турса, ого бетер стимул болот. Эң негизгиси, элдин кебине калбай, ак эмгегиң менен, өз күчүң менен алуу эки эсе сыймык экен. Быйыл сыйлык алгандардын тизмесине көз жүгүртүп карасам, 70-80 жаш курактарында сыйлык алып жаткандар бар экен. Убакыттан пайдаланып ошол агаларымды, эжелеримди, кесиптештеримди да куттуктап кетмекчимин. “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген сөз бар эмеспи. Жаш кезде кылган эмгек канча жыл өтсө да бааланат экен дегим келди.

– Сыйлык сизге дагы эргүү тартуулады болуш керек. Жаңы дем менен чыгармачылыкка киришесизби?

– Мен чыгармачылыктан эч качан алыстаган эмесмин. Бала чагымдан бери өзүмдү сахнага арнагам. Балалыктын аруу сезими менен, жаштыктын деми менен “муну кылам, тигини кылам” деп гастролдон гастролго чуркап, күндөр кантип өтүп жатканын байкабай калган учурлар болду. Таятам, таенем, апам аябай жакшы ырдачу. Апам опера ырчысы эле. Менин чыгармачылыктагы пайдубалымды ошол кишилер куюшту. Анан өзүм дагы аябай тырышчаак, эмгекчил болдум окшойт. Ушунун баары биригип келип талант жана эмгек. Эмгегиң бааланса жаңы дем, жаңы күч кошулат экен. Дагы жакшы чыгармалардын үстүндө иштейбиз деп ойлойм. Эң негизгиси, коронавирустай жаман дарттан Кудай сактап, элибиз, өлкөбүз аман болсо элибиз үчүн кызмат кылабыз.

– Жаңыдан ырчылык жолго түшүп жаткан убакта мындай ийгиликке жетем деп ойлодуңуз беле?

– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга 13 жашымда тапшыргам. Биздин үйгө чыгармачыл инсандар көп келчү. Талантымды композиторлор Акимжан Жээнбаев, Марат Ахмадов көрүшүп, “бул кызды борборго алып баргыла” деп айтып, таятам борборго алып келген. Окуп жүрүп эле өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенип, 14 жашымда Польша, Венгрия, Франция сыяктуу ажайып шаарларга фестивалга бардым. 1986-жылы Польшадан “Золотой лист” сынагында оркестр менен элдик ырларды ырдап биринчиликти алып келгем. Баласың да, ошол сыйлыкты алганда ушундай бактылуу болуп толкунданган элем. Азыр ойлосом, ошол сыйлык менин ырчылык жолумда чоң стимул болгон экен. Көкүрөгүмдө чоң нерсеге жетем деген максат бар эле. Чыгармачылык жол оңой эмес, анын бийиктигине башы айланып жыгылып калгандар бар, чокусуна жетем деп баратып кулап калгандар бар. Мен тагдырыма ыраазымын. Минтип элдин сыйлыгына арзып отурам.

– Үй-бүлөңүз сиз менен кошо аябай сүйүнсө керек?

– Үй-бүлө күтүү да бир чоң искусство. Бул жашоодо оңой-олтоң эч нерсе болбойт. Кыш куйгандай, мамилени кынаптап жүрүп отуруп үй-бүлөнүн ээси болосуң. Жолдошум – менин колдоп-коштоп келе жаткан тирегим. Балдарым дагы ар тараптан колдоп турушат. Наамды алганда менден ашып алар сүйүнүштү.

– Үй-бүлөдө кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Үй-бүлөдө быйыл чоң жаңылык болгону турат. Кызым Аэлита сахнада быйыл биринчи кадамын таштайт. Даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Композиторлор менен иштешип жатабыз. Мурунтан эле даярданып келе жатканбыз, кызым кичинесинен эле чыгармачылыкка жакын. “Устатынан шакирти ашат” деген кеп бар го, балким, кызым да чоң иштерди жасайт деп тилек кылып турган учурубуз.

– Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл толду, бул күнү элиңизге эмне деп айтып кетмекчисиз?

– Мекендештерим, мекенибиздин туулган күнү менен! Эркиндик – биздин баа жеткис байлыгыбыз. Дайыма туубуз желбиреп турсун, өз асманыбыздын алдында бакубат өмүр сүрөлү. Биз кечээ бул улуу майрамга катышып, элибиздин маанайын көтөрүп келдик. Элдин деми, шаңы ого бетер сүйүнүчүбүзгө сүйүнүч кошту.

– Сизге да ийгилик! Дайыма жакшылыктын, ийгиликтин үстүндө жүрүңүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Rusi79
2021-09-06 15:30:18
Интригадан башы чыкпай,илгери бир эки ыры популярдуу болсо керек,наамдын баркы кете баштаган окшойт.
-4
mira28
2021-09-07 01:56:31
Rusi79,илгери тузук эле популярлуу болгон.Ал учурда азыркыдай кынылдаган ырчылар аз болгон.Азыр эми таш ыргытсан канк этип ырчынын башына тийет.Азыр кайсы ырчы сыртка чыгып ырдап жатат?Кантсе да молодец Айчурок Иманалиева канчалаган конкурстардын катышуучусу болду.
+6
meni_kut
2021-09-07 08:40:27
Rusi79,92- жылдары биздин жаштык кезде дунгуроп популярдуу болгон.Айчуроктун концерти келди десе билеттин ордуна картошка,буудай берип болсо да кирчук.Азыр ошол кездегидей популярдуу эч бир ырчы жок.Бут эле жасалмалар
+8
Marni
2021-09-10 00:38:48
Rusi79, Анжелика окшойсуң. Айчурөк Иманалиева 90-жылдардын Примадоннасы.
0
Sara1993
2021-09-11 13:45:52
Rusi79, Баркы кетип жатса сен дагы алып ал да колундан келсе.Колундан келсе сен дагы алып ал да. Калп эле телефондун ары жагында отуруп алып оозуна келгенди оттой бербей.Маданиятсыздыгынды, адепсиздигинди бул жакка кирип корсотпой.Сага окшогон ичи тарлар учун Кыргызстан онукпойт.
0
Nina.alex
2021-09-07 22:16:53
Мактанчаактыгы жакпайт
-3
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан