Эгер хип-хоп, рэпти баалагандардын катарында болсоңуз, анда бүгүн биз бир толкундабыз. Америкалык ырчы, рэпер Карди Бинин жүрүм-турумун да, чыгармачылыгын да агрессивдүү, орой деп көп сындашат. Канча көп сынга кабылбасын, анын куржунунда “Грэмми” баштаган көптөгөн музыкалык сыйлыктар жатат. Бир күнү хит ыр жаратып, экинчи күнү кимдир бирөө менен мушташа кетип медиа булактарынан аты түшпөгөн Карди Биге биз да кызыгып көрдүк.
Аты-жөнү: Белкалис Марленис Альманзар
Псевдоними: Карди Би
Туулган жери: АКШ, Нью-Йорк шаары
Туулган жылы: 1992-жыл, 11-октябрь
Жылдыз белгиси: тараза
Бою: 160 сантиметр
Кесиби: ырчы, рэпер, музыкант
Белгилүү ырлары: «Bodak Yellow», «I Like It», «Girls Like You», «Please Me», «Wap», “Up” жана башка
Тартылган тасмалары: “Мэри Жейн болуу”, “Стриптиз бийчилери”, “Форсаж-9”
ИЙГИЛИККЕ ТОСКООЛ БОЛГОН КЫЗУУ КАНДУУЛУК
Доминикандык жигит менен тринидаддык кыздын сүйүүсүнүн жемиши болгон Белкалис Марленис Альманзар Нью-Йорк шаарынын Бронкс районунда төрөлгөн. Каражат жетишсиз эле, анын үстүнө үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес түгөйлөр эки жакка кетип, Белкалис чоң энесинин үйүндө, Манхэттен шаарында жашап калат. Өспүрүм кезинде көчө балдарына кошулуп уурулук кылып, ичип-чегип, айтор, баарын кылып көрдү, болбоду. Бирок көчөдөн алган тарбиянын бир жакшы жери бар эле, ал рэп айтканды үйрөндү. Өзүн чыгармачылыктан сынап көргүсү келчү, бирок көчө кызын ким теңине алмак эле? Баарына акча керек. Мектепти бүтүп колледжге тапшырганы менен, чатак мүнөзүнөн улам бир мугалим менен уруша кетип окуудан да чыгып калды. Келечекке акча топтойм деген ой менен дүкөнгө сатуучу болуп орношту. Мында да жетекчиси менен келишпей, жумуштан кетти. Белкалисти жумуштан кетирип жатып дүкөндүн кожоюну көчөнүн аркы бетинде стриптиз клуб бийчилерди кабыл алып жатканын айткан. Ал Белкалисте келбет десе келбет, талант десе талант барын байкаган эле... ЖАМБАШЫН, КӨКҮРӨГҮН ЧОҢОЙТКОН...
Кызда башка тандоо да, айла да жок эле. Башында стриптиз бийчиси болууну ал кемсинтүү катары кабыл алып, ыйлап жүрдү. Ата-энесине бала багуучу болуп иштеп жатам деп койчу. Бара-бара пилондо бийлеген ага жага баштады. Өзүнө ишеним пайда болду. Жетишерлик акча тапкандыктан келбетиндеги өзүнө жакпаган жактарын пластикалык операциянын жардамы менен өзгөртүүгө киришкен. Ал азыр деле жамбашын, көкүрөгүн чоңойтконун, дагы кандай өзгөрүүлөр болгонун жашырбай айтат.
Ачык, сексуалдуу сүрөттөргө көп көңүл буруларын байкаган ал Инстаграм желесинде активдүү боло баштаган. Сүрөттөр менен катар ырларды да жүктөгөн кыз Инстаграм жылдызына айланат. 2015-жылы аны телешоуго чакырышып, Белкалис катары менен 2 сезонго тартылган. Аз да болсо элге тааныла алгандан кийин олуттуу түрдө музыка чөйрөсүнө баш багууну чечет.
CARDI B
Эмне үчүн Cardi B? Белкалисти кичинесинен эле достору Бакарди деп чакырышчу. Анткени анын сиңдисинин аты Хэннесси эле. “Сиңдиң коньяк Хэннесси, сен ром Бакарди болосуң” деген аныктама беришчү. Бакарди дегенге өзү деле көнүп калган. Чыгармачылыкка аралашканда аты-жөнү өтө узун жана ыңгайсыз сезилип, Бакарди лакап атындагы тамгаларды алмаштырып Карди Би болуп алган.
2016-жылдын март айында Карди Би алгачкы кичи альбомун чыгарды. Эл анын музыкасын жакшы кабыл алып, аны менен иштешүүнү каалаган музыкалык компаниялар көбөйгөн.
2018-жылы “Эң мыкты музыкалык альбом” категориясында ал музыка дүйнөсүндө эң абройлуу делген “Грэмми” сыйлыгын жеңип алган. Андан сырткары 2 ирет “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди. Биринчисинде эң көп ыры бар айым рэп аткаруучу катары, экинчисинде ырлары музыкалык чарттарда эң көп кармалганы үчүн.
Карди Би башында ырдап чыкканда музыка сынчылары аны “лампочкага” салыштырып, “бат эле өчөт” дешкен. Бирок ал өчкөн жок, тескерисинче, көпчүлүктү таң калтырууну улантып келе жатат.
ТАСМАДА
Эгер Карди Бинин ырларын уга элек болсоңуз, балким, аны тасмадан көргөндүрсүз? Ал алгач “Мэри Жейн болуу” тасмасында актрисалык тушоосун кескен. Андан кийин Женнифер Лопес башкы ролдогу 2019-жылы чыккан “Стриптиз бийчилери” киносунда Карди Бинин бийчилик талантына да баа бере аласыз. “Форсаж” тасмасын көрбөгөн адам аз болсо керек. Дал ушул тасманын быйыл чыккан 9-бөлүгүндө да биздин бүгүнкү каарман чакан роль ойноду.
МУШТАШКА ЖАКЫН
Карди Би өзгөчө келбети, өзгөчө кийинүү стили, өзгөчө ырлары менен эле эмес, ызы-чууга бай жашоосу менен да белгилүү. Өспүрүм кездеги кызуу кандуу мүнөзү эл көзүндөгү адам болгондо да коштоп жүргөндөй.
“Gangsta Bitch Music, Vol. 1” альбомунун башкы бетине менин сүрөтүмдү уруксатсыз колдонуп алган” деп модель Кевин Брофи ырчыны сотко берип, 5 миллион доллар өндүрүп алган. Моделдин мындай ызы-чуу салышына аялдын эки бутунун ортосундагы эркектин далысы көрүнгөн сүрөт себеп болгон. Далысындагы татуировкалар Кевиндикине окшош болчу. “Мындай сүрөткө мен эч качан түшмөк эмесмин” дейт модель.
Дагы бир кечеде Карди белгилүү ырчы, модель Ники Минаж менен мушташып кеткен. Ники Минаждын жан сакчысы Кардини чекеге чаап, айтор, ал кечеден көйнөгү тытылып, чекеси томпоюп чыккан. Бул чырдан эки жыл өткөн соң Карди Ники Минаждан кечирим сурап, анын чыгармачылыгын баалай турганын жазып чыккан.
Кардинин мындай мушташтарынын бири камерага илинсе, бири илинбейт. Айтор, анын жанында болуп калган киши сак жүрүшү керек.
ФЕМИНИСТ
2017-жылы Карди Би белгилүү рэпер, актёр, музыкант Киари Кендрелл Сифуска (Offset аты менен белгилүү) турмушка чыккан. Ортолорунда бир кыз бар. Андан бери бир ажырашып, бир табышып жаткан түгөйлөр быйыл экинчи наристесин күтүп жатканын жарыялашты. Карди Би өзүн феминисттердин катарына кошот. Күйөөсүнүн бир канча жолу ала жипти аттаганын кечиргенин, мындай жорукту күчтүү аял гана кечирип, үй-бүлөсүн сактап калганга аракет кылат деген пикирде ырчы.
Асыл Орозбекова