Курбат Табалдиев, кеме башкаруучу: “КЕМЕНИ ТОНОП КЕТИШПЕСИН ДЕП 6 ЖЫЛ КАЙТАРДЫМ”

Ал асмандагы топтолушкан кара булуттарды карап эле шамалдын багытын, толкундун кайсы тараптан болорун аңдап койду. Шамалдын нугуна карап кемени буруп, толкунга урунуусун алдын алып жаткан кеменин капитанынын кесибине кызыктым. Ага “толкун болорун кантип билип жатасыз?” деп суроо узатканымда, “тигине тетиги жакты карасаң, ак толкундар пайда боло баштады. Шамал түштүк-батыш тараптан болуп жатат. Ылдамдыгы саатына 19-20 чакырымды түзөт” деп жооп берди. Кереметтүү Ысык-Көлдөгү эң чоң делинген Алыкул Осмонов атындагы кемени башкарган капитан Курбат Табалдиев менен өмүр бою аркалап келе жаткан кесиби тууралуу баарлаштык.

“БУЛ МЕНИН АСКЕРДЕН ҮЙРӨНГӨН КЕСИБИМ”

– Мен Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынан болом, 67 жаштамын. Бул кесипти кандайча аркалап калдым? 1972-жылы мектепти бүткөндөн кийин аскерге Балтика деңиз флотуна чакырылдык. “Кылкылдап поезд баратса...” деп ырдаган бойдон поезд менен Орусияга сапар алдык. 7-8 күн дегенде Зеленогорск деген жерине жеттик. Ал жактан чачыбызды алды, форма кийгизди, тооктун жөжөлөрүндөй болуп бетибизди карамайынча бири-бирибизди тааныбай калдык. Андан кийин кеме менен Котлин аралында жайгашкан Кронштадт шаарына алып барды. Погондорду тиктирип, “тургула, тизилгиле, чуркагыла” деген аскердик жашоо башталды. Илгери аскерге ушундай алыска кетирчү да. 5 ай окуу отрядында болдук. Ал жактан автомат атканды, моторчулук кесипти үйрөттү. 5 жарым ай дегенде ошол эле аймактагы дивизионго алып кетти. Ал жакта 3 жыл кызмат өтөп, кемеде суучул болууга кызыгып калдык. Кызмат өтөөнү бүтүп жатканда бизди аскердик флотко эле калгыла дешти. Көнгөн жокпуз. Моряк болгондон кийин алыс жактарга жүрүш жасаш керек деген ой келет экен. Анан ар кайсы жакка "жумушка алышыңарды суранабыз" деген кат жөнөттүк. 16 баладан болгону 3 балага жумушка чакыруу келди. Мен Керчь башкаруу флотуна жумушка орноштум. Керчтен траулер менен Атлантикага чыгып, Түштүк, Борбордук Атлантикада каттам жасап жүрдүк. Аскердегидей эле бул жакта дагы кесибим боюнча моторчу болдум. 2 каттам жасадым. Бир каттам 5 ай, 5 жарым айга созулчу. Кеменин ичинде жашоого бардык шарттар түзүлгөн. Биздин кеме балык кармап, аларды ташычу. Жетчү жерге жеткенде океандан база келип жүктү алып кетчү, каттам аралыгында кеме Лас-Пальмас, Дакар, Анголада оңдоп-түзөө үчүн калат. Өзүбүз учак менен Москвага, Керчке кетчүбүз. Узак убакыт алыста жүргөнгө туулуп-өскөн жеримди, ата-энемди, чогуу өскөн досторду сагынчумун. Бирок максатымды орундатууну биринчи орунга койдум.

Аскерден үйрөнгөн кесибимди өмүр бою аркалап келе жатам. Аскерге чейин моряк кандай болорун кинодон гана көрчүбүз.

“ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕМЕ КЕЛГЕНИН УГУП, КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕМ”

– 1978-жылы март айында Балыкчыга келдим. Үйдөгүлөрдүн жазган катынан Ысык-Көлгө кеме келгенин уктум. Токтогул атындагы кеме алып келиниптир. Ошол жакка барып моторчу болуп жумушка орноштум. Мотордун иштешин көзөмөлдөп, бузулса оңдоп жүрдүм. Бул учурда жакшы иштеп жүргөнүмдү байкашып, квалификациялык сынак тапшыртышып, механик деген экинчи дипломду беришти. Кеме башкаруучунун көзөмөлүндө Токтогул кемесин айдап баштадым. Жайкысын көлдүн сезонунда элге кызмат көрсөтчүбүз. Чет өлкөдөн алган тажрыйбамдын арты менен иштеп кеттим. 1978-жылдан тартып Союз тараганга чейин жумуш дайыма болуп турду. Андан кийин мени көмүр тарткан ОСТ кемесине капитан кылышты. Улук механик, капитандын орун басары кызматында иштеп жүрүп капитан болдум. Балыкчы-Каракол, Балыкчы-Күрмөнтү каттамы менен көмүр тартып барып, Күрмөнтүдөн Кант заводуна шагыл алып келчүбүз. Балыкчыдан вагонго салып кетишчү. 1 баржага 1000 тонна жүк батат. Кийинчерээк кемеге чиркелген баржалардын түптөрүн туздуу суу жеп, чирип жарактан чыга баштады. Башында бешти сүйрөсөк, бара-бара экини сүйрөп калдык. Болгону жылына Караколдун ЖЭБине 20-23 миң тоннадай көмүр ташып жүрдүк. Бара-бара жүк мурдагыдай суу аркылуу ташылбай калды. Ошентип Балыкчыдагы кемечиликтин иши токтоду. Айрым баржалар металлга сатылып кетти.

“ШАМАЛДА 1300 ТОННА КӨМҮРДҮ КӨЛГӨ ТӨГҮП АЛГАНБЫЗ”

– Ар бир кесипте кыйынчылык болот. Эгер кесибимди сүйбөсөм, мынча убакыт иштебейт элем. Бул жумуштун деле кыйынчылыктары көп. Көлдө бороон катуу болот. Секундуна 25 метрге жеткен шамал болгондо көлдүн үстүндө толкундар 4 метрге чейин көтөрүлөт. Мындай шамалда каттамда бараткан баржанын тросстору үзүлөт. Аны кайра чиркештирип кулатпай сактап калыш керек. Эсимде, 1980-жылдары Балыкчыдан эки баржа менен жолго чыктык. Катуу шамал болуп, түндө Чок-Талга жетпей 1300 тонна көмүр жүктөлгөн баржа оодарылып кетти. Көмүр сууга төгүлдү. 700 тонна көмүр жүктөлгөн баржа калды. Мындай катуу толкунда эч нерсе кыла албайсың. Баржанын жанына баруу да мүмкүн эмес. Суу үстүндө жүргөндөн кийин мындай коркунучтар болуп турат, буга даяр болуш керек. Көл дайыма эле мемиреп тура бермек беле. Кайсы жактан шамал келет, кандай ыкма жасаш керек, мунун баарын ойлонуштуруп турабыз.

Бир кыз, эки уулум бар. Үй бүлөм деле жумушума көнүп калган, кызым, кемпирим, неберелерим келип турушат. Кемпирим "шамал болуп жатат, кайсы жердесиң?" деп сарсанаа болуп чалып турат.

“ИШ ЖОК КЕЗДЕ ЖУМУШУМДУ САГЫНАМ”

– Балыкчыдагы кемелер шагырап металлга кетип жатты. Мен алюминий, жезин тоноп кескилеп кетишпесин деп бул кемени 6 жыл кайтардым. Таштап басып кете алган жокмун. Бир күнү буга да кишилер келишти, жиним келди чынында. “Кескилеп металлга сата турган болсоңор, элди чогултуп, таяк менен кууйбуз” десем, “жок, биз кеспейбиз, байке, бул кемени оңдоп-түзөөдөн өткөрсөк болобу?” дешти. Кесибим ушул болгондон кийин жасаса болоруна көзүм жетип турду. 2016-жылы оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Жаңы тетиктерди, капталдап турганда сууну чарпуучу түзмөк, 100 киловаттык генератор койдук. Кыймылдаткычы алмашты, токардык станок орнотулду. Бул өзү 600 тонналык жүк ташычу. Жүк ташыган кемени жүргүнчү ташууга ыңгайлаштырып жасадык. Бул кеменин башын Турат Андашев деген жигит сактап калды. Ал жигит Алыкул Осмонов атындагы фонд менен иштешкендиктен кемеге Алыкул деп ат коюлган. Мен “Орустун Лермонтов, Пушкин деген кемелери бар, кыргызда Алыкул болсун, алмаштырбагыла” деп өз кеңешимди айттым. Ошентип кемени ишке киргиздик. Кеменин ачылыш аземине Алыкул изилдөөчү Памирбек Казиев келди. Ошондон бери элге кызмат кылып иштеп келе жатат. Жээктен тартып 5 чакырым жерге барып келгенибизге 1 саат кетет. Ылдамдыгы саатына 18 чакырымды түзөт.

Суу үстүндө жүрүп көнүп калыптырмын. Жашоомдун көп бөлүгү суу үстүндө өттү. Эл кемеге түшүп эс алат го, мен дайыма эс алуудамын (күлүп). Сезон жок мезгилде кадимкидей жумушумду сагынып калам. Көл жээкке келип турам. Азыр жигиттерди жаныма алып, аларга кеме башкарууну, иштин көзүн үйрөтүп жатам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-09-13 02:22:12
Дее соолукта болунуз. Оз кесибинизди суйуп, эл учун эмгек синирип коюпсуз.Бар болунуз!
0
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан