Жаңылай Кекеева, фотограф: “АТАКТУУЛАРДАН БИРИНЧИ ЖОЛУ ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВДИ ТАРТКАМ”

“Мындай тур. Жылмай. Во!” Ушундай сөздөрдүн коштоосунда кантип бул атмосферага кирип кеткениңди билбей каласың. Фотографтык кесиптин түрдүү жагдайын маектешим ачып бергенге аракет кылды.

– Жаңылай, канча убакыттан бери фотографсың?

– Кызыгып баштаганыма 4 жыл, толук түрдө бул кесипке өткөнүмө 3 жыл болду. Өзүм сүрөткө түшкөндү жакшы көрөм. Анан сүрөт тартып жүрдүм. Экинчи тарабы – эркин жумуш, күнү кечке кеңседе отурбайсың. Өзүңө өзүң маяна берип жүрө бересиң (күлүп). Үй-бүлөлүү адамга ыңгайлуу экен. Үчүнчү жагынан, өзүм кыймылдуу адаммын. Ар түрдүү адамдарды жолуктурам, тартып жаткан учурда кызыктуу окуялар болот, бир күнүм экинчисине такыр окшобойт.

– Фотограф башка адамдар көрбөгөн нерсени көрө алат дешет...

– Бардык жерден сулуулукту көрүп калдым. Мурун анча маани бербеген нерселерди көрө баштайсың. Адамда үчүнчү көз ачылган сыяктуу эле болот (күлүп). Бир жерди көрсөм “бул жерден сонун кадр чыгарса болот” дейм. Байкаганым, эркек фотографка караганда, аял фотографтар майда нерселерге көңүл бурат экенбиз. Сүрөткө түшүп жаткан адамдын ийинин түзөтүп, ичи чыгып калса аны кайсы бир деталь менен жапканга аракет кылып, экинчи ээктин чыгып калбашын көзөмөлдөйбүз. Эркектер кандай болсо ошондой тартат. Аялзаты болгондон кийин кардардын кайсы кемчилигин жапкысы келип жатканын билип алабыз.


– Кардарларыңдын көпчүлүгү аялдарбы же эркектерби?

– Аялдар. Эркектер фотосессия кылганды көп жактырбайт экен. Менин жолдошум да жактырбайт. Бирок аялзаты баары бир түгөйлөрүн алып келип алат (күлүп). Келгенден кийин эркектер ачылып башташат.

– Кайсы фотографтын эмгеги сага таасир берди?

– Максим Добрый деген фотограф бар, ошонун эмгеги жагат. Эмгектеринде жеңилдик бар. Бизден болсо Рафаэль Миннебаевдин эмгектерин баалайм.

– Бири-бириңер менен тажрыйба алмашасыңарбы? Мисалы, сүрөттү иштеп чыгуу (обработка) жагынан.

– Жок, бизде тажрыйба бөлүшпөйт. Башында билбей сурап алчумун, азыр билип калган үчүн сурабайм, менден да эч ким сурабайт. Эгер сырларын бөлүшүүнү кааласа, анда мектеп ачып, акчага үйрөтүшөт. Курстар дагы өтө кымбат болот. Мен интернеттен, анан курстарга барып үйрөндүм. Ар бир фотографтын жазуучунукундай өзүнүн “подчерки” болот. Ар кимдин өзүнүн стили бар. Бирөө динамикалуу чуркатып тартат, бирөө жасалмасыз тартат, бирөө портретти жакшы тартат. Эмгегин карап туруп ким тартканын билебиз. Ал тургай локацияны деле жашырышат. Мен деле бир жакшы жер таап алсам аны кумарым тарагыча тартып алмайынча эч кимге айтпайм.

– Сени таанып калыштыбы?

– Ооба, кардарларым “сен тарткан сүрөт экен” деп калышат.

– Атактуулардын кимисин тарткансың?

– Эң биринчи жолу фотосессияга чыкканым эсимде. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев чакырып, шакирттерине фотосессия жасаткан. Агайдын өзүн дагы тарткам. Атактуу адамдарды тарткым келбейт, анткени алар “капризный” болушат. Иштешүү кыйын, алар элге кынтыксыз көрүнгүлөрү келет. А мен жасалмасыз тарткым келет. Бирок таанып-билип жүргөндөрдү тартып келем. Мисалы, Гүлжайна Атаканова, Сардар Түркменовду тарткам.

– Келечекте ушул тармак менен кетесиңби?

– Ооба, башка дагы кызыккан иштерим бар. Бирок бул негизги тармагым. Окуп, тажрыйба топтоп, өзүмдүн мектебимди ачкым келет.

– Ийгилик, бийик чокуларды багынтышыңа тилектешпиз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан