«УГАРМАНДАР, ШААБАЙЫҢАР СУУБАСЫН!»

КТРКнын “Миң кыял FM” радиосу уюштуруп жаткан “Студенттик шпаргалка” аттуу концерт болбой калды. Бул тууралуу аталган радионун жетекчилери Назира Асанкожоева менен Тынчтыкбек Кожобеков баяндайт.

– Биздин радио 1 жашка чыкканда чоң концерт берген элек. Андан бери 3 жыл өтүптүр. Быйыл өлкөдө көп жагымсыз окуялар болуп кетип, эл маанайы жок отуруп калбадыбы. Ошого элдин көңүлүн көтөрөлү, угармандарыбыз менен тыгыз байланышта бололу деп 2 күндүк концерт уюштурганбыз. Болгондо да Студенттер күнүнө карата эле.
Бир канча убакыттан бери “концерт болот” деп гезит-радиодон жарыялап келгенбиз. Бизге Спорт Ордосунан 15-ноябрда чалып, эч кандай концерт өткөрүлбөй тургандыгын билдиришти. Өкүнүчтүүсү, 16-ноябрга 80 пайыз, 17-ноябрга 50 пайыз билеттер сатылып кеткен экен. Билет сатып алган окурман, күйөрман, угармандарга кайрылып, эмне себептен концерт болбой калганын түшүндүрүп коюуну туура көрдүк.
Бул эми саясий чечим болуп калды көрүнөт. Болбосо, көп жылдан бери жүздөгөн таланттардын өнөрүнө күбө болуп келген ыйык жай минтип темир торлор менен курчалып, Спорт Ордосу сот залына айланып калганы бир караган адамга кейиштүү эле көрүнүш.
Эми жалпы журтка кайрыларыбыз, билет алгандар, эч сарсанаа болбоңуздар. Биздин концерт ошол эле аталышта мыкты деңгээлде өтөт. Так датасын 3-4 күндүн ичинде чечип, жалпыга жарыялайбыз, күтө туруңуздар. Шаабайыңыздарды суутпаңыздар!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
freid
2010-11-21 12:19:49
Лажа! Алдын ала тактап койсо болбойт беле????
0
Elkata
2010-11-24 12:17:07
туура мен дагы кошулам эртерээк тактап койсо эле да э?Билет алып алгандар шаабайынырды суутпагыла эми жакшылыктын эртели кечи жок эмеспи,3-4 кундун ичинде чечилет турбайбы.
0
tina
2010-11-26 14:23:49
Ой-ба-аай!!! 80 пайыз билет сатылып кетиптир, дейби? Биздикилер качантан бери билетти эрте барып кассадан сатып алып калышкан. Мынча калп айтпаса эмне болушат.
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан