КОЙ (21.03-20.04)
Активдүү болуп чыга келесиз, андыктан жеке жашоого кенен убакыт калбайт. Иште куулук жана тил тапкычтык менен куралданып, кандай абал жаралбасын пайданы өзүңүз жакка оодарууну көздөңүз. Уруш, таарынуу болбошу үчүн сүйүктүүңүздү кайра тарбиялоого аракет кылбай, кандай болсо ошондой кабыл алуу туура. Алыстагы жакындарыңыз белек салып жиберишет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кыймылыңыз оор болуп, өзүңүздү сазда жаткандай сезип жатасызбы? Токтоңуз, ийиниңизде канча жүк көтөрүп жүрөсүз, ойлонуңуз. Мүмкүн, жүктүн жарымын иштегилер, үйдөгүлөр менен бөлүшөсүз? Туугандар тарабынан мактоо жана таарынычтарды угасыз. Айрымдар эмерек жаңыртышат. Колуңузга сиз болжолдогондон көп акча тиет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эс алуу же иш-чарага катышуу үчүн бир жактарга барып, пайдасы тийчү жаңы тааныштарды таап келесиз. Айрымдар оратордук курска жазылышат. Үйдө пайдасынан да түйшүгү көп маселени чечүү керек болот. Ашказанга күч келбеши үчүн жеңил тамактарга басым жасаңыз. Керектүү буюмду сатып алуу үчүн базар кыдырышыңыз ыктымал.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бирөөлөр менен баарлашууда ойлонуп сүйлөө керек. Сиздин сөздү өзүңүзгө каршы колдонушат же сатып кетишет. Жумуштагы кырдаал нервденүүгө жеткирет. Жетекчилик менен урушпоо үчүн иштен кечикпеңиз, ордуңузду таштап кетпеңиз. Үйдөгүлөр жумуштарды өздөрү эле бүтүрүп, сизге түйшүк арттырышпайт. Балдарга окуу куралдарын сатып бересиз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Көйгөйлөр да, иш да көп чыгат. Мисалы, айрым ишканаларда кызмат орундарда жылышуулар болсо, кээ бир компанияларга текшерүүчү органдар барат. Чарчоону жазуу, нервди калыпка келтирүү максатында дары ванна кабыл алыңыз же дары чөп чайын ичиңиз. Сүйүктүү адамыңыз кызыктай жүрүм-туруму менен ачууңузга тиет, бирок ал атайын жасабаганын эске алыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Айрымдар иштөө үчүн чет өлкөгө камынса, жаш түгөйлөр өз алдынча жашоо үчүн тууганынан бөлүнүп батирге чыгышат. Энергияны майда-чүйдөгө эмес, чоң иштерге жумшаңыз. Компьютердин маңдайында көп отургандарга окулистке текшерилип коюу сунушталат. Бир нерсени сатып алардан мурун ошол нерсенин сизге зарылчылыгы барбы, ойлонуп көрүңүз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиздин аралашууңузду талап кылган иштер чыгат. Жумушта жетекчиликти жамандаган сөздөрдөн алыс болуңуз, аларга жеткирүүчүлөр чыгат. Жакшы таанышыңыз болсо да карыз берүүдөн карманыңыз, убагында бере албай араздашып каласыз. Жолдо бут алдыңызды карап баспасаңыз уңкур-чуңкурга түшүп, бутуңузду кокустатып алууңуз ыктымал экенин эскертишет жылдыздар.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Көп иш бүтүрөм деп чуркап жүрүп ден соолугуңузга зыян келтирип албаңыз. Репутацияны бузуп албоо үчүн жеңил ойлуулуктан качуу керек. Каржылык жаатта алдоого баргандарды мыйзам алдында жооп берүү күтөт. Үй чарба иштеринде электрик же сантехниктин кызматы керек болот. Интернет сайт ачам деген планыңыз болсо киришиңиз, убактысы келди.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптадагы абал компромисстерге барып, жаман көргөн адамдар менен да эпке келип иштешүүгө аргасыз кылат. Тапканыңыз мурункудан көбөйүп баштайт. Абалын сурап тууганыңыздыкына барууңуз мүмкүн. Эски тааныштар менен мамилелер жанданып, жаңы идеяларга ээ болосуз. Кетирген катачылыгы үчүн бирөөлөр сизден кечирим сурашат. Дем алышта достор чөйрөсү өзүнө тартат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Тоскоолдуктардан тажрыйбага жана кеңештерге таянып чыгуу керек. Сыйлык алууңуз же карыздарыңызды кайтарып берүүлөрү ыктымал. Бүтпөй жаткан курулуш иштери барлар досторун жардамга чакырышат. Коомдук жайларда абайлабасаңыз бейтааныш адамдар менен чырдашып каласыз. Дем алышта үйүңүзгө кирип-чыккандар көп болот, баалуу нерселерди бекем катыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жылдыздар кеткен катачылыктарды анализдеп, жаңы пландарды түзүү үчүн сизге тыныгуу берген. Эми жеңди түрүп жашооңузду мындан да жакшыртуу үчүн киришиңиз. Бир орундан жылбай узакка иштеп келе жаткандар карьерадан көтөрүлүүгө аракет кылышса акыбети кайтат. Сүйүү романын курууга жетпеңиз, мамиле узарбайт, ал эми интригалар тынч койбойт. Өнөкөт оору козголбошу үчүн оор жумуштан жана күчтүү тамактан баш тартыңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Арты кандай болот деп жаңы нерселерге киришүүдөн чочулооңуз мүмкүн. Коркпой аракет кылыңыз, колдоо көрсөтүүчүлөр чыгат. Үйдө пикир келишпестик артта калып, каржы маселесин чечип, жаңы буюмдарды сатып аласыз. Айрымдардын хоббиси киреше алып келүүчү булакка айлана баштайт. Тойго же кечеге чакыруу аласыз, бирок күтүүсүз чыккан кабардан улам барбай калышыңыз ыктымал.