БИР БҮРКҮМ. КОРГОО МИНИСТРИ АЛМАШТЫ...

  • Парламентте Эсептөө палатасынын аудиторлорунун санын кыскартуу демилгеси көтөрүлдү.
  • Кыргызстанда 8 айда 1,3 миллион тонна көмүр казылганын “Кыргыз көмүр” ишканасы билдирди.
  • Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиковго улук лейтенант наамы ыйгарылды.
  • Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө ушул тапта 7 жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана бала бакчага барат.
  • Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды.
  • 2021-жылдын 8 айында өлкөдө 66 миллиард 131 миллион сом салык жыйналганы айтылды.
  • Сонунбек Жунусбаев Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
  • Парламенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө кошумча 8 добуш берүү тилкеси ачылганы маалымдалды.
  • Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бактыбек Бекболотов дайындалды.
  • Бишкекте бирөөнүн 12 миң долларын алдап алып, качып кетүүгө шектелип аял киши кармалды.
  • Депутат Айсулуу Мамашова жакшы иштебей жатат деп Улуттук онкология борборунун директорун кызматтан бошотууну сунуштап чыкты.
  • УКМК: Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин иши боюнча тергөө аяктаганы калды.
  • Түркия Кыргыз өлкөсүнө 150 миң доза Sinovac вакцинасын берери айтылды.
  • Башкы прокуратура: Бишкекте мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 92,5 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
  • Быйыл 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого 602 миллион сомго жакын каражат жумшалары күтүлүүдө.
  • Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовго дагы 3 айып тагылганын ИИМ билдирди.
  • Мирлан Жакыпов "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
  • Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шуликого президент Садыр Жапаров 500 миң сом тапшырды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан