МЕКТЕПТЕ 10 ЖЫЛ ИШТЕГЕН МУГАЛИМГЕ 1 МИЛЛИОН СОМ БЕРҮҮ СУНУШТАЛУУДА
Мектеп мугалимдерин колдоо жаатында жаңы демилге сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Абдывахап Нурбаев мектепте 10 жылдан ашык убакыт иштеген мугалимге 1 миллион сом төлөп берүүнү караган мыйзам долбоорун даярдап, документ коомдук талкууга коюлду. “Мугалимдин статусу тууралуу” мыйзам долбооруна окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен мугалимдерге 3 айдын маянасын төлөп берүү нормасы да киргизилип жатат. Демилгечилер мындай кам көрүү мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртат, мугалимдердин турак жай маселесин чечүүгө жардам берет, мугалимдик кесипке кызыгуу күчөйт деген пикирде. Сый акы берүүнүн жол-жобосун Министрлер кабинети аныктамакчы. Мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин парламентте талкууланат.
Белгилей кетсек, учурда мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 13 миң сомдун тегереги. Өлкөдөгү 2262 мектепте учурда 1,2 миллиондон ашык окуучу билим алууда. 83 633 мугалим иштеп жатканын айтышат демилгечилер.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.