ЧИНОВНИКТЕР "КЫШКА ДАЯРДЫК ЖАКШЫ" ДЕШТИ

Быйыл кыш мезгилинде жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бул тууралуу 8-сентябрда парламенттеги комитет жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Айтымында, бүгүнкү күнгө карата электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды оңдоп-түзөө иштеринин 80 пайызы бүттү.

Азыркы тапта Кыргыз мамлекети Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоп жатканы айтылды. Аталган өлкөдөн күнүнө 2,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы Өзбекстан аркылуу алынууда.

– Кудай буюрса, светти маал-маалы менен өчүрүү болбойт. График боюнча ГЭСте азыраак оңдоо иштери калды. Бөлүштүрүүчү компаниялар 1-октябрга карата иштерди бүтүрүшөт. Министрликте жыйын өткөрдүк, кышка даярдык жакшы,- дейт чиновник.

Эскерте кетсек, быйыл август айында Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2021-жылдын август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Мындан тышкары Түркмөнстандан жаратылыш газын экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылган, бул маселеде маалымат бериле элек. Азыркы тапта Кыргызстан жаратылыш газын Орусиядан алат. Учурда күйүүчү майга кошо жаратылыш газына да баанын тездик менен өсүп жатышы жарандар арасында нааразычылыкты күчөтүп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан