Тааный жүрүңүз
Ооба. Учурда эмне көп, ырчы көп дегенге биз деле кошулабыз. Арасында чын эле таланттуулары да, эптеп ооз кыймылдаткандары да бар. «Non-stop» дуэтин калайык кандай кабыл алат, ал өз эрки. Бирок алардын аткаруусундагы “Почему?” аттуу ырдын жаштар арасында кеңири жайылганы Чолпон менен Максаттын шоу дүйнөгө ишенимдүү кадам таштаганынан кабар берет.
Максат, 18 жашта.
Бишкек шаарында туулуп-өскөн.
Учурда Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайдын 3-курсунун студенти.
Үй-бүлөдө эрке бала. Эки эжеси бар.
Чолпон, 20 жашта.
Кант шаарында туулуп-өскөн.
Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун 2-курсунун студенти.
Үй-бүлөдө 4 кыздын улуусу.
– Чолпон, ырчылыкка кокустан келип калгансыңбы же...
– Былтыр жай айында “Тумар” радиосу “Super star” аттуу долбоор баштады. “Таланттуу жаштарды сынакка чакырабыз” дегенди угуп кызыгып калгам. Анан телевидениедеги бир берүүдөн ырчы Урмат Усенов бул долбоор тууралуу кеңири айтып, билет ойноткон эле, ошону мен утуп алдым. Барып катышып, 1-турдан да, 2-турдан да өтүп кеткем.
– Максат, сен кантип топко кирип калдың?
– Мен долбоор тууралуу укпай эле, группалаш эки досум “ушундай долбоор бар экен, катышабыз” дегенинен алар менен чогуу келгем. Сыртта досторумду күтүп отуруп мен да кызыгып кетип, катышууну чечтим. Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгенмин” аттуу ырын ырдагам. Үнүм, ырдаганым калыстарга жакса керек, жеңишке жеттим. Анан ушул долбоордун жыйынтыктоочу концертине 22 улан-кыз топ-топ болуп бөлүнгөн элек. Чолпон экөөбүз Урмат Усеновдун командасында болчубуз. Урмат байке менен биргеликте “Non- stop” аттуу ырды ырдап тушообуз кесилген.
– Эмне үчүн топтун атын “Non-stop” койгонсуңар?
– Биздин продюсерибиз Алексей Сидоров жана менеджерибиз Эрик болуп сүйлөшүп отуруп, “биринчи ырыбыз “Non-stop” болду. Анын үстүнө “non-stop” сөзү “токтобостон” деген маанини берет эмеспи. Ошондуктан токтобой шыр кетели” деп ушул ат менен чыгып калганбыз.
– Кимден сураба, “кичинемден эле ырга шыктуу болчумун...” деп айта берет. Силерчи?
Чолпон: – Ооба, баары эле ошенте беришет го. Апам каржы жаатында эмгектенген үчүнбү, эс тартып калганда мен да апамдай болом дечүмүн. Мектепке баргандан кийин телерадио тармагына тапшырсамбы деген тилек пайда болду.
Максат: – Бул суроо мага түптүз эле келип тийди го. Себеби мен да бакчадан эле ырдай баштагам. 16 жашымдан бери кафеде ырдайм. Музыкалык окуу жайга да өз күчүм менен өтүп кеткем.
– Ыр жаздырып, клип тарттырган кандай экен? Эмнеси менен эсиңерде калды?
Чолпон: – Биз чыгармачылыкка эми кирише баштабадыкпы. Оңой көрүнгөнү менен, ыр жаздыруу деле бир топ түйшүк экен. “Почему?” деген ырыбызды жаздырарда түнкү саат 11ден 3кө чейин кайра-кайра ырдоого туура келди.
Максат: – Клибин Көлдөн тарттырганбыз. Ал да кызык болду. Клиптин соңунда мен балкондон боюмду таштайын дегенде Чолпон кармап калат эмеспи. Ошол жери мен үчүн абдан кооптуу эле. 5-кабаттын балконунун кырында калтырап турам. Артымды карасам, Чолпон чуркап келатат. Кыскасы, клип үчүн балкондун кырында өмүрдү тобокелге салганга туура келди. Андан кызыгы, дал ошол клип тарттырган мейманканадан Чолпон экөөбүз чыгып келатсак, ал жердеги коопсуздук кызматкери колумду кайрып жетелеп кетти. Көрсө, биздин номердин кулпусунун кагазы түшүп калган экен, алар мени алдамчы деп ойлошуптур. Кийин клип тартуучу топ келип, күнөө мейманкананын кызматкерлеринде экенин далилдешти. Ошондо гана алар бизден кечирим сурашты. Биз кечирбей койдук, ээ, Чолпон?
– Биздин медиа-порталга жүктөлгөн ушул ырыңарга сын-пикирлер жазылууда. Бири “кыз үнүн кысып ырдаптыр” десе, дагы бири “жигит кызды сүйөт окшойт” дейт...
Чолпон: – Сындан биз өсөбүз. Азыр Максат экөөбүз вокалдан, бийден сабак алып жатабыз.
– Байкасам, экөөңөрдүн ортоңордо жакшы мамиле бар сыяктуу. Эмнеге болбосун дейм да, кечке жетелешип чогуу жүрсөңөр...
Максат: – Чолпондун колунан жетелейин десем эле, колун бербейт го тартынып.
Чолпон: – Ооба, сага...
Максат: – Эмне болуптур, биздин ортобузда сый, достук, анан бир аз сүйүү бар. Ошентип, жазсаңыз болобу? Мынакей, айтып салдым!
Чолпон: – Эртеңки күн эмне болуп кетерин эч ким билбейт да. Шашпай турсаң болмок.
– Рахмат, экөөң элге жаккан ырларды аткара бергиле, жетелешип.
Бурул Исмаилова
star@super.kg