Парламентте активдүү, өз позициясы бар депутаттардын бири – Аида Касымалиева. Эл өкүлү менен Жогорку Кеңеш, саясий турмуш, аялдардын укугу, улуттук маданият жаатында баарлаштык. Аида айымдын ойлору кайдыгер калтырбады...
– Саламатсызбы, Аида айым? Депутаттыкка киришип жатканда “аялдардын укугун коргоо маселесине басым жасайм” деген элеңиз. Бул жаатта абал жакшы эмес. Көйгөйдүн тамырын кыркууга эмне тоскоолдук кылып жатат?
– Саламатчылык. Бизде үй-бүлөлүк зомбулукка, ала качууга каршы, балдарды коргоо боюнча жакшы мыйзамдар бар, болгону ал иштебей жатат. Себеп – элдин социалдык-экономикалык абалынын начардыгы, коомдогу аң-сезимдин аялдарга, үй-бүлөгө болгон түзүлүшү туура эмес. Ажырашуулар, алимент төлөтө албай жүргөн айымдар көп. Маселенин баары үй-бүлөлүк институттан чыгып, мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйгө айланууда. Дагы бир объективдүү себеп бар, бул – миграция. Ата-эне балдарын таштап, Орусияга барып иштөөгө мажбур. Ата-эненин тарбиясы жок, мээримге тойбой, өксүк менен чоңойгон баланын толук кандуу инсан болушу кыйын экен. Аялдарга болгон зомбулук, балдардын жетиштүү тарбия албай жатышы, баары чогулуп бир айсбергге айланып жатат. Бул айсберг өлкө экономикалык жактан өнүгүп, элдин жашоосу оңолсо эримек.– Парламенттин өзүндө, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын квотасы сакталбай, сакталса да талаш-тартыш менен коштолуп келет. Ушул көрүнүштү көйгөйдүн күзгүсү десек болобу?
– Аялдарга саясатта квота берилсин, гендердик тең салмактуулук сакталсын деп бекеринен күйүп-бышып жаткан жокпуз да. Бул маселе биринчи сурооңуздун уландысы. Аялдар коомдогу социалдык көйгөйлөрдү ичинен билет, жон териси менен сезет. Эмнеге аялдар саясатка активдүү аралашуусу керек? Кээде саясатта жүргөн, коомдук иштерге аралашкан эже-сиңдилер менен баарлашып калам. Аялдар саясатка жаратмандык алып келет. Алар коррупцияны азайтат. Социалдык көйгөйлөр – бул суу чыгаруу же мектепти оңдоо эмес. Аялдар боорукерлик менен инсандык деңгээлдеги маселелерди чечет. Бала толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюшу керек, билим алышы керек деген маселелерди аял киши көтөрөт. Аялдар саясатка келбесин дегендик – бул архаикалык аң-сезимдин белгиси. Мен андай адамдарга абдан таң калам.– Депутат катары сиздин кайсы демилгеңиз, жазган мыйзамыңыз сыймыктантат? Же “ушул ишти жасадым” деп ичтен өзүңүзгө ыраазы болосуз?
– Жергиликтүү кеңештерде милдеттүү түрдө аялдарга 30 пайыздык квота берилсин деген демилгем. Бул менин гана демилгем эмес, Кыргызстандагы бардык активдүү аялдардын салымы. Ушул мыйзамды жиреп өткөрүп, азыр жемишин көрүп жатабыз. Айылдык кеңештерге аялдар да шайланууда.
– Журналист, депутат, вице-төрагалык кызмат... Карьералык өсүш адамдын кулк-мүнөзүн кайсы бир деңгээлде өзгөртөбү?
– Ооба, саясатта ар бир адам өзгөрөт экен. Бир аз жабык, токтоо болуп өзүңдү чектеп калат экенсиң. Бир нерсени айтайын деп баратып, анын кесепети тууралуу ойлоносуң, башкалар кандай кабыл алат болду экен деп карманасың. Токтоолук пайда болот. Бул эми жакшы сапатпы, жаманбы, айта албайм, бирок мүнөздүн өзгөрөрү анык.– Акыркы жылдары саясаттагы кайсы окуя сизди таасирлентти?
– Саясатта мени иренжиткени, көпкө чейин жан дүйнөмдү кыйнаганы – адамдардын сатып кетмейи. Бүгүн бирди сүйлөп, эртеси 180 градуска бурулуп, такыр башка жээкте сүзүп жүргөн адамдарга таң калам. Саясат ыплас дешет, ошол ыпластыкты адамдар жасап жатпайбы. Мен журналист катары 2005-2010-жылдары саясий окуяларды активдүү чагылдырып жүргөм. Саясатта өз позициясы жок, болсо да анысын коркуп айта албай жүргөн адамдар көп болсо, Кыргызстандын өнүгүшү татаал болот.
– Октябрь окуяларында аягына чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тарапта болдуңуз. Ал киши менен азыр байланышып турасызбы?
– Ооба, адам катары байланышыбыз үзүлгөн жок. Ар бир майрам сайын, маанилүү окуяларда бири-бирибизди куттуктап, сүйлөшүп турабыз.
– Акыркы жолу маектешкенде “күндөлүк жазмай адатым токтоп калды, кайра баштайын деп жатам” дедиңиз эле. Баштай алдыңызбы?
– Жок, тилекке каршы, күндөлүк жазууну баштай албай койдум. Саясатта жүргөндө оюң бир жерде болбойт. Жумуш көп, көбүнчө стресс абалда, бир нерсени ойлонуп тынымы жок ритмде жашайсың.
– Журналистиканы, жазганды, экранды сагынасызбы? Кантсе да ичте күчтүү көрөңгө жатат да...
– Албетте, сагынам, журналистика менин күнүмдүк жашоомдо бар. Мисалы, эл алдына чыгып жыйындарда, сессияларда сүйлөгөндө журналисттик ыкма менен текст жазасың, редакциялап чыгасың, дикция менен иштейсиң. Мен документалдуу тасма тартууну жакшы көрөм. Учурда “Инсан” коомдук фондун ачып, анын алкагында этно-фольклордук “Маданият мунарасы” деген долбоор баштадык. 17-сентябрда Өзгөн шаарында “Өзгөн мунарасы-2021” фестивалы өтөт. Биздин мурасыбыз, маданиятыбыз, тарыхыбыз боюнча кыска видеороликтер тартылды, элге жеткирүү иштерин баштадык. Башкы максат – тарыхый мурастарга көңүл буруу, сактап калуу жана даңазалоо.
– Фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Караханид доорунан калган Өзгөн мунарасы жана күмбөздөр даңазаланат, баа жеткис мурастарыбыз боюнча элге маалымат жеткирилет. Иш-чарада күрүч фестивалы, аш фестивалы, гала-концерт, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү камтылган, программасы кызыктуу. Фестивалды өткөрүүгө каржы жагынан колдоо көрсөткөн Курманкул Зулушев, Элмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Канат Маматов, Алмаз Алиев, Иманалы Кочкорбаев деген кыргыздын мырзаларына ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары фестивалга эл аралык коноктор келет. Түрк кеңешинин төрагасы Багдад Амреев, ЮНЭСКОдон келишет, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) депутаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө.
– Кыргыз эли акырындык менен кайрадан улуттук баалуулуктарга ыктап баратканы байкалат. Бул жакшы тенденцияга эмне себеп болууда деп ойлойсуз?
– Быйыл эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Башыбыздан оор сыноолор өттү. Биз тарыхыбызды, тилибизди, маданиятыбызды даңазалап ала жүрбөсөк, эл катары идентификациябызды жоготуп коёбуз. Азыр этно-мода, айтыш өнөрү, айтор, кыргыздын улуттук баалуулуктарына басым жасалып жатат. Эмне үчүн өз баалуулуктарыбызга кайтып жатабыз? Анткени бул нерседен өзүбүздү таанып, таап жатабыз.
– Парламенттик шайлоого катышасызбы?
– Катышсамбы деп турам, партиялардан сунуштар түшүп жатат. Бир мандаттуу округдан аттануу да кызык, бирок ага абдан чоң каржы ресурсу керек. Ошондуктан азыр ойлонуп турган чагым.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева