ТАП, ТАП, ТАБЫШМАК, АТАКТУУНУН АТЫН ТАП

Бул жолу сүрөт баян тартуу кылалы дедик. Кыргызга аты чыккан инсандардын кичине кездеги сүрөттөрү назарыңыздарда. Сүрөтүн карап туруп алардын атып тапканга аракет кылыңыз. Төрт сап ыр менен образын ачып сиздерге жардам бергенге аракет кылабыз.

Кыргыздан чыккан көй кашка,

Айтышты сүрөйт ар чакта,

Эмгегин арнап элине,

Элчилик кылат бул тапта. (1)



Булбул үнүн эшитпей,

Буралып гүл ачылбайт,

Гүлгө дагы нурду кош,

Ошондо сыры ачылат. (2)

Жылмайып жүзү нурданса,

Токчулуктун белгиси,

"Күлүп кой" деп ырдаса,

Бардык элдин дарысы. (3)



Тасманы тартып катыра,

Кыргызды сүрөйт алдыга,

Атанын алып эки атын,

Даңалазайт баарына. (4)



Айдын дагы кызы бар,

Асел деген аты бар,

Аткарган ролун тааныйсыз,

Раймаалы сүйгөн Бегимай. (5)



Бороондуу күндө төрөлүп,

Сахнада жүрүп өнүгүп,

Дагы бир сырын ачайын,

Сакадай бою сары алтын... (6)



Боло турган жигиттин,

Жүрөгүндө оту бар,

Чоң апанын эркеси,

Чоңоюп азыр ырчы ал. (7)

1.Садык Шер Нияз. 2.Гүлнур Сатылганова. 3.Гүлнара Тойгонбаева. 4.Актан Арым Кубат.
5.Асел Эшимбекова. 6.Борончу Кудайбергенов. 7.Тотомидин Жолдошев

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ala.too.456
2021-09-18 21:25:23
Сонун жазылыптыр
0
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан