БААРЛАШУУНУН 9 ЭРЕЖЕСИ

Сүйлөшүү ар бирибизге керек. Иш табууга, кызматташууга, оюбузду билдирүүгө, айтор, жашообуздун бардык тармагында керек нерсе. Анда анын 9 эрежесин билип алсаңыз ашык болбос.

1. Жаныңыздагы адам менен сүйлөшүүгө чын дилден кызыкдар экениңизди билдириңиз. Сыпайычылык үчүн ал-жайды сурамыш этип жатканыңыз билинип калат, баарлашуунун даамы качат.

2. Сүйлөгөндү эмес, укканды билген адам баалуу. Биринчи баарлашып жаткан адамыңыздын оюн толук угуп туруп, анан өз пикириңизди айтканыңыз туура.

3. Сизге керек нерсени так, кыска, таасирдүү айтканга үйрөнүңүз. Бир нерсени узартып кооздоп отурсаңыз, баштапкы айтайын деген ойдон четтеп кетесиз. Узун-сабак кептин ордуна кыска, бирок бутага таамай атылган сөз сыйлоону пайда кылат.

4. Сынды абайлап айтыңыз. Бир сынды айтуу үчүн өзүңүздүн кемчилигиңизди айтып, “менде да ушундай болгон, сен муну кылсаң туура болбой калат” деген мааниде айтсаңыз сынды кабыл алуу жеңил болот. Адамдын өзүн эмес, анын кылыгын сындоо туура. Мисалы, “сен жоопкерчиликсиз адам экенсиң” дегендин ордуна “сен убадаңды аткарбай койдуң” деген туура.

5. Ишенимдүү, жылуу тон менен сүйлөгөнгө аракет кылуу керек. “Жылуу сөзгө жылан ийининен чыгыптыр” деген сөздү эстеңиз. Текебер, буйрук берген, катуу чыккан үн баарлашууга терс таасир берет. Жетекчи болсоңуз да, жөнөкөй кызматкер болсоңуз да маңдайыңыздагы адамга сылык сүйлөө керек.

6. Башка бир адамдын ийгилигин көргөнгө, аны мактоого даяр болуңуз. Ичи тардык кылбай, “кыйынды кыйын деш керек” деген кепти эстеп, маңдайыңыздагы адамды мактай алсаңыз, эмкиде ал дагы сиздин ийгилигиңизди көрө алат.

7. Сүйлөшүүдө агрессияны, бирөөнү күнөөлөгөндү, жаман сөздөрдү колдонуудан качыңыз.

8. Жылмайып сүйлөшүңүз. Жылмайган адамды көргөндө мээге “баары жакшы” деген сигнал кетет. Андыктан жылмаюу менен адамды жоошутуп алып, анан кандай темада болсо да баарлашууну уланта бериңиз.

9. Адамдын көзүнө карап сүйлөшкөн дурус. Көз адамга сөздөн биринчи белги берет. Көзүнө карап сүйлөсөңүз, баарлашуу кызык жана ишенимдүү болот.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kurbanalieva1991
2021-09-17 21:46:25
Окуп көңүлгө түйүп алдым. Мен көбүнчө бирөөнүн оюн акырына чейин укпай эле,жооп беришке шашам..
0
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан