Секс – бул искусство. Эгер өзүңүздүн интимдик жашооңуздун “өмүрү кыска” болуп калышын каалабасаңыз, анда анын негизги “душмандарын” билүүңүз шарт.
БИРИНЧИ ДУШМАН – бул мээге сиңип калган чектүүлүк. Андыктан, фантазияны иштетип, ар кандай позаны ойлоп табууда эч ким сиздин жолуңузду тоспойт. Эң негизгиси, ал түгөйлөрдүн экөөнө тең рахат тартууласа болду.
ЭКИНЧИ ДУШМАН – алкоголь. Ичкиликти көп ичкендер интимдик жашоо менен эрте кош айтышат. Айрыкча пиво сүйүүчүлөрүнүн арасында импотенттикке чалдыккандар көп кездешет. Сексуалдык жактан канааттануу албаган аялдардын көпчүлүгүнүн күйөөлөрү ичкич экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Ал эми сыртка чыкпай, топтолуп калган сексуалдык энергия аялды нерв ооруларына алып келээри бышык.
ҮЧҮНЧҮ ДУШМАН – тамеки. Тамеки кан тамырлардын жыйрылуусуна алып келет. Демек, башка органдар менен катар эле эркектин мүчөсүнө да кандын барышы татаалдашат. Илимий фактыга таянсак, импотенттердин 87 пайызы тамекиге катуу берилгендер болуп эсептелинет. Тамекинин аялдарга тийгизген терс таасири да дал ушундай эле. Тамеки чеккен аялдардын сезгичтик сапаты азайып кетет.
ТӨРТҮНЧҮ ДУШМАН – кофе. Бул суусундук түрүн ашыкча көп пайдалануу кан тамырлардын ичкерип кетишине жеткирет. Бул болсо эркектин бел суусунун бат түшүп калышына алып келет. Аялдарда болсо жүрөктүн кагышынын ылдамдашын чакырат.
БЕШИНЧИ ДУШМАН – дары-дармек. Дары-дармек бирөөлөрдүн дарыланып, оорусунан сакайышына жардам берсе, бирөөлөрдү алсыратат. Айрыкча эркектер кан басым, диабет оорулары үчүн ичкен дарыларды дозасынан ашыкча ичип алуудан абайлаш керек. Аялдар антибиотиктерди колдонууда этият болуулары зарыл.
АЛТЫНЧЫ ДУШМАН – төшөк оюнуна механикалык мамиле жасоо. Эгер секске спорт сыяктуу мамиле кылсаңыз, башкача айтканда, сиздин төшөк оюнуңуз жөн гана кыймыл-аракет менен чектелсе, бир күнү болбосо бир күнү бул нерседен тажайсыз.
ЖЕТИНЧИ ДУШМАН – ашыкча семирүү. Денеде май канчалык көп болсо, төшөк оюнун ишке ашырууда ошончолук көп күч жумшалат. Семиз адамдар тепкичтен чыкканда же башка жумуш кылганда кыйналышкан сыяктуу эле булар үчүн төшөктөгү «иш» да чоң эмгекти талап кылат.