Тамга, ырчы: “МЕН ҮЧҮН АПАМДЫН СӨЗҮ МЫЙЗАМ”

“АПАМ КҮЧТҮҮ, ЭРКТҮҮ АЯЛ”

– Апам Бүүбатма Сейитматова 48 жашта. Биз 4 бир тууганбыз. Атам 5 жашымда каза болуп калган. 4 балага жакшы тарбия берип өстүргөн апамды мен күчтүү, эрктүү аял деп айтмакмын. Атам өтүп кеткенден кийин бизди өзү багып чоңойтту, өмүрүн толук бизге арнады. Материалдык жактан камсыздоо менен чектелген жок. Мээримин төгүп, жылуулук да бере алды. Кандай кыйынчылык болбосун дайыма жаныбызда болуп, колдоо көрсөтүп турат. Апамдын айтканындай кылсак, дайыма туура чыгат. Ошондуктан анын сөздөрү биз үчүн мыйзам. Апам түшүнүктүү, жөнөкөй, боорукер, берешен, токтоо, өз чөйрөсүндө шайыр жүргөн, позитивдүү көз караштагы адам. Апабыз биз үчүн өзгөчө.

Кичинемден тарта менин жол көрсөтүүчүм болду. Мен бир орунда тура албаган, энергиялуу кыз болгон экенмин. Апам болсо менин кызыгууларыма карап, кайсы ийримге баргым келсе, баарына алып барчу. Акчадан кыйналып жатса дагы менин каалоомо каршы чыкчу эмес. Ошентип жүрүп өзүмдү музыкадан тапкам. Бул дагы апамдын эмгеги.

“КОЛДОО СӨЗДӨРҮ ЖҮРӨГҮМДӨ”

Жашым жете электе эле мектепке бара берчү экенмин. Ошондуктан 5 жашымда эле мектепке берип коюшкан. Өзүбүз жашаган Алайдын Терек айылында 1-класска баргам. Ал жакта 2 жыл окудум. Ошондо эле иш-чараларга катышчумун. Тоолор курчап турган Терек айылында кайдан саркеч кийинмек элек? Бирок апам эски кийимдерин, ар кандай маталарды топтоп, мага сонун кылып кийим тигип берчү. Мага эле эмес, ким менен сахнага чыга турган болсом, аларга да тигип берчү.

7 жашымда борборго көчүп келдик. Апам иштеп жумуштан колу бошочу эмес. Бирок дайым жанымда боло албаса да, анын колдоо сөздөрү жүрөгүмдө болчу. Ошондуктан анын тилектерин актайын деп кандай ишти колума алсам да жакшы жасаганга аракет кылчумун.

“АТАМДЫН ДА РОЛУН АТКАРДЫ”

– Апам бизди өз оюбузга койчу. Бирок туура эмес иш жасасак, “сага андай жарашпайт. Туура эмес жол менен тапкан акча жукпайт” деп айтчу. Атам таланттуу адам болгон экен. Атамды мисал кылып көп айтчу. “Атаңардын атын тепселебей, тескерисинче, анын атын даңазалаган, “Айбектин балдары мындай жакшы иш кылышыптыр, жакшы билим алышыптыр, жакшы балдар экен” деген сөздөр ээрчиген балдар болгула” деп бизге чоң жоопкерчилик илген. Ошондуктан баарыбыз туура жолдо жүргөнгө аракет кылабыз. Апамдын “эмоция менен чечим чыгарба” деген кеңеши дайым эсимде, ошол кеңешин дайыма колдоном.

Апам менин эң жакын курбум. Сырдашам, баарын ачык айта алам, кеңешем. Апама ишенгендей эч кимге ишене албайм. Кандай күн болбосун жанымда болчу, эч качан алдабаган, мени дайым ойлоп, чын дилинен жалаң жакшылык каалап турган адам апам гана деп билем. Биз үчүн апам атамдын дагы ролун аткара алды.

“АПАМ КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛЫП...”

– Мектепти бүтүрүп жаткан кезде концерт уюштурулган. Мен бардык концерттерге катышчумун. Анда да ырдап чыкмакмын. Ырды бир жыл жаттасам керек эле. Ошондо апамды аяп, “апа, эч нерсе кереги жок. Акча кетирип бир нерсе алып берем дебеңиз” дегениме карабай базарга алып барып көйнөк алып берген. Мен да дайыма кымбат кийимдерди тандайм да. Анда да сонун мага жаккан көйнөктү алып берген. Ошондо ырдаганымда апам көзүнө жаш алып, башкача сезимдерге кабылыптыр. Мага да “сонун ырдадың” деп айткан. Ушундай учурларды көп эстейм. Апам кыйын учурларда ыйлабайт, бактылуу учурда ыйлайт. Азыр атым чыгып, сыйга татып калганымды көрүп кубанат. “Кызым, сени менен сыймыктанам. Сен жөнөкөй кыз эмессиң. Мен гана эмес, бүткүл кыргыз сыймыктанган кыз бол” деп айтып, батасын берип турат.

“КӨП ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ”

– Апамдын жашоосунда көп жоготуу болду. Жаш кезинде 4-5 жылдын ичинде апасынан, атасынан, анын артынан атамдан айрылып калыптыр. Мындан тышкары менден улуу Айжамал деген кызы болуптур. Ал да 8 айлык кезинде чарчап калган экен. Ошентип жашоодон көп сокку жеген.

Апамдын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү кайгыларын бөлүшкөнгө аракет жасайбыз. Бирок апам дайым позитивдүү, күчтүү адам дебедимби, ал кайгынын баарын коё берип, “канча адам жоготсом дагы өмүр мага 4 баламды белек кылып берди” деп айтат. Азыр биз чоңоюп баарын түшүнүп калдык. Кичүү иним 18 жашка чыкты. Апабызды кубантып, анын биз үчүн жасаган эмгегин актагыбыз келет. Жашоонун татаал жагын эмес, жакшы жактарын көрсөткүбүз келет.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alym21
2021-09-13 23:14:25
Уну укмуш да Тамганын,апасы да татынакай экен,жаш корунот экен.Омуру узун болсун,сыйынарды корсун.
+3
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан