ФУТБОЛ: УЛУТТУК КУРАМ “ҮЧ УЛУТ КУБОГУН” ЖЕҢДИ

“Кыргызстанга жаңы стадион керек...” Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы "Үч улут кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында Палестина жана Бангладеш өлкөсүнүн курамасы менен беттешти. Оюндар Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Башкы машыктыруучу Александр Крестинин бул оюндарда көбүрөөк жаш футболчуларга басым жасады. Жалпы 10 футболчу улуттук курамга чакырылып, улуттук курамадагы алгачкы оюндарын өткөрүштү.

Алгач 2-сентябрь күнү Кыргыз курама командасы Палестина курама командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Беттештеги жалгыз голду улуттук курама командада дебют жасаган футболчу Азим Азаров биринчи таймдын 25-мүнөтүндө жаратты.

Оюнга жалпы 14 500гө жакын күйөрман келип, "Ак шумкарды" укмуштуудай сүрөп турду.

5-сентябрда Палестина курама командасы менен Бангладеш курамасы оюн талаасында кез келди. Оюн 2:0 эсебинде Палестинанын пайдасына жыйынтыкталды.

7-сентябрда Кыргыз өлкөсү–Бангладеш беттеши күйөрмандардын башын бириктирди. Оюн кызуу өтүп, 4:1 эсебинде “Ак шумкардын” жеңиши менен аяктады. Элдар Молдожунусов, Алимардон Шүкүров, Турсунали Рустамов жана Бахтияр Дүйшөбеков гол жарата алышты.

Бул оюнду стадиондон көрүү үчүн өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, коомдук ишмер Аскар Салымбеков келди.

Өлкө башчысынын стадионго келгенин уккан күйөрмандар улам-улам “Кыргызстанга жаңы стадион керек” деп кыйкырып жатышты.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан